Ак Илбирс улуттук кино сыйлыгы. Архив

"Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгы: "Ата керээзи" 8 номинация боюнча мыкты аталды

223
(жаңыланган 17:38 15.04.2017)
Жалпысынан 18 номинация боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылган.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. "Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгынын жеңүүчүлөрү 14-апрелде аныкталып, сыйлоо салтанаты "Манас" кино театрында өттү.

Аталган иш чара Маданият маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментинин, КР кинематографисттер союзунун, "Айтыш" коомдук фондусунун жана Кинематографияны өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен уюштурулган.

Сыйлыктардын көбүн "Ата керээзи" тасмасы алды. "Эң мыкты тасма" номинациясы да аталган тасмага ыйгарылды. Ошондой эле "Мыкты режиссер", "Мыкты сценарий", "Мыкта оператор", "Мыкты художник", "Мыкты монтаж", "Эркектин мыкты ролу" номинациялары боюнча да мыкты деп табылды.

Ал эми "Мунабия" тасмасы "Мыкты композитор", "Мыкты үн режиссер", "Аялдын мыкты ролу" номинациялары боюнча жеңишке жетти.

"Көрөрмандардын купулуна толгон мыкты тасма" номинациясына "План Б" киносу ээ болду.

"Мыкты даректүү тасма" деп "Жашыл жазда кыялдарым" тасмасы аталды.

"Мыкты кыска метраждуу тасма" сыйлыгы "Олжо" кинокартинасына берилди.

"Борбор Азиянын мыкты актеру" наамы "Маймылдын түшү" (Тажикстан) тасмасында роль жараткан Баходур Миралибековго ыйгарылса, "Борбор Азиянын мыкты актрисасы" деп "Күздүн таржымалы" ("Подробности осени") (Өзбекстан) тасмасында каармандын образын ачып берген Феруза Саидова табылды. "Борбор Азиянын мыкты тасмасы" номинациясында "Энеге карай жол" (Казакстан) фильми ээ болду.

Белгилей кетсек, "Улуттук кинематографияга кошкон зор салымы үчүн" атайын сыйлык эл жазуучусу, драматург, сценарист Мар Байжиевге тапшырылган. Андан сырткары "Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн" атайын сыйлык түркмөн кинорежиссеру, сценарист Ходжакули Нарлиевге берилген. 

223
Белгилер:
сыйлык, кино, "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгы
Тема:
"Атанын керээзи" — өмүр, өлүм жана туулган жер жөнүндөгү тасма (40)
Тема боюнча
"Кентавр" тасмасы Франциядагы беш континенттин фестивалына чакырылды
"Манас" кинотеатрынын алдына "Даңк аллеясы" ачылмай болду
Манас эпосу. Архив

"Манас" эпосунун казак тилиндеги жаңы котормосу чыкты. Өзгөчөлүгү

96
(жаңыланган 22:44 24.09.2020)
Автор буга чейин Казакстанда басылып чыккан төрт томдук котормо эл арасында сейрек кездешерин жана балдарга анча түшүнүксүз экенин айткан.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Белгилүү манасчы Баянгали Алимжанов "Манас" эпосунун казакча котормосунун жаңы версиясын тартуулады. Бул тууралуу "Казинформ" жазды.

Ага ылайык, 40 жылдан бери манас айтып келген Алимжановдо эпосту өз версиясында которуу идеясы былтыр жаралган.

Анын айтымында, казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун жетекчилиги алдында басылып чыккан төрт томдук котормо эл арасында сейрек кездешет жана балдарга анча түшүнүксүз.

Жолдошов: "Манас" кара сөз менен жазылса 500-600 китеп топтому чыкчудай

Алимжанов 100 миң сапты түшүнүү окурманга оңой эмес экенин белгилеген. Ошондой эле Кыргызстанда балдар үчүн "Манастын" бир томдугу чыкканын айта кеткен.

