"Ак Маралдын" жетекчиси: көйнөктөрүбүздүн жупунулугуна карабай суктангандар көп

© Sputnik / Жоомарт УраимовТоктогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Нурдин Түгөлов атындагы "Ак Марал" мамлекеттик бий ансамблинин көркөм жетекчиси Анаркүл Нургалиева маек учурунда
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Нурдин Түгөлов атындагы Ак Марал мамлекеттик бий ансамблинин көркөм жетекчиси Анаркүл Нургалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Совет мезгилинен тарта уядан жүздөгөн бийчилерди тарбиялап, эл аралык фестивалдарда өлкөнүн желегин бийик көтөрүп, узак убакыт абройлуу орунду ээлеген бий ансамблдеринин саны аз. Бул катарга "Ак Марал" бий ансамбли кирет. Өзгөчө мамлекеттик иш-чаралар "Ак Маралсыз" өтпөйт эмеспи.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Нурдин Түгөлов атындагы "Ак Марал" мамлекеттик бий ансамблинин көркөм жетекчиси Анаркүл Нургалиева менен журналист Гүлдана Талантбекова бий өнөрүнүн кыргыз маданиятына кошкон салымы тууралуу маектешишти.

— "Ак Марал" бий ансамбли кечээ же бүгүн пайда боло калган жок. Тарыхын карап отурсак совет мезгилинен бери келе жатыптыр. Бий тобунун бүгүнкү күнгө чейин сакталып келишине эмне себеп болду?

— 1936-жылы филармониянын алдына балетмейстер Н.С Холфиндин жетечилиги менен чакан бий ансамбли уюшулат. Тилекке каршы, согуш башталып, ансамбль жоюлуп кетет. Убакыт өткөн сайын бий ансамблин кайрадан уюштуруу керек деген суроо дайыма козголуп келет.

Кыргыздын белгилүү балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жакында "Балерина" китеби балдарга тартууланат
1966-жылы бий ансамбли кайрадан уюшулуп, аны 1977-жылга чейин көрүнүктүү балетмейстер Нурдин Түгөлов жетектейт. Бир жыл СССРдин Эл артисти Калбүбү Мадемилова жетектеп, тилекке каршы, каза болуп калат. 1988-жылы ансамбль "Ак Марал" деп аталат. Ал эми 1991-жылы балетмейстер Нурдин Түгөловдун ысымы ыйгарылган. Бул инсандар өз кезегинде кыргыз бий өнөрүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошушту, мыкты деген спектаклдер коюлду. 1983-2014 жылдары бий ансамблин Эл артисти Мелисбек Асылбашев жетектеп калат. Мен ал киши менен көп жыл иштештим. Ички дүйнөсү бай, өз жумушун берилүү менен аткарган инсан эле. Кол кыймылын өзгөртүп, өзгөчө бийлерди жаратып бийге чоң саамалык киргизди. 2014-2016 жылдары КР эмгек сиңирген артисти Бермет Асылбашева жетектеп, өз салымын кошуп кетти. Былтыркы жылдан бери көркөм жетекчиси катары мен кызмат кылып келем.

— Аталышы эмнеге "Ак Марал" болуп калган?

— Ал кезде көп аттарды сунушташкан. Кеңешип отуруп маралдай керилген, келишимдүү бийчилер болсун деген тилек менен "Ак Марал" деп койгонбуз.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАнаркүл Нургалиева: тилекке каршы, азыр бийчилер аз. Жалпы курамда 13 кыз, 9 бала иштейт. Концерт койгондо программаны иреттеш кыйынчылык жаратат. Себеби концерт учурунда бири бийлеп жатса, экинчиси кийинип туруш керек эле
Заслуженная артистка КР, художественный руководитель ансамбля Ак Марал Анара Нургалиева - Sputnik Кыргызстан
Анаркүл Нургалиева: тилекке каршы, азыр бийчилер аз. Жалпы курамда 13 кыз, 9 бала иштейт. Концерт койгондо программаны иреттеш кыйынчылык жаратат. Себеби концерт учурунда бири бийлеп жатса, экинчиси кийинип туруш керек эле

— Көркөм жетекчи болуп шайлангандан бери ишти алып кетүүдө кыйынчылыктар болдубу? Иш баштаганда ар бир эле адамдын башынан өтө турчу көрүнүш болсо керек?

— 2016-жылдын ноябрь айынан тарта иштей баштадым. Тилекке каршы, азыр бийчилер аз. Жалпы курамда 13 кыз, 9 бала иштейт. Концерт койгондо программаны иреттеш кыйынчылык жаратат. Себеби концерт учурунда бири бийлеп жатса, экинчиси кийинип туруш керек эле. Негизи ансамбль деп көптөгөн бийчилердин коштоосундагы бийлерди айтышат.

— Бийдин курамы канча убакытта бирде алмашып турат?

— Бийчилер 18 жаштан 38 жашка чейин иштеп, пенсияга кетишет. Бирок ортодо турмуштук себептер менен кетип, келбей калгандар бар. Айрыкча жакшы балдар кетип жатса ичиң ачышат. Анан жаңы кыз келген сайын кайрадан үйрөтүп, бийди улам баштап убара болобуз. Учурда жаш бийчилерге 4-5 миң сом айлык менен стимул берүү кыйын. Жетекчибиз Кыргызбай Арапбаевич колдон келишинче жардамын берип жатат.

