Кыргызстандык үч наристе Максим Галкиндин шоусун дүңгүрөттү

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүXIV Ежегодная национальная телевизионная премия в области популярной музыки "МУЗ-ТВ 2016. Энергия будущего"
XIV Ежегодная национальная телевизионная премия в области популярной музыки МУЗ-ТВ 2016. Энергия будущего - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жети жаштагы Нурмухамед өзүнүн кумири Брюс Ли сыяктуу нунчакты чимирилтсе, беш жаштагы эгиздер Айпери менен Нурпери өздөрүнүн бийи менен интернет колдонуучуларынын алкышына татыган. Алар тартылган программа жакында ОРТ каналынан көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандык Нурмухамед Ташмаматов, эгиздер Айпери жана Нурпери Тургуналиевалар Россиянын ОРТ каналындагы "Лучше всех" таланттар шоусуна тартылды. Жакында бул программа каналдын эфиринен көрсөтүлөрүн балдардын ата-энелери Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Максим Галкин алып барган бул программа 3 жаштан 12 башка чейинки өзгөчө таланты бар балдарды коомчулукка алып чыгат.

А вот и Галкин😛

Публикация от Nurmuhammed Tashmamatov (@ip.man_nurik) Апр 17 2017 в 11:03 PDT

"Программа жогорку деңгээлде тартылды. Жакында Кыргызстанга келип калабыз", — деп эгиз кыздардын апасы Наргиза Сулайманова кошумчалады.

Ата-энелеринин айтымында, долбоордун авторлору менен алып баруучу кыргызстандык наристелердин талантына суктанып, жогорку баа беришкен.

Эсеп чыгарып жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акылдуу балдар: 6 айында тамга тааныган Раим, 11 секундда кубик чогулткан Чыңгыз
"Телешоу качан көрсөтүлөрүн бизге айтышкан жок. Аны жакынкы чыгарылыштарда берсе керек деп ойлоп жатабыз", — деген пикирин Нурмухамеддин атасы Асылбек Урманов билдирди.

Нурмухамед төрт жашынан тарта каратэ менен машыгып, учурда сары курдун ээси. Ал эми эгиз кыздар Айпери менен Нурпери Нооруз майрамы учурунда бийлеген бийинен кийин калың журтка таанымал болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0