"Победили вместе" фестивалына эки кыргыз тасма чакырылды

Жазылуу
Даректүү фильмдердин жана телепрограммалардын "Победили вместе" фестивалы Севастополь шаарында 14-20-майда өтөт.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. "Победили вместе" эл аралык фестивалына быйыл кыргызстандык режиссерлор Адилет Каржоев менен Рысбай Садыковдун даректүү тасмалары катыша турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Кинематографты колдоо фондусунан билдиришти.

Адилет Каржоевдин "Рахмат, дарыгер!" тасмасы фестивалдын алкагында даректүү тасмалардын "Отражение" сынагында көрсөтүлөт. Эмгектин башкы каарманы — белгилүү хирург Эрнст Акрамов.

Апамды издеп тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Апамды издеп" тасмасы 30-апрелден тарта АКШда көрсөтүлө баштайт
Ал эми сынактан тышкаркы "Киношколы" программасына Рысбай Садыковдун Чыңгыз Айтматовдун өмүрү тууралуу "Айтматовун сабактары" фильми илинген. Бул тасмага жазуучунун карындашы Роза Айтматова менен кинорежиссер Геннадий Базаров тартылды.

"Победили вместе" эл аралык фестивалы быйыл 13-жолу Россиянын Севастополь шаарында өтөт. Ал экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетишкен өлкөлөрдүн эрдигин даңазалаган даректүү тасмалар менен телепрограммалардын сынагы.

Иш-чара быйыл 14-20-май күндөрү өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0