"Мен "Манасты" 67 күндүн ичинде толугу менен которуп бүттүм. Китептин өзгөчөлүгү — эпостун эң күчтүү, көркөм, поэтикалык үзүндүлөрү Манастын рухун чагылдырган прозада баяндалган. Эпосту кыскача, келечек муундарга түшүнүктүү тилде бергим келди. Манасты ар бир манасчы өзүнчө айтат. Эпостун сюжети бирдей болгону менен түрдүүчө берилет", — деген Алимжанов.

Китептин бет ачары Нур-Султандагы "Достук" үйүндө өткөн.

96
Белгилер:
котормо, Манас эпосу, Кыргызстан, Казакстан
Тема боюнча
"Боз кырдын ойгонушу: Чыңгыз Айтматов". Залкарга арналган китеп түрк тилинде чыкты

Имараты жок көчөдө калган дымагы күч артисттер. "Туңгучтун" таберик сүрөтү

137
(жаңыланган 15:02 24.09.2020)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Туңгуч жеке театрынын чыгармачыл тобунун сүрөтү 1990-жылы Бишкек шаарында. Архив
© Sputnik / Александр Федоров.

Өлкө аймагында алгачкылардан болуп ачылган "Туңгуч" жеке театрынын чыгармачыл тобунун сүрөтү 1990-жылы Бишкек шаарында тартылган.

Биринчи катарда турган КРдин эмгек сиңирген артистери Мурат Мамбетов менен Асылбек Өзүбеков, экинчи катарда Тынара Абдразаева, Эгемберди Чалабаев, Жаркын Балыкбаева, Каныбек Бекбатыров, үчүнчү катарда Момун Койсойбосов, Кыргыз Республикасынын эл артисти Мукамбет Токтобаев жана анын байбичеси Жандат Жаманбаева, төртүнчү катарда актер Тилек Жумагазиев менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова отурат.

Арсен Өмүралиевди атасындай көргөн шакирттер. Таберик сүрөт

Ал жылы борбор калаада жаңы театр ачылып, маданият кызматкерлери республиканын аймактарына спектакль, концерт коюп чыга баштаган.

Ошол учурду театр жана кино актеру Мурат Мамбетов мындайча эскерет:

"Кыргыз мамлекеттик драма театрынан бөлүнүп чыгып, санаалаштар менен "Туңгуч" деген жеке театрды ачканбыз. Көптөгөн кыйынчылыктар болгон. Биринчиден, өзүбүздүн имаратыбыз жок болгондуктан көчөдө калганбыз. Ошондо СССРдин эл артисти, Кыргызстандагы театр ишмерлер союзунун төрагасы Чолпонбек Базарбаев өзүнүн имаратын бизге берген. Экинчиден, өз алдынча, өкмөттү карап отурбаган театр болгондуктан каржы жагынан кыйналып калдык. Анан биздин чыгармачыл топ Жеңишгүл Өзүбекованын "Апамдын махабаты", "Карагыз" деген эки спектаклин, бир концерттик программасын даярдап гастролго чыга баштадык. Анын аркасы менен акча таап, 90-жылдардын башындагы кыйын учурларда үй-бүлөбүздү, бала-бакырабызды бактык. Ал жылдары колубузда кыйраткан деле техника жок болчу. Башында театрыбызга эл анча маани берген эмес, биз көк беттенип эле аракет кылып жүрдүк. Кээде гастролдо автоунаанын майына жана өзүбүздүн жатаканабызга жеткидей эле акча таап калчубуз. Бишкекке акчабыз жок эле келген учурлар болгон. Кийин кайда барбайлы, спектакль, концерттерибиз аншлаг менен өтүп жүрдү. Бир жолу Ош шаарында эле 13 күн катары менен концерт койдук, күн сайын эл толуп калчу. Ал эми айылдарга барганга убактыбыз жок болуп калган", — деди Мамбетов.

