Жан Воинов менен Айым Айылчиева тартылган тасма 27-апрелде көрсөтүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане
Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасманы Казакстандын дагы кинотеатрларында көрсөтүү пландалып жатат.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Интернетке белгилүү бийчи Жан Воинов менен досу Миша Ем Испаниянын Барселона шаарында тарткан "Все только начинается" тасмасынын трейлери жарыяланды.

Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жан Воинов: Крис Браун менин видеом менен бөлүшкөнүн досумдан уктум
Тасмада башкы каармандардын ролун Жан Воинов менен ырчы Айым Айылчиева жараткан. Ошондой эле Казакстандан бир катар белгилүү адамдар катышкандыгы тууралуу айтылууда.

Окуянын көпчүлүгү Барселона шаарында өтчү тасманын тартыла баштаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине былтыркы жылдын декабрь айында Жан Воинов өзү билдирген.

Маалыматка караганда, тасманы Казакстандын дагы кинотеатрларында көрсөтүү пландалып жатат.

Ал эми Кыргызстанда премьерасы 27-апрель күнгө белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0