Түштүк Кореялык кыз. Архивдик сүрөт

Ош шаарында корей маданиятынын айы өткөрүлөт

47
(жаңыланган 20:58 12.05.2017)
Корей маданиятынын айын өткөрүүнүн алкагында кинолор көрсөтүлүп, ыр, бий сынагы уюштурулат. Андан сырткары, ОшТУда корей тили боюнча оратордук мелдеш өткөрүлөт.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров 27-апрелде Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Жонг Бёнг Ху менен жолугуп, Ошто корей маданиятынын айын өткөрүү боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Аскаров Ош шаарында корей тилин өздөштүргөн жаштар арбын экендигин айтып, маданият айы ийгиликтүү өтө тургандыгын кошумчалады.

Өз кезегинде элчи Жонг Бёнг Ху билим берүү, айыл-чарбасын өнүктүрүү багытында түрдүү долбоорлор, семинарлар ишке ашып жаткандыгын билдирди. Ошондой эле мындан ары экинчи борбор шаарда да элчилик тарабынан түрдүү иш-чаралар уюштурулуп турарын белгиледи.

Корей маданиятынын айын өткөрүүнүн алкагында кинолор көрсөтүлүп, ыр, бий сынагы уюштурулат. Андан сырткары, ОшТУда корей тили боюнча оратордук мелдеш өткөрүлөт.

47
Белгилер:
Ош, Корея, Ош мэриясы, сынак
Тема боюнча
Акыркы коңгуроо 25-майда кагылат. Бүтүрүүчүлөргө шаан-шөкөт өткөрүүгө тыюу салынды

Вулкандын күлү баскан унаадан акваланг кийген Аяз атага чейин. Сүрөт түрмөк

84
  • Вулкан изилдөөчүлөрдүн айтымында, дал ушул жаракадан Пальма аралында лава чыккан. Ал 19-сентябрда башталган. Азыркы күндө 1,1 миң гектардан ашык аянтты каптап, жети миңден ашык адам эвакуацияланган, 2,7 миң имарат талкаланды
  • Футбол боюнча Аргентина курама командасынын жана франциялык ПСЖ клубунун чабуулчусу Лионель Месси Европада эң мыкты футболчу деп табылып, France Football журналынын Алтын топ сыйлыгына татыды. Месси муну менен өзүнүн рекордун жаңылап, футболдогу эң абройлуу жекелик сыйлык деп саналган Алтын топту жетинчи жолу алды
  • БШК башчысы Нуржан Шайлдабекова алдын ала жыйынтык боюнча Жогорку Кеңешке өтпөй калган саясий партиялардын тарапташтары уюштурган митингде сүйлөп жатат. Шайлдабекова митингге чыккандар менен жолугуп, БШК сайтында добуштар саналып жаткан чакта автоматтык эсептөө системасында кеткен мүчүлүштүктөр үчүн кечирим сурады. Ата Мекен, Социал-демократтар, Улуттар биримдиги жана Азаттык партиялары кайра шайлоо өткөрүүнү жана министрлер кабинетин отставкага кетүүсүн талап кылышкан
  • 2021-жылдын 4-декабры. Антарктидадагы Polar Union мөңгүсүндө турган адамдар күндүн толук тутулушуна күбө болуп жатышат
  • 2-декабрда Ангела Меркель 16 жылдык карьерасынан соң Германиянын канцлери кызматынан расмий түрдө кетти. Анын урматына Берлинде салтанаттуу азем уюштурулду. Мындай салт XVI кылымда башталган. Салтанат дайыма кечинде өтөт, улуттук гимн жана марш сыяктуу бир нече музыкалык чыгармалардан турат. Мындан тышкары, шам чырактар жагылат
  • Ырчы Рианна Барбадостун улуттук баатыры сыйлыгын өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда президент Сандра Мейсондун колунан алды. Сентябрдын аягында Барбадостун парламенти Конституцияга монархиялык башкаруу формасынан баш тартып, өлкөнү республикага айландырууга мүмкүндүк берүүчү түзөтүүлөрдү киргизген. Ал бир добуштан колдоого алынды. Дээрлик бир айдан кийин арал генерал-губернатор Сандра Мейсонду алгачкы президент кылып дайындоо үчүн добуш беришкен. 29-ноябрда ал ант берип, мамлекетти жетектей баштады
  • Жөө баскан киши Стамбулдагы катуу бороондо оодарылып кеткен кеменин жанынан өтүп бара жатат. Стамбулда жана өлкөнүн түндүк-чыгышындагы эки провинциядагы кырсыкта алты адам каза болгону маалым. Мындан сырткары, чатыр сыныктарынан 46 киши жаракат алган. Шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде саатына 130 чакырымга жеткени маалым болду
  • Даджабондо (Доминикан Республикасы) тоокторун шаарга алып бара жаткан киши
  • Бангкоктогу (Таиланд) Motor Expo көргөзмөсүндө модель кыздар Porsche Carrera GTS автоунаасын жандап турушат
  • Кабул шаарында (Афганистан) апта сайын жума намаздан кийин салттуу күрөштүн түрү боюнча мелдеш өткөрүлөт
  • Беларусь менен Польшанын чек арасындагы Брузги өткөрмө бекетиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу борборунда аял намаз окуп жатат
  • Модель Жордан Данн Лондондогу Fashion Awards 2021 сыйлыгын тапшыруу салтанатынын кызыл килеминен өтүп бара жатат. Редакторлор, стилисттер, сатып алуучулар жана мода басма сөзүнүн өкүлдөрүнөн турган британиялык Мода кеңеши жыл сайын бул сыйлык менен мода индустриясынын мыктыларын сыйлайт
  • Түштүк Кореянын Сеул шаарында жаш кыз океанариумда Санта Клаустун кийимин кийген суучулдун сүзүп жатканын карап жатат
  • Бразилиянын Бротас шаарында арыктаган жапайы буйволдорго ыктыярчылар жем берип жатышат
  • Сергек жана жигердүү жашоо образына үндөгөн активист кыштын биринчи күнүнө арналган Сибирдин аппак пляждары акциясында Обь дарыясында сүзүп бара жатат
  • Индонезиялык киши Семеру жанар тоосу атылгандан кийин күл астында калган жүк ташуучу унаасын казып чыгарганы жатат. Ишемби күнү башталган вулкандын күлү Чыгыш Явадагы жакын жайгашкан айылдарды каптап калган. Жергиликтүү тургундар дүрбөлөңгө түшүп качып кетишкен. Кеминде 13 адам каза болуп, жүзгө жакыны жаракат алганы айтылды
  • Иерусалимдеги Дөөт (Давид) мунарасында турган Аалам сулуусу сынагынын катышуучулары
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон эң кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.

