Кинотеатр көрүүчүлөр. Архивдик сүрөт

Бишкекте Европанын жаңы тасмалары акысыз көрсөтүлөт

306
(жаңыланган 16:18 08.05.2017)
Европалык киночулардын он тасмасын "Манас" кинотеатрында көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Бишкекте 11-14-май күндөрү Европа тасмаларынын фестивалы болоорун КРдеги Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Аскарбек Эркебаев билдирди.

Анын айтымында, тасмалар "Манас" кинотеатрында көрсөтүлөт.

"Бардык каалоочулар 10 тасманы орус тилиндеги субтитрлар менен көрө алат. Болгону билеттерди Ticket.kg сайты аркылуу ээлеп коюу зарыл. Бир адам алтыдан ашык билет брондой албайт", — деди Эркебаев.

Тасмалар Улуу Британия, Германия, Франция, Италия, Чехия, Словакия, Словения, Венгрия, Испания жана Эстония мамлекеттерине тиешелүү.

Европа күнүнө жана Европа биримдигинин 60 жылдыгына арналган фестивалды КРдеги Европа биримдигинин өкүлчүлүгү жана ага кирген мамлекеттердин элчиликтери менен бирге уюштурду.

306
Белгилер:
кызматташтык, кино, фестиваль, Европа биримдиги, Кыргызстан
Тема боюнча
"Победили вместе" фестивалына эки кыргыз тасма чакырылды
"Олжо" тасмасы Шотландияда өтүүчү фестивалга чакырылды
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева. Архив

Бүбүсара Бейшеналиева өмүр баяны

45
Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген.

1936-41-жылдары Ленинград хореографиялык окуу жайында билим алган.

Эмгек жолу:

  • 1941-жылы — Опера жана балет театрынын солисти;
  • 1949-жылдан тарта Бишкектеги хореографиялык окуу жайынын педагогу;
  • 1955-1962 — Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты;
  • 1962-1970 — СССР Жогорку Советинин депутаты;

Балеттик партиялары:

  • 1943 — "Селкинчек", Зайнура;
  • 1944 — "Чолпон", Чолпон;
  • 1947 — "Раймонда", Раймонда;
  • 1949 — "Бахчисарай фонтаны", Мария жана Зарема;
  • 1950 — "Ак куулар көлү" Одетта-Одиллия;
  • 1950 — "Анар", Анар;
  • 1953 — "Кызыл кызгалдак", Тао-Хоа;
  • 1953 — "Чолпон", Айдай;
  • 1955 — "Эсмеральда", Эсмеральда;
  • 1956 — "Уктап жаткан сулуу", Аврора;
  • 1960 — "Куйручук", Зейнеп;
  • 1962 — "Ромео жана Жульетта", Жульетта;
  • "Асел", Асел;
  • "Корсар", Медора;
  • "Ала-Тоодогу жаз", Сайра;
  • "Франческа да Римини", Франческа;
  • "Чоң вальс", Фанни;
  • "Лауренсия", Лауренсия;
  • "Дон Кихот", Китри;
  • "Болеро" музыкасына солист.

Сыйлыктары:

1947-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1954-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, ал эми 1958-жылы СССР эл артисти наамын алган. 1970-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.

Мындан тышкары, Эмгек Кызыл Туу, Ардак Белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Үй-бүлөсү:

Композитор Акмат Аманбаевге турмушка чыгып, 1946-жылы Эрмек аттуу уулдуу болушкан.

1973-жылы 11-майда каза болуп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

1994-жылдын 11-апрелинен тартып өлкөдө 5 сомдук номиналда Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөтү түшүрүлгөн. Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көчө бар. Бийчинин аты Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна берилген. Ордо калаадагы Опера жана балет театрынын алдына эстелиги орнотулган.

45
Белгилер:
бийчи, өмүр баян, Бүбүсара Бейшеналиева
Тема боюнча
Бий үчүн жаралган... Балет ханышасы Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу 7 факты
Талас облустук театрында режиссеру Чолпон Эрикова

Республика боюнча театрда иштеген үч эле айым бар. Режиссер Чолпондун маеги

510
(жаңыланган 19:32 26.10.2020)
Кыргызстанда айымдар арасынан чыккан театр режиссерлорун санай келгенде колдун беш манжасына да жетпейт. Алардын ичинде жаш режиссер Чолпон Эрикова да бар. Чолпон учурда Талас облустук театрында режиссер болуп эмгектенүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 27 жаштагы Чолпон Эрикова менен маектешип, театр жана жаштар тууралуу азыноолок кеп курду.

