Кыргыз элинин салттуу оюндары ЮНЕСКОнун тизмесине сунушталат

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк-бөрү улуттук ат оюну. Архив
Көк-бөрү улуттук ат оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгени Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов сунуштаган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргыз элинин салттуу оюндары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасынын тизмесине сунушталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган маселе Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин талкуусуна коюлуп, демилгени Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов сунуштаган.

Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү кызыгына түшкөн улакчылар. Чолпон-Атадагы ат оюндан алынган ирмемдер
"ЮНЕСКОнун репрезентативдик тизмесине киргизүү үчүн "Көк бөрү – салттуу ат оюну" номинациясы Кыргызстандын атынан сунуш кылынган. Мындан улам "салттуу оюндар" түшүнүгүн мыйзамдаштыруу зарылдыгы жаралууда. Кыргызстан ири эл аралык спорттук иш-чаралардын демилгечиси болуу менен спорттун улуттук түрлөрүн жана салттуу оюндарды, элдик салттарды өнүктүрүү жана өркүндөтүүнүн үлгүсү болуп калды. Буга 2014 жана 2016-жылдары өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну далил", — деп жазылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда комитеттин колдоосуна ээ болду. Эми бул маселе парламентте каралмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0