Пальма аралында (Испания) Камбре Виеха жанар тоосунун атылышы уланууда. Ал 19-сентябрда башталган. Натыйжада 1,1 миң гектардан ашык аянтты лава каптап, жети миңден ашык адам эвакуацияланган, 2,7 миң имарат талкаланды.

Футбол боюнча Аргентина курама командасынын жана "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Лионель Месси Европада эң мыкты футболчу деп табылып, France Football журналынын "Алтын топ" сыйлыгын алды.

Берлинде (Германия) өлкөнүн канцлери кызматынан расмий түрдө кеткен Ангела Меркелди узатуу салтанаты өттү.

Түркияда катуу бороон-чапкын катталып, алты киши мерт болду. Урагандан, имараттардын чатыр сыныктарынан 46 киши жаракат алган. Бороон-чапкындын ылдамдыгы саатына 130 чакырымга жеткени айтылды.

Беларуста миграциялык кризис уланууда. Качкындар Беларусь менен Польшанын чек арасындагы "Брузги" өткөрмө бекетиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кабул шаарында (Афганистан) апта сайын жума намаздан кийин салттуу күрөштүн түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп жатат.

Бразилиянын Бротас шаарында ыктыярчылар арыктаган жапайы буйволдорду багышкан.

Новосибирск шаарында (Россия) кыштын биринчи күнүнө карата "Сибирдин аппак пляждары" акциясы өттү.

Лондондо (Улуу Британияда) Fashion Awards 2021 сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Индонезияда Семеру жанар тоосу атыла баштады. Анын күлү Чыгыш Явадагы жакын жайгашкан айылдарды каптап, жергиликтүү тургундарды дүрбөлөңгө салган. Кеминде 13 адам каза болуп, жүзгө жакыны жаракат алды.

Иерусалимде (Израиль) "Аалам сулуусу" сынагы өттү.

