Мейман тосууга даярданып жаткан аялдар. Архив

Мейманчылыкка байланыштуу 7 "болбойт"

2476
(жаңыланган 14:33 26.04.2017)
Конок айтып келбейт, өлүм сурап келбейт деген кыргызда жакшы сөз бар. Элибиз конок кайсыл убакта келип калаарын билбей эле ар дайым ага камылга көрүп, баарын даярдап коё турган."Киши-кара келип калса" деп сары майынан тарта сыйга кие турган кийим-кечесине чейин сандыгына сактап баарына белен турат.

Каныбызга илгеритеден сиңип калган конок тосуу каадасы бүгүнкү күндө да өз ордун жогото элек. Мындан улам, Sputnik Кыргызстан агенттиги мейман тосууда үй ээлерине жасоого болбой турган нерселерди сураштырып, салтыбызга саресеп салды.

Кокустан келген конокту кодулабайт. Үйүңүзгө кокустан, айттырбай бирөө келип калса эч качан кодулап "эмнеге келдиң?" деген суроону бербеш керек. Ата-бабалар сырттан жолоочу келип калса, аны тааныбаса да сыйлап үйүнө түнөтүп колунан келген тамагын берип жөнөткөн.

Келген конокту үйдөн даамсыз чыгарбайт. Үйүңүзгө шашылыш бирөө келип калган учурда да ага жок дегенде нан ооз тийгизүү керек. Бул элибиздеги жазылбаган мыйзам.

Конокту босогого отургузбайт. Сырттан келген кишини кыргыздар ичкери киргизип, ал тургай төргө өткөргөн.

Кырчын жайлоосундагы театралдык көргөзмө. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коноктун көзүнчө үй ээлери урушпайт. Жубайлардын ортосунда пикир келишпестик болуп кеткен учурда да келген кишилердин көзүнчө бири-бирин кагып-силкип, ажылдашып урушпаш керек. Бул учурда конок өзүн ыңгайсыз сезет. Ошондой эле сырттан киши келгенде балдарын да уруп-сабаганга болбойт.

Кетик идишке тамак куюп бербейт. Сынык идишке тамак берүү өтө уят көрүнүш. Негизи эле үй ээлери да өздөрү кетик идишке тамак ичкен эмес. Бул адам ырыскысынан кем болуп калат деген маанини туюндурган.

Үй ээлери үңкүйүп отуруп алып жеке жумуштары менен алектенбейт. Келген кишини каратып коюп үй жыйнап, же башка жумушу менен алек болгон адам конокту жактырбай жаткандай түр калтырат.

Коноктон аянбайт. Мейман Кудайдын адамы деп айтылат. Андыктан, конок келгенде дасторконду жайып, колдон келишинче аларга жакшы сый-урмат көрсөтүү эзелкиден калган мурас, милдет болуп саналат.

2476
Белгилер:
мейман, конок, каада-салт, Кыргызстан
Тема:
"Болбойт" рубрикасы (83)
Тема боюнча
Жамандык, өлүм-житимге байланыштуу 15 "болбойт"
Жубайларга байланыштуу 11 "болбойт"
Дасторкон четиндеги 10 "болбойт"