"Тумар КР" тобунун мурунку мүчөсү ТНТ каналындагы "Танцы" шоусуна катышып жатат

© Фото / предоставлено Солто ЭсенгуловымТНТ каналындагы "Танцы" теледолбоорунун кастингинен өткөн Кыргызстандык Солто Эсенгулов
ТНТ каналындагы Танцы теледолбоорунун кастингинен өткөн Кыргызстандык Солто Эсенгулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россиянын теледолбооруна белгилүү кыргызстандык бийчилер Жан Воинов, Нурсултан Алибеков, Тилан Садырбаев катышкан.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Кыргызстандык Солто Эсенгулов ТНТ каналындагы "Танцы" теледолбоорунун кастингинен өтүп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине бийчи өзү билдирди.

Эсенгулов бий шоусунун төртүнчү сезонунун тандоо турунан өткөн.

"Өткөн дем алыш күндөрү кастинг болду. Жарым айдан кийин көрөрмандарга тартууланат", — деди бийчи.

Бүгүнкү күндө "Тумар КР" тобунун мурдагы мүчөсү Солто Эсенгулов Лос-Анджелесте жашайт. Ал "La Breakers" бий тобунун курамында. Грин-кард утуп алгандан кийин АКШга көчүп кеткен.

Буга чейин Россиянын теледолбооруна белгилүү кыргызстандык бийчилер Жан Воинов, Нурсултан Алибеков, Тилан Садырбаевдер катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0