"Кентавр" тасмасы Бельгиядагы фестивалда баш байгени жеңип алды

© Фото / Эркин Болжуров"Кентавр" тасмасынан кадр. Архив
Кентавр тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль 18-30-апрель күндөрү Тюрнхаут жана Брюгге шаарларында болуп өттү.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Бельгияда өткөн MOOOV кинофестивалында башкы байгени жеңип алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине тасманын продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

Фестиваль 18-30-апрель күндөрү Тюрнхаут жана Брюгге шаарларында болуп өттү.

"Фестивалдын арт-директору Марк Бунен "Кентавр" тасмасы баш байге катары саналган "Канвас" сыйлыгын утуп алганын айтып, бул ага Бельгия, Нидерланддар жана Люксембургда көрсөтүлүүсүнө жол ачаарын кошумчалады", — деди Койчуманова.

Анын айтымында, аталган шаарларда тасманы көрсөтүүгө режиссер өзү катышып, аягындагы суроо-жооп форматындагы жыйында дагы күбө болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0