"Мугалимим, биринчи сүйүүм, балдарымдын атасы". "Ак кемедеги" таберик сүрөт

Ошондой эле КРдин эмгек сиңирген артисти театр экономикалык жактан кыйналып, мөгдүрөп калган элдин духун көтөрүүгө салым кошконун айтат.

"Ошол кезде эл эмне кыларын билбей кыйналып, кражалып турган. Өкмөт дагы өзүнүн бутуна оңгулуктуу тура элек эле. Кайгыга, толгон-токой маселеге чөмүлгөн эл биздин концертти көрүп жыргап кетчү. Ал жылдары каржынын жоктугунан улам гостролго чыккан артисттер деле аз болчу. Көпчүлүгү акчанын тартыштыгынан эл аралай албай калган. Биздин артисттер ал эмгектин, талаалап жүргөн учурдун жыйынтыгын, жемишин көп жылдан соң көрүштү", — деп кошумчалады Мамбетов.

"Жылаңач" эпизодго Москвадан кыз алдырып... Асел Эшимбекованын таберик сүрөтү

Эске сала кетсек, "Туңгуч" театрын белгилүү актриса, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова ачкан. Аталган жаштар театры учурда өлкө ичинде гана эмес, чет мамлекеттерге дагы өз өнөрүн тартуулап келет.

137
Белгилер:
таберик сүрөт, артисттер, Жамал Сейдакматова, Мурат Мамбетов, "Туңгуч" театры, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Арсен Өмүралиевди атасындай көргөн шакирттер. Таберик сүрөт
"Жылаңач" эпизодго Москвадан кыз алдырып... Асел Эшимбекованын таберик сүрөтү
Ош облусунун жашоочулары. Архивдик сүрөт

Аймактарда коронавирус көп катталууда. Себебин жергиликтүү дарыгерлер түшүндүрдү

68
(жаңыланган 23:25 25.09.2020)
Коронавирус боюнча статистиканын төмөндөгөнүнөн бир ай өтпөй өлкөдө кайра илдет илештирген жаңы учурлардын саны өсүп баштады. Азыркы тапта коронавирус көп аныкталып жаткан аймактарда абал кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

Акыркы эки күндүн ичинде Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны кескин өсүп кетти. Кечээ 127 адамдан COVID аныкталса, бүгүн Республикалык штаб 175 адам вирус жуктуруп алганын кабарлады. Статистикада жазылгандай, ооругандардын басымдуу бөлүгү аймактарда.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы коронавирус көп катталып жаткан аймактардагы абалды билип, жергиликтүү дарыгерлер менен сүйлөштү.

Ош облусу

Өткөн суткаларда коронавирус Кыргызстандын түштүк аймактарында көп катталган. Алсак, 25-сентябрга карата Ошто 50 кишиден вирус табылды. 31-август менен салыштыра турган болсок, ал күнү аталган аймакта алты гана кишиден коронавирус табылган.

Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчиси Асамидин Марипов коронавирустун белгилери менен ооруканага кайрылгандардын саны көбөйгөнүн белгиледи.

Директор Ноокатской территориальной больницы Асамидин Марипов
© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КР
Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын жетекчиси Асамидин Марипов
"Акыркы жумада кайрылгандардын саны өстү. Биз болжонуп жаткан экинчи толкунга оорукананы даярдап, дары-дармектин корун камдадык. Бирок маселе башкада. Азыр мурдагыдай алгоритм жок. Анда эпидиликтөө жүргүзүлүп, оорулуу менен байланышта болгондун баарын таап, обсервацияга жаткырчу. Мындай жол менен илдеттин жайылышын аз да болсо алдын алганбыз. Азыр оорулуу менен байланышта болгондор табылган күндө деле үйдө изоляцияга жөнөтүлүүдө. Бирок аны канчасы аткарып жатканын кайдан билебиз. Айрымдар эрежелерди эске алып да койгон жок", — деди Марипов.

