Интернетте топ жарган НурЧолпон Бакуда өткөн ири сынакта экинчи орунду багындырды

© Фото / Марат Зарипбек уулуКыргызстандык ырчы НурЧолпон Азербайжандын Баку шаарында өткөн эл аралык Youthvision – 2017 музыкалык сынагында экинчи орунду багындырды
Кыргызстандык ырчы НурЧолпон Азербайжандын Баку шаарында өткөн эл аралык Youthvision – 2017 музыкалык сынагында экинчи орунду багындырды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар арасындагы эл аралык Youthvision – 2017 музыкалык сынакка 19 өлкө катышып, кыргызстандык ырчы "Эркиндик" аталышындагы автордук ырын аткарган.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы НурЧолпон Азербайжандын Баку шаарында өткөн эл аралык Youthvision – 2017 музыкалык сынагында экинчи орунду багындырды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине ырчынын апасы жана продюсери Мейликан Эмилбекова билдирди.

© Фото / Марат Зарипбек уулуКыргызстандык ырчы НурЧолпон Азербайжандын Баку шаарында өткөн эл аралык Youthvision – 2017 музыкалык сынагында экинчи орунду багындырды
Кыргызстандык ырчы НурЧолпон Азербайжандын Баку шаарында өткөн эл аралык Youthvision – 2017 музыкалык сынагында экинчи орунду багындырды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстандык ырчы НурЧолпон Азербайжандын Баку шаарында өткөн эл аралык Youthvision – 2017 музыкалык сынагында экинчи орунду багындырды
© Фото / Марат Зарипбек уулуАталган сынакта кыргызстандык ырчы сөзү Кудрет Тайчабаровго, обону өзүнө таандык "Эркиндик" аталышындагы чыгарманы аткарган.
Аталган сынакта кыргызстандык ырчы сөзү Кудрет Тайчабаровго, обону өзүнө таандык Эркиндик аталышындагы чыгарманы аткарган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Аталган сынакта кыргызстандык ырчы сөзү Кудрет Тайчабаровго, обону өзүнө таандык "Эркиндик" аталышындагы чыгарманы аткарган.
1/2
Кыргызстандык ырчы НурЧолпон Азербайжандын Баку шаарында өткөн эл аралык Youthvision – 2017 музыкалык сынагында экинчи орунду багындырды
2/2
Аталган сынакта кыргызстандык ырчы сөзү Кудрет Тайчабаровго, обону өзүнө таандык "Эркиндик" аталышындагы чыгарманы аткарган.

Аталган сынакта кыргызстандык ырчы сөзү Кудрет Тайчабаровго, обону өзүнө таандык "Эркиндик" аталышындагы чыгарманы аткарган.

© Фото / Нуржигит КазакбековКыргызстандык ырчы НурЧолпон
Международный музыкальный конкурс Youthvision-2017 в Азербайджане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык ырчы НурЧолпон

"НурЧолпон чет элдик конкурстарга биринчи жолу катышып жатат. Кызыбыз 20га жакын өлкөнүн ичинен суурулуп чыгып, ийгилик жаратып жатканына сүйүнүп турабыз. Болгондо да автордук ыры менен ушундай ийгиликке жеткени биз үчүн чоң сыймык. Бул кызыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө эргүү берет", — деди Эмилбекова.

Ошондой эле ал, НурЧолпонго атайын сертификат жана 2000 доллар акчалай сыйлык тапшырылганын кошумчалады (НурЧолпондун аткаруусун 1 мүнөт 18 секкунддан баштап көрө аласыздар).

"Youthvision – 2017" жаштар арасындагы эл аралык музыка сынагы быйыл экинчи ирет өткөрүлүп жатат. Ага 14төн 35 жашка чейинки ар өлкөнүн ырчылары катыша алат.

Sputnik Азербайжан аталган сынакка Улуу Британия, Грузия, Россия, Казакстан, Сербия, Финляндия жана Италия өңдүү 19 мамлекеттен келген ырчылар катышканын жазып чыкты. Ошондой эле үчүнчү орунду молдовалык Ирина Драко, экинчини кыргызстандык НурЧолпон, баш байгеге грузиялык Мариаль Акоба ээ болгону айтылат.

Нурчолпон Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды аяктаган. Ал буга чейин фортепиано, гитара жана комузда кол ойнотуп, чет элдик жана ата мекендин ырларды жандуу үн менен аткарып интернет колдонуучулары арасында популярдуулукка жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0