Британиялык киночулар Султан Раевдин сценарийи боюнча тасма тартышты

© Sputnik / Айша КамиловаВ Оше состоялась премьера спектакля "Барсбек"
В Оше состоялась премьера спектакля Барсбек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Даректүү кино май айынын аягында Лондон шаарында көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Британиялык кинематографисттер драматург Султан Раевдин сценарийи менен документалдык фильм тартуу иштерин аякташты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына драматург өзү билдирди.

Уроженка Кыргызстана Жаныл Асанбекова, сыгравшая роль в популярном телесериале Кухня - Sputnik Кыргызстан
"Кухняга" тартылган "Айнура": француз режиссерунун тасмасына оңой эле өтүп кеттим
Анын айтымында, Раевдин нарындык Гүлгаакы Исаева аттуу аялдын аянычтуу, бирок үлгүлүү болорлук  жашоосу тууралуу жазганын окуган британиялык кинематографисттер бул тууралуу даректүү тасма тартууну чечишкен.

Раев Гүлгаакы Исаева жөнүндө Германияда жүрүп, эл аралык уюмдардын биринен укканын айтып берди.  Кыргызстанга кайтып келгенден соң ал аялды издеп тапкан. Жакында эле күйөөсүн кайтыш болуп калыптыр.

"Эже өзү оорулуу экенине карабай, көп жыл мурда энеси таштап кеткен майып баланы багып алган экен. Азыр уулу 23 жашта, андан тышкары эки баласы бар. Турмушу жупуну, бирок анысын эч кимге милдет кылбай, өз күнүн өзү көрүп келет. Бул эжеде адамгерчилик, мээнеткечтик, ыйман сыяктуу улуу сапаттардын бардыгы чогулган. Британиялыктар да ага адам катары жогору баа беришти", — деди Раев.

Маалыматка караганда, документалдык тасма май айынын аягында Лондон шаарында көрсөтүрөт.  Ал эми Кыргызстанда күз айларында көрсөтүлөөрү күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0