Жакында "Балерина" китеби балдарга тартууланат

© Фото / Александр ФедоровКыргыздын белгилүү балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева. Архив
Кыргыздын белгилүү балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Балерина" — бийге кызыккан кичинекейлер үчүн эмес, дегеле мекени, анын таланттуу атуулдары, эмгек, өжөрлүк туурасында билгиси келгендер үчүн жазылган эмгек.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жакында кичинекейлерге арналган кыргыздын туңгуч балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева туурасындагы "Балерина" деп аталган китептин бет ачары болот. Бул туурасында Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Балет жана сүйүү. Бүбүсара Бейшеналиеванын белгисиз сүрөттөрү
"Балерина" — бийге кызыккан кичинекейлер үчүн эмес, дегеле мекени, анын таланттуу атуулдары, эмгек, өжөрлүк туурасында билгиси келгендер үчүн жазылган эмгек. Китепте кичинекей Бүбүсаранын жашоосун, анын бийди кандай жакшы көргөндүгүн, талбаган аракетинин артында атактуу бийчи болгондугу балдардын тилинде баяндалган.

Андагы сүрөттөр кичинекейлер гана эмес, чоңдорду да кайдыгер калтырбайт.

Китептин автору — Нурия Шагапова. Ал эми аны жарыкка чыгарууга Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги көмөк көрсөткөн.

Иш-чара 3-майда Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык училищесинде өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0