Театр сизди эмнеси менен өзүнө тартты?

Мен мектепте окуп жүргөндө, бизге “Учур” театры келип спектакль коюп турчу. Алар менен Болот Тентимишов дагы көп келип калды. Актерлорду көрүп аябай таасирленгендиктен, 7-класстан баштап эле мектептеги майрамдарга сценка коюп, идеяларды айтып жүрдүм. Мен 9-класс болгондо апам Кыргыз драма театрына костюмер болуп иштеп калды. Апамды ээрчип театрга барып жүрүп кызыгуум артты. Кийин 11-классты бүтөрүм менен ушул кесипти тандап алдым.

Спектакль в Таласском областном театре. Архивное фото
© Фото / Адилет Кыштообаев
Чолпон Эрикова: өзгөчө Чыңгыз Мамаевдин Алыкулду ойногонун көрүп "буюрса ушул кишилер менен иштешем" деп кыялданчумун

Биринчи жолу көргөн спектаклиңиз эсиңиздеби?

Эсимде, “Учур” театрынын Алыкул Осмонов жөнүндө койгон спектакли болду. Актёрлор көзүмө бир башкача көрүнөр эле. Өзгөчө Чыңгыз Мамаевдин Алыкулду ойногонун көрүп  “буюрса ушу киши менен иштешем” деп кыялданчумун. Азыр минтип кыялым орундалып отурат. Апам театрда иштеп турган кезде залда отуруп алып жомокторду көп көрдүм. Ал кезде 10-класста окучумун. Чоңоюп калсам дагы жаш балача элестетип, жомоктун ичине кирип кетчү элем. Ошондон алган таасирден уламбы, Талас театрында үч жыл катары менен жомок койдум. Анын ичинен бирөөсү өзүмдүн автордук жомогум болду.

Режиссер Таласского областного театра Чолпон Эрикова
© Фото / Чолпон Эрикова
Чолпон Эрикова: алгачкы автордук спектаклимде ашыкча ысырапкорчулук сыпатталган

Актёрлорго таасирленип театрды тандапсыз. Эмне үчүн актриса болгон жоксуз?

Азыр театрда бир штатта режиссёр, жарым штатта актриса болуп иштейм. Негизи режиссерлук кесипке тапшырганда группада эки эле кыз болгондуктан бизди үч жыл актёрлор менен кошуп окуткан. Натыйжада  эки жактуу билим алып, 4-курска жеткенде өзүнчө бөлүнүп режиссер деген диплом алып чыктык. Бирок эки жакта тең иштөөгө тажрыйбам бар.

Спектакль в Таласском областном театре. Архивное фото
© Фото / Адилет Кыштообаев
Чолпон Эрикова: азыр театрларда иштеген жаштар көп. Алар деле мага окшоп жарыбаган маянага иштеп жатышат

Жаш режиссер катары алгачкы автордук спектаклиңизди койгону жатыпсыз...

Курманбек Токтоналиевдин "Дүрбөлөң" аттуу чыгармасын сахналаштырып спектакль коюунун алдында турам. Бул менин алгачкы автордук спектаклим. Мында ашыкча ысырапкорчулук сыпатталган. Жыл бою иштеп тапкан акчасын күзүндө аш-тойлорго сарптап салган элибиздин ашыкча салт-санаасы ашкереленет. Кошумча кошуунун терс жактары жөнүндө да айтылган. Кээде өлүмгө кайгырбай, келген кошумчаны эсептешип калган учурлар кездешет. Боз үйдөгү маркумдун жакындары келген кийиттерге көңүл бурууга мажбур. Себеби кайра бергенде өзүнүкүн өзүнө берип же кымбат кездеме алып келсе арзаныраагын берип уят болбойлу деп кооптонушат. Спектаклди ашыкча ысырапкорчулукту, кереги жок каадаларды токтолу деген мааниде койдук. Туугандар арасындагы таарынычтар да ушундан улам чыгат. Жамандык болгон үйдө эки же үч бодо мал союлат. Ушунун баары эле ысырапкорчулук. Азыр экономикалык каатчылык күч алып турганда мындай ашыкча жөрөлгөлөрдү кыскартуу жагын карасак болмок. Ушул жагын элге жеткирели дедик.