— Курамга алып жатканда кандайдыр бир талаптарыңыз барбы?

Культурные мероприятия в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Ууру жигиттин башы алынып атасынын мойнуна илинген. Каада-салт тууралуу маек
— Келгенде дене-башынын түзүлүшүн байкап көрөм. Жаш курагына да көңүл бурабыз. Жыйырма жаштан өйдөлөрдү курамга алуу оорчулук жаратат. Келгендерди биринчи биздин репетицияларды көрүп кеткиле дейм. Жакында эле "мен ушунчалык бийлегим келип жатат, силерде иштеш үчүн бардык жумушумдан баш тартам" деп жаш кыз келди. Репетицияларды көрүп, ойлонуп көр дегем. Эки-үч жолу көргөндөн кийин "рахмат, мен иштей албайт окшоймун" деп кетип калды.

— Эмнеге? Ушунчалык оорбу?

— Бизде башка бий ансамблдеринен айырмаланып жумуш таптакыр башкача. Сөзсүз түрдө хореография сабагы өткөрүлөт. Хореографияга көчөдөн келген бийчилер чыдай албайт. Негизи эле бий физикалык күчтү, чыдамкайлыкты талап кылат.

— Жалпысынан канча бийди өздөштүрдүңүздөр?

— Жыйырмадан ашык бий бар. Тилекке каршы, костюмдарыбыз абдан эскирди. Көп бийлерди ошол себептен бийлей албайбыз. Форманы жаңыртканга да чоң акча кетет. Толук түрдө жаңырта албасак дагы, асты-үстүн алмашырып турабыз. Көзгө басаар үч эле костюмубуз бар. Мамлекеттик иш-чара, сырттан коноктор келип калса ал — "Ак Маралсыз" өтпөйт. Мамлекеттик бий ансамбль болгондон кийин жогорку жактагылар тиешелүү мамиле жасашы керек деп ойлойм.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАнаркүл Нургалиева: көзгө басаар үч эле костюмубуз бар. Мамлекеттик иш-чара, сырттан коноктор келип калса ал — "Ак Маралсыз" өтпөйт. Мамлекеттик бий ансамбль болгондон кийин жогорку жактагылар тиешелүү мамиле жасашы керек деп ойлойм
Заслуженная артистка КР, художественный руководитель ансамбля Ак Марал Анара Нургалиева - Sputnik Кыргызстан
Анаркүл Нургалиева: көзгө басаар үч эле костюмубуз бар. Мамлекеттик иш-чара, сырттан коноктор келип калса ал — "Ак Маралсыз" өтпөйт. Мамлекеттик бий ансамбль болгондон кийин жогорку жактагылар тиешелүү мамиле жасашы керек деп ойлойм

Маданият жана искусство университетинин Социалдык маданий ишмердик кафедрасынын башчысы, белгилүү актер Назым Мендебаиров маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Назым Мендебаиров: Айтматовду окуп да, ыйлап да жаттым… ушундай бир бугум чыкты
Бирок кийимибиздин жупунусуна карабай, бизди эл аралык сынактарда жакшы кабыл алышат. Бийибизге таң бергендер арбын болду. Бир учурду эстей кетейин. 1997-жылдары "Ак Марал" бий ансамблин көрүнүктүү ишмер Ага Хан Францияга байкесинин тоюна чакырган. Ал жакка бизден башка да көп мамлекеттин бийчилери барышыптыр. Бардыгыбызга режиссер тарабынан белгилүү бир убакыт берилди. Ал жактагы меймандын баары таанымал инсандар, миллиардерлер экен. Биз бийлеп бүткөндөн кийин коноктор бир канча убакыт туруп алып кол чабышкан. Француз режиссеру "каап, силерге көбүрөөк убакыт бөлсөм болмок экен" деп калган. Анан Бишкекке келсек Ага Хандын ишенимдүү кишиси келип кайра дагы акча таштап кеткен.

— Тойлорго дагы кызмат көрсөткөн учурларыңыздар болобу?

— Кыздар "Ак Марал" бий ансамбли эмес, башка коллектив болуп чыгышат. Кыздарды билесиздер, боенгуч алып, кийимин алыш керек. Бул нерсенин баарын бир гана айлык акыдан арттырып алуу мүмкүн эмес.

— Өзүңүз дагы бийлеп турасызбы?

— 2008-жылы пенсияга чыккам. Хореографиялык мектепте классикалык бийлер боюнча педагог болуп иштейм. Филармониядан болсо балдарга бий кыймылдарын көрсөтүп берем. Бий бул — биздин жашообуз.

— Алдыда кандай пландарыңыздар бар?

— Жакында 5-майда 1983-жылдан 2014-жылга чейин "Ак Марал" бий ансамблин жетектеген КРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Мелисбек Асылбашев агайдын урматына концерт берели деп даярдыктар жүрүп жатат. Июнь айында Астанада өтө турчу бий фестивалына барабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0