84
  • Вулкан изилдөөчүлөрдүн айтымында, дал ушул жаракадан Пальма аралында лава чыккан. Ал 19-сентябрда башталган. Азыркы күндө 1,1 миң гектардан ашык аянтты каптап, жети миңден ашык адам эвакуацияланган, 2,7 миң имарат талкаланды
    © AP Photo / Emilio Morenatti

    Вулкан изилдөөчүлөрдүн айтымында, дал ушул жаракадан Пальма аралында лава чыккан. Ал 19-сентябрда башталган. Азыркы күндө 1,1 миң гектардан ашык аянтты каптап, жети миңден ашык адам эвакуацияланган, 2,7 миң имарат талкаланды

  • Футбол боюнча Аргентина курама командасынын жана франциялык ПСЖ клубунун чабуулчусу Лионель Месси Европада эң мыкты футболчу деп табылып, France Football журналынын Алтын топ сыйлыгына татыды. Месси муну менен өзүнүн рекордун жаңылап, футболдогу эң абройлуу жекелик сыйлык деп саналган Алтын топту жетинчи жолу алды
    © AFP 2021 / FRANCK FIFE

    Футбол боюнча Аргентина курама командасынын жана франциялык "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Лионель Месси Европада эң мыкты футболчу деп табылып, France Football журналынын "Алтын топ" сыйлыгына татыды. Месси муну менен өзүнүн рекордун жаңылап, футболдогу эң абройлуу жекелик сыйлык деп саналган "Алтын топту" жетинчи жолу алды

  • БШК башчысы Нуржан Шайлдабекова алдын ала жыйынтык боюнча Жогорку Кеңешке өтпөй калган саясий партиялардын тарапташтары уюштурган митингде сүйлөп жатат. Шайлдабекова митингге чыккандар менен жолугуп, БШК сайтында добуштар саналып жаткан чакта автоматтык эсептөө системасында кеткен мүчүлүштүктөр үчүн кечирим сурады. Ата Мекен, Социал-демократтар, Улуттар биримдиги жана Азаттык партиялары кайра шайлоо өткөрүүнү жана министрлер кабинетин отставкага кетүүсүн талап кылышкан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    БШК башчысы Нуржан Шайлдабекова алдын ала жыйынтык боюнча Жогорку Кеңешке өтпөй калган саясий партиялардын тарапташтары уюштурган митингде сүйлөп жатат. Шайлдабекова митингге чыккандар менен жолугуп, БШК сайтында добуштар саналып жаткан чакта автоматтык эсептөө системасында кеткен мүчүлүштүктөр үчүн кечирим сурады. "Ата Мекен", "Социал-демократтар", "Улуттар биримдиги" жана "Азаттык" партиялары кайра шайлоо өткөрүүнү жана министрлер кабинетин отставкага кетүүсүн талап кылышкан

  • 2021-жылдын 4-декабры. Антарктидадагы Polar Union мөңгүсүндө турган адамдар күндүн толук тутулушуна күбө болуп жатышат
    © AP Photo / Felipe Trueba

    2021-жылдын 4-декабры. Антарктидадагы Polar Union мөңгүсүндө турган адамдар күндүн толук тутулушуна күбө болуп жатышат

  • 2-декабрда Ангела Меркель 16 жылдык карьерасынан соң Германиянын канцлери кызматынан расмий түрдө кетти. Анын урматына Берлинде салтанаттуу азем уюштурулду. Мындай салт XVI кылымда башталган. Салтанат дайыма кечинде өтөт, улуттук гимн жана марш сыяктуу бир нече музыкалык чыгармалардан турат. Мындан тышкары, шам чырактар жагылат
    © AP Photo / Markus Schreiber

    2-декабрда Ангела Меркель 16 жылдык карьерасынан соң Германиянын канцлери кызматынан расмий түрдө кетти. Анын урматына Берлинде салтанаттуу азем уюштурулду. Мындай салт XVI кылымда башталган. Салтанат дайыма кечинде өтөт, улуттук гимн жана марш сыяктуу бир нече музыкалык чыгармалардан турат. Мындан тышкары, шам чырактар жагылат

  • Ырчы Рианна Барбадостун улуттук баатыры сыйлыгын өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда президент Сандра Мейсондун колунан алды. Сентябрдын аягында Барбадостун парламенти Конституцияга монархиялык башкаруу формасынан баш тартып, өлкөнү республикага айландырууга мүмкүндүк берүүчү түзөтүүлөрдү киргизген. Ал бир добуштан колдоого алынды. Дээрлик бир айдан кийин арал генерал-губернатор Сандра Мейсонду алгачкы президент кылып дайындоо үчүн добуш беришкен. 29-ноябрда ал ант берип, мамлекетти жетектей баштады
    © AFP 2021 / RANDY BROOKS

    Ырчы Рианна Барбадостун улуттук баатыры сыйлыгын өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда президент Сандра Мейсондун колунан алды. Сентябрдын аягында Барбадостун парламенти Конституцияга монархиялык башкаруу формасынан баш тартып, өлкөнү республикага айландырууга мүмкүндүк берүүчү түзөтүүлөрдү киргизген. Ал бир добуштан колдоого алынды. Дээрлик бир айдан кийин арал генерал-губернатор Сандра Мейсонду алгачкы президент кылып дайындоо үчүн добуш беришкен. 29-ноябрда ал ант берип, мамлекетти жетектей баштады