Музыка менен АКШны багынткан кыргыз кызы: ыйлаган күндөрүм көп болду

Режиссер Таласского областного театра Чолпон Эрикова
© Фото / Жылдыз Маликова
Чолпон Эрикова: мен 9-класс болгондо апам Кыргыз драм театрына костюмер болуп иштеп калды. Апамды ээрчип жүрүп театрга кызыгып калдым

Өзүңүз Ысык-Көлдүн кызы болсоңуз дагы кесибиңиздин артынан Таласка барып иштеп жатыпсыз. Кыйналган жоксузбу?

Мурда Таласка келип көрбөгөндүктөн абдан кыйналдым. Эч кимди тааныбайм. Шаардан адашып кеткен учурларым көп болду. Азыр көнүп калдым. Театрдын кызматкерлери өз ишинин патриоту болушат деп коет го, анысы кандай, бул тармакта иштегендер театрдан башка жакты эңсебей калат. Алган акчабыз аз болсо дагы күндүн ысык-суугуна карабастан иштей берет экенбиз. Азыр театрларда иштеген жаштар көп. Алар деле мага окшоп жарыбаган маянага иштеп жатышат. Бирок шаардагы театрларда иштеген жаштарга жеңилирээк. Анткени алар үн жаздырып, тартууларга барып кошумча акча таба алышат. Таластагы театрда жаштардан экөө элебиз. Бул жактан тажрыйба топтоп алайын деп жатам.

Маянаңыз канча?

Айына 4070 сом алам. Мага театр жатаканадан бөлмө бөлүп берген. Утурумдук жашаган жерим чечилгендиктен аз акча алсам дагы сүйүктүү кесибим менен иштөөгө мүмкүнчүлүк бар.

Имараты жок көчөдө калган дымагы күч артисттер. "Туңгучтун" таберик сүрөтү

Спектакль в Таласском областном театре. Архивное фото
© Фото / Адилет Кыштообаев
Чолпон Эрикова: азыр экономикалык каатчылык күч алып турганда ашыкча ысырапты кыскартуу жагын элге жеткирели дедик

Менимче Кыргызстанда режиссер айымдар аз эле болсо керек?

Ооба, республика боюнча театрда расмий түрдө иштеп жаткан режиссёр айымдардан үчөө эле бар. Бул тармакта көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан эжелер Замира Акылаева, Эльвира Ибрагимова жана мен.

Алдыда кандай максатыңыз бар?

Буюрса, дагы көп-көп спектаклдерди коюп, өзүмдү сынап көргүм келет. Эл аралык фестивалдарга катышууну максат кылам. Ошондой эле келечекте  жеке театр ачууну көздөп жатам.

510
Белгилер:
маек, спектакль, режиссер, театр
Тема боюнча
Москвада кыргыз театрын ачкан Козубаева: репетиция батиримдин бир бөлмөсүндө өтөт
Кыргызстандын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева. Архив

Атасынын душмандары сабап кеткен. Эльвира Сурабалдиева тууралуу 8 факты

0
Саясатка келгенине салыштырмалуу аз эле убакыт болгонуна карабай Эльвира Сурабалдиева эл арасында белгилүү, өз орду бар.

Бүгүндөн тарта мурдагы депутат Эльвира Сурабалдиева Кыргызстандын вице-премьер-министри кызматына киришти.

Sputnik Кыргызстан эл арасында тайманбай бетке айткычтыгы менен оозго алынган жаңы вице-премьер тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады. Маалыматтар ачык булактардан жана Сурабалдиеванын буга чейин ЖМКларга берген маектеринен алынды.

Чүйдүн кызы

Эльвира Сурабалдиева 1978-жылы 23-ноябрда Фрунзе шаарында туулган. Атасы Жыргалбек Сурабалдиев Сокулук районунан чыккан белгилүү ишкер болгон. Кийин Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Апасы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун кызы.

Билими жана эмгек жолунун башталышы

2000-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "эл аралык байланыштар" адистиги боюнча аяктаган. Кийин билимин Улуу Британиянын Бристоль университетинде ушул эле адистик боюнча уланткан. 2003-жылы Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору, 2004-2006-жылдары Социалдык фонддун тышкы байланыштар жана маалыматтар бөлүмүндө катардагы адистен бөлүм башчылыкка чейин көтөрүлгөн.

"Биринчи айым болуу баарына буюрбайт". Садыр Жапаровдун жубайы тууралуу 7 факты

Атасынын душмандарынан таяк жеген

2005-жылдын 24-мартындагы башаламандык учурунда Сурабалдиевдердин үйүнө белгисиз адамдар кирип келип, үй кожоюнун издешