Ырчы Мирбек Атабековдун архивдик сүрөтү

2005-2006-жылдардагы хиттер: 10 жыл мурун "дүң" болгон ырлар эсиңиздеби?

8594
(жаңыланган 18:22 07.05.2017)
Музыка адам баласынын жан дүйнө кылдарын чертип, кереметтүү дүйнөгө жетелейт. Көпчүлүктүн жаштыгы, сүйүүсү кайсы бир чыгармалар менен канатташ болуп, ошол ырды уккан сайын керемет кезди, сезимдерди эске салат. Ушундан улам бир кездеги хит болгон ырларды тизмектеп коюну эп көрдүк.

Эсиңизде болсо, 2005-2006-жылдары кыргыз шоу бизнесинде жаңы бурулуш болуп, жоон топ ырчылардын жаңы толкуну чыга келген. Алардын ырлары хит болуп, күйөрмандары кезекке тизилген эле. Биринин артынан бири жылдыз болуп, ырчылардын саны, ага жараша ырлары да көбөйгөн. Көпчүлүктүн көкүрөгүнөн түнөк таап, 10 жыл мурун хит болгон ырларды сапка тизебиз.

Жогоруда айтып кеткен жаңы толкундун сап башында Темир Назаров турары талашсыз. "Туулган жер" аттуу ыры уккан сайын уккуңду келтирип, жигиттин жылдызы жакшы эле жанган.

Темирди улай эле Урмат Усеновдун "Жазгы жамгыр" ыры да көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк тапкан.

Ал эми ошол кездеги окуучу кыз Сайкал Садыбакасова "Эстей жүр" аттуу чыгарманы ырдап чыкканда жаштар ушул ыр менен ооруп калган.

Съездбек Искеналиевдин "Селкиге" чыгармасы ал кездеги кытай телефондорунан түшпөй жаңырып калган.

Убагында Ильяз Абдразаков чыкканда күйөрман кыздары сахнага чейин барып, ырчы зал аралап басалбай калган эле. Ильяздын жылдыз болушуна "Арманым" аттуу ыры себепкер болгон.

Ал эми жигиттерди суктанткан Бактыгүл Бадыева "Неге кыялбайм" аттуу ыры менен чыкканда айылдагы байкелердин жарымы ашык болгону эсимде.

Султан Садыралиев менен Замир Арыкбаев "Кудача кыз" аттуу ырды аткарып чыкканда бул ырсыз мектептеги кечелер өтпөй калган.

Эсиңизде болсо, Эмил Балтагулов "Ичпечи апа" ырын ырдап, чыгармага мааниси терең клип тартып калың элди жашыткан.

Ал эми Артык менен Сапардын "Атага каты" да көптөрдүн көз жашын төккөн.

Айгүл Чалова "Сүйүү арманын" аткарып чыкканда бул ыр сүйүшкөндөрдүн гимнине айланган эле.

Тата Улан "Карындаш" чыгармасы менен кыргыз рэпинде жаңы бурулуш жасап, рэпти канчалык бир дэңгээлде насаатка салган.

Мирбек Иманбеков "Таластык кызды" ырдаганда таластык кыздардын далайынын жүрөгүн жибиткен.

Учурдагы мега жылдыз Мирбек Атабековду көпчүлүк "Сени гана" ыры менен тааныган.

Ирлан Таалайбеков "Окуучу кыз" чыгармасы менен далай секелек кыздардын кумирине айланган.

8594
Белгилер:
ыр, хит, музыка, Кыргызстан
Тема боюнча
Тойдогу хит ырлар: ырчылардын капчыгын калыңдаткан ырлардын тизмеси

Бишкектеги эң ири граффитилер тарыхы. Көчө сүрөткеринин мыкты 8 эмгеги

45
(жаңыланган 17:28 07.08.2020)
  • Айгүл, Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз, — дейт Петровский.
  • Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.
  • Бурулай Турдалы кызы, Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.
  • Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан, Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.
  • Жазуучу Чыңгыз Айматов. Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.
  • Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз, Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.
  • Шатыда турган бала, Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат, — дейт сүрөтчү.
  • Семен Чуйковдун Кыргызстан гүлдөрү сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
Бишкектин имараттарында кесипкөй сүрөткерлердин колунан жаралган граффити пайда болсо, ал дароо эле өзүнчө көркөм кооздук болуп калат.

Биз шаардагы эң чоң граффитилерди издеп көрдүк. Doxa сүрөткерлер тобунунун катышуучусу Дмитрий Петровский бизге кеңешчи болду. Бишкектиктерге жаккан бул эмгектердин тарыхы Sputnik Кыргызстандын сүрөт баянында.

45
  • Айгүл, Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз, — дейт Петровский.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Айгүл", Doxa. № 12 мектеп, 2014-ж. сентябрь. Сүрөтчү Семен Чуйковдун белгилүү чыгармасы. "Биз ушундай жол менен Чуйковдун эмгегин жаштарга таанытууну каалаганбыз", — дейт Петровский.

  • Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Баскетболчу таштанды баштыгын контейнерге ыргытып жатат, Basic Colour сүрөткерлер тобу. Молдокулов атындагы Инновациялар технологиясы улуттук мектеп-лицейи, 2016-ж. июль. Граффити шаардыктарды тазалыкты сактоого чакырат.

  • Бурулай Турдалы кызы, Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Бурулай Турдалы кызы", Doxa тобу. Бишкектеги медициналык колледжи, 2018-ж. ноябрь. Бул эмгек Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн 20 жаштагы кыздын элесине арналган.

  • Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан, Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Өзү өрт болуп күйүп, өзгөлөргө нур чачкан", Doxa. Улуттук госпиталдын имараттарынын бири, 2020-жылдын июль айы. Картина Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган. Сүрөтчү мындан өзүнүн пневмонияга кабылып калганын көрсөткөн рентген кагазын кармап турган дарыгердин образын тарткан.

  • Жазуучу Чыңгыз Айматов. Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Жазуучу Чыңгыз Айматов". Жал-23 кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2019-жылдын май айы. Сүрөтчүлөр бул эмгекти Шаар күнүнө белек деп аташты. Ал Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун буюртмасы менен жасалган.

  • Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз, Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Дубалга таажынын сүрөтүн тарткан кыз", Doxa. 5-кичи районундагы көп кабаттуу үй, 2016-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун буюртмасы менен Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата тартылган.

  • Шатыда турган бала, Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат, — дейт сүрөтчү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Шатыда турган бала", Doxa. Бул эмгек 2014-жылы бир курулуш компаниянын буюртмасы менен тартылган. "Бала үйгө суу куюп турат, ал өсүп жатат. Картина келечегиңди бала кезден баштап кур дегенди туюнтат", — дейт сүрөтчү.

  • Семен Чуйковдун Кыргызстан гүлдөрү сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Семен Чуйковдун "Кыргызстан гүлдөрү" сүрөтүндөгү кыздар заманбап реалдуулукка өтөт, 2019-жылдын декабрь айы. Бул эмгек жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.

Белгилер:
маданият, граффити, Бишкек
Тема боюнча
Стрит-арт борбор калаанын көчөлөрүндө
Эмен багы галереясынын арт-директору Чолпон Тентиева

Тентиева: коронавирус менен күрөштө искусство адамдары четте турбайт

63
(жаңыланган 17:06 07.08.2020)
"Эмен багы" галереясынын арт-директору Чолпон Тентиева карантинден кийин жарандар үчүн көргөзмөлөр эшигин ачканын айтты.
Тентиева: коронавирус менен күрөштө искусство адамдары четте турбайт

Жарандарга өзгөчө көргөзмө тартуулоону пландап жатабыз. Анда коюлган иштер толугу менен сатыкка чыгарылат. Түшкөн каражатты коронавирус менен күрөшүүгө которобуз. Бул тууралуу Чолпон Тентиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган көргөзмө 15-августка карата уюштурулат.

Жаманкулов: августта маданий жайлардын ишмердүүлүгү онлайн уланат

"Эмил Насритдинов аттуу сүрөтчү менен бирге өзгөчө көргөзмө уюштурууну пландап жатабыз. Ал жети күн уланып, офлайн жана онлайн форматта болот. Анда акварель түрүндөгү 50гө чукул ишти сатыкка чыгарабыз. Сатыктан түшкөн каражатты коронавирус менен күрөшүүгө багытталган фонддорго которобуз. Эпидемия менен күрөшүүгө жапа тырмак киришип жатабыз. Ошондуктан сүрөтчүлөр дагы четте турбай өз салымыбызды кошууну туура деп таптык. Ошондой эле башкаларга дагы үлгү болот деген ишеним менен бул долбоорду демилгеледик", — деди Тентиева.

Ошондой эле ал "Эмен багы" галереясы бир топ пландалган иштерди эпидемияга байланыштуу жылдырууга туура келгенин кошумчалады.

63
Белгилер:
Эмен багы паркы, коронавирус, көргөзмө
Тема боюнча
Кино камындагы Жакиев, Базаров, Кыдыралиев... Мөлтүрөгөн жаштык кезден таберик сүрөт
Терезенин жанында турган адам. Архив

Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын кожоюндары кимдер? Тизме

0
Күздөгү парламенттик шайлоого катышуу ниетин 44 саясий партия билдирди. Sputnik Кыргызстан алардын лидерлери жана негиздөөчүлөрү тууралуу макала даярдады.

Шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышууну каалаган 44 партия БШКга арыздарын беришти. Маалымат Юстиция министрлигинин сайтынан жана Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын сайтынан алынды.

Партия тууралуу кененирээк маалымат билүү үчүн анын аталышын басыңыз.

Маалыматта айырмачылыктар болуп жаткандыктан, булактарды көрсөтүү менен эки вариантты тең бердик. Ошондой эле партиялардын катталган (жаңы уюшулган) жана кайра катталган (партиянын саясий курамы өзгөргөндө) убактары көрсөтүлгөн.

Кызыгы, партияны кимдер түзгөндүгү тууралуу маалыматты айрымдар көрсөткөн эмес. Мындан тышкары, бул 44 партия тең парламенттик шайлоого катыша алат деген кепилдик жок. 24-августка чейин алар талапкерлердин тизмесин берүү менен күрөө коюшу керек. Ал эми 4-сентябрга чейин БШК каттоого алат же баш тартат.

 

0
Белгилер:
Парламент, тизме, саясый партия, БШК, шайлоо, Кыргызстан
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Добуш сатып алууга каршы күрөш. Жээнбеков мыйзамга кол койду
Шайлдабекова: үгүт иштеринде концерт, спорттук оюндарды өткөрүүгө тыюу салынат
Боронов: шайлоого даярдык боюнча Республикалык штаб түзүлдү