Анын айтымында, райондогу оору жуктургандардын үчтөн эки бөлүгү үйдөн дарыланып жатышат. Калгандары ооруканага жаткырылууда. Марипов мамлекет үй карантинине жиберилгендерди көзөмөлдөө үчүн бийлик натыйжа берген ыкмаларды ойлоп табышы керектигин кошумчалады.

Өпкө жабыркай баштаганда алгач кандай белги берет? Адистин жообу

Жалал-Абад облусу

Өткөн сутканын ичинде Жалал-Абад облусунда 22 кишиден коронавирус аныкталган. Ошол эле мезгилде 10 киши дартты жеңгени айтылды. Белгилей кетсек, март айында өлкө ичинде биринчилерден болуп дал ушул аймактан коронавирус катталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин аталган аймактагы координатору Замира Чойбекова бийлик азыр стационарлар менен мобилдик бригадалардын ишин кайра жандантуу боюнча маселени карап жатканын билдирди.

"22 учурдун 10у лабораториялык жактан такталды. Бактыга жараша, алардын ичинен тогузунун абалы орто жана жеңил формада өтүүдө. Бир бейтап болсо ооруканадан дарыланып жатат. Пневмонияга кабылган 12 адам дагы ооруканага жаткырылды. Азыр базар, дүкөндөр иштеп, тойлор башталгандыктан, адамдар вирусту кайдан жуктуруп алганын билбей калып жатышат", — деди Чойбекова.

Ал коронавирус жуктуруп үйлөрүнө дарыланууга кеткен бейтаптарга дарыгерлер бардык инструкцияны түшүндүрүп жатканын айтып, бирок аларды дайыма көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк жок экенин кошумчалады.

"Оорунун очогу деле боло элек. Ар кайсы айылдан бирден-экиден кишиде вирус табылып жатат. Эгер алардын үй-бүлөсүндөгү бирөө жарымдан вирус чыкса, анда алар изоляция эрежесин сактабай эле жүргөндөн кабар берет", — деди министрликтин аймактагы координатору.

Баткен облусу

Эгер Баткен облусундагы калктын саны менен карай турган болсок, кооптуу кырдаал дал ушул аймакта байкалууда. Анткени бир сутканын ичинде эле Баткенде 41 кишиден коронавирус табылганы маалымдалды.

Экинчи толкун башталдыбы? COVID боюнча дүйнөдөгү азыркы абал

Баткендеги санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Асел Кошбаеванын айтымында, аймакта коронавирус менен ооругандар көп.

"Облус боюнча ар бир короону текшерип жатабыз. Мисалы, Кадамжайда 1 202 киши медициналык кароодон өткөрүлүп, анын 27синин дене табы жогору экени аныкталды. Коронавирустун белгилери байкалганда ооруканага өздөрү кайрылгандар бар, айрымдар үйлөрүнөн эле дарыланып жатат. Оорулуу адамдар менен байланышта болгондордун арасынан да коронавирус табылып жатат. Буга чейин биз бийликке ири базарларды жабуу сунушун киргизгенбиз, бирок ал аткарылган жок",— деди Кошбаева.

Ал эпидемиологдор азыркы кырдаалды эске алып, облусту карантиндик зоналарга бөлүп, чектешкен жерлерине блокпостторду коюуну көздөп жатканын кошумчалады.

Бишкек мэриясы: эки гипермаркет шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда

Өлкөдө коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганына байланыштуу, Ысык-Көл облусунун бийлиги бет кап тагынуу режимин күчөтүү чечимин кабыл алды. Бишкекте да санитардык көзөмөл күчөгөнүн мэрия жар салды.

Мындан сырткары, коронавирус жуктурган жаңы учурлар көп каттала баштагандыктан бүгүн Республикалык штаб шашылыш жыйын өткөрдү.

68
Белгилер:
экинчи толкун, статистика, дарт, оору, аймак, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
КРде пневмония кайрадан баш көтөрүүдө. Акыркы суткадагы сандар