  • Жөө баскан киши Стамбулдагы катуу бороондо оодарылып кеткен кеменин жанынан өтүп бара жатат. Стамбулда жана өлкөнүн түндүк-чыгышындагы эки провинциядагы кырсыкта алты адам каза болгону маалым. Мындан сырткары, чатыр сыныктарынан 46 киши жаракат алган. Шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде саатына 130 чакырымга жеткени маалым болду
    © AFP 2021 / YASIN AKGUL

    Жөө баскан киши Стамбулдагы катуу бороондо оодарылып кеткен кеменин жанынан өтүп бара жатат. Стамбулда жана өлкөнүн түндүк-чыгышындагы эки провинциядагы кырсыкта алты адам каза болгону маалым. Мындан сырткары, чатыр сыныктарынан 46 киши жаракат алган. Шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде саатына 130 чакырымга жеткени маалым болду

  • Даджабондо (Доминикан Республикасы) тоокторун шаарга алып бара жаткан киши
    © AP Photo / Matias Delacroix

    Даджабондо (Доминикан Республикасы) тоокторун шаарга алып бара жаткан киши

  • Бангкоктогу (Таиланд) Motor Expo көргөзмөсүндө модель кыздар Porsche Carrera GTS автоунаасын жандап турушат
    © AFP 2021 / JACK TAYLOR

    Бангкоктогу (Таиланд) Motor Expo көргөзмөсүндө модель кыздар Porsche Carrera GTS автоунаасын жандап турушат

  • Кабул шаарында (Афганистан) апта сайын жума намаздан кийин салттуу күрөштүн түрү боюнча мелдеш өткөрүлөт
    © AP Photo / Petros Giannakouris

    Кабул шаарында (Афганистан) апта сайын жума намаздан кийин салттуу күрөштүн түрү боюнча мелдеш өткөрүлөт

  • Беларусь менен Польшанын чек арасындагы Брузги өткөрмө бекетиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу борборунда аял намаз окуп жатат
    © Sputnik / Павел Бедняков

    Беларусь менен Польшанын чек арасындагы "Брузги" өткөрмө бекетиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу борборунда аял намаз окуп жатат

  • Модель Жордан Данн Лондондогу Fashion Awards 2021 сыйлыгын тапшыруу салтанатынын кызыл килеминен өтүп бара жатат. Редакторлор, стилисттер, сатып алуучулар жана мода басма сөзүнүн өкүлдөрүнөн турган британиялык Мода кеңеши жыл сайын бул сыйлык менен мода индустриясынын мыктыларын сыйлайт
    © REUTERS / HENRY NICHOLLS

    Модель Жордан Данн Лондондогу Fashion Awards 2021 сыйлыгын тапшыруу салтанатынын кызыл килеминен өтүп бара жатат. Редакторлор, стилисттер, сатып алуучулар жана мода басма сөзүнүн өкүлдөрүнөн турган британиялык Мода кеңеши жыл сайын бул сыйлык менен мода индустриясынын мыктыларын сыйлайт

  • Түштүк Кореянын Сеул шаарында жаш кыз океанариумда Санта Клаустун кийимин кийген суучулдун сүзүп жатканын карап жатат
    © REUTERS / KIM HONG-JI

    Түштүк Кореянын Сеул шаарында жаш кыз океанариумда Санта Клаустун кийимин кийген суучулдун сүзүп жатканын карап жатат

  • Бразилиянын Бротас шаарында арыктаган жапайы буйволдорго ыктыярчылар жем берип жатышат
    © REUTERS / AMANDA PEROBELLI

    Бразилиянын Бротас шаарында арыктаган жапайы буйволдорго ыктыярчылар жем берип жатышат

  • Сергек жана жигердүү жашоо образына үндөгөн активист кыштын биринчи күнүнө арналган Сибирдин аппак пляждары акциясында Обь дарыясында сүзүп бара жатат
    © Sputnik / Александр Кряжев

    Сергек жана жигердүү жашоо образына үндөгөн активист кыштын биринчи күнүнө арналган "Сибирдин аппак пляждары" акциясында Обь дарыясында сүзүп бара жатат

  • Индонезиялык киши Семеру жанар тоосу атылгандан кийин күл астында калган жүк ташуучу унаасын казып чыгарганы жатат. Ишемби күнү башталган вулкандын күлү Чыгыш Явадагы жакын жайгашкан айылдарды каптап калган. Жергиликтүү тургундар дүрбөлөңгө түшүп качып кетишкен. Кеминде 13 адам каза болуп, жүзгө жакыны жаракат алганы айтылды
    © AP Photo / Trisnadi

    Индонезиялык киши Семеру жанар тоосу атылгандан кийин күл астында калган жүк ташуучу унаасын казып чыгарганы жатат. Ишемби күнү башталган вулкандын күлү Чыгыш Явадагы жакын жайгашкан айылдарды каптап калган. Жергиликтүү тургундар дүрбөлөңгө түшүп качып кетишкен. Кеминде 13 адам каза болуп, жүзгө жакыны жаракат алганы айтылды

  • Иерусалимдеги Дөөт (Давид) мунарасында турган Аалам сулуусу сынагынын катышуучулары
    © REUTERS / NIR ELIAS

    Иерусалимдеги Дөөт (Давид) мунарасында турган "Аалам сулуусу" сынагынын катышуучулары

Белгилер:
вулкан, окуя, сүрөт, Лионель Месси, Ангела Меркель, Түркия, Дүйнө сулуусу, Индонезия
Тема боюнча
Чеберчиликтин туу чокусу! Табияттын таң калтырган 12 керемети
Өзүнө тартып, кыя өткөрбөй... Чыгыш бийинде термелген кыздар
Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун Шамбала тасмасын тартуу учурунда. Архив

"Шамбала" тасмасы "Оскар" сыйлыгынын тизмесине кирди. Трейлер

284
(жаңыланган 13:33 07.12.2021)
Узун тизмеге жалпы жонунан 90 кинокартина кирди. 15 тасмадан турган кыска тизме 21-декабрда жарыяланат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы беделдүү "Оскар" сыйлыгынын "Мыкты чет элдик тасма" номинациясынын узун тизмесине кирди. Атаандаш тасмалар кино сыйлыктын сайтына жарыяланды.

Узун тизмеде жалпы жонунан 90 кинокартина бар. Казакстандан "Желтая кошка", Өзбекстандан "Две тысячи песен Фариды", Россиядан "Разжимая кулаки" тасмалары көрсөтүлгөн.

Киноленталарды кыска тизмеге тандоо үчүн добуш берүү 10-декабрда башталып, 15-декабрга чейин созулат. Анын жыйынтыгы 21-декабрда жарыяланмакчы.

"Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү 2022-жылдын 27-мартында Голливуддагы Dolby Theatre кинотеатрындагы салтанаттуу иш-чарада жарыяланат. Номинанттардын толук тизмеси 8-февралда белгилүү болот.

"Шамбала" Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Тасма буга чейин Азия кинолорунун дүйнөлүк фестивалында (AWFF) Көрүүчүлөрдүн симпатиясы" сыйлыгын алган.

Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттиги тасмада башкы каарман Шамбаланын ролун жараткан Артур менен маектешкен.

284
Белгилер:
Оскар, 'Шамбала' тасмасы, сыйлык, 'Ак кеме' тасмасы
Тема боюнча
"Шамбаланы" тарткан Артыкпай Сүйүндүков Түркиядан мыкты режиссёр наамын алды
Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы АКШда дагы бир сыйлык алды
АКШда сыйлык алган "Шамбала" фильминдеги кичинекей Артур: апамды сагынып ыйладым
АКШ долларлары. Архив

Улуттук банк бүгүн 71,3 млн. доллар сатып, дагы бир рекорд жаратты    

0
(жаңыланган 22:34 07.12.2021)
Мурунку рекорд эки жума мурун катталган. Анда башкы финансылык ведомство 70,3 миллион долларлык интервенция жасаган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Улуттук банк бүгүн, 7-декабрда, валюта рыногуна 71,3 миллион доллар сатты. 

Бул 2010-жылдан бери жүргүзүлгөн эң ири интервенция (андан мурунку жылдарга карата маалымат ачык булактарда жок).

Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 23-ноябрда катталып, 70,3 миллион доллар сатылган болчу.

Ушуну менен быйылкы жылдын эсебинен 14 жолу интервенция жасалды. Бул аралыкта сатылган доллардын суммасы 633 миллионго жетти. Улуттук банк 24-ноябрда накталай түрүндө дагы 38 миллион доллар саткан.

0
Белгилер:
Улуттук банк, интервенция, доллар, сатуу
Тема боюнча
Улуттук банк ноябрда сомдун курсун кармап туруш үчүн канча акча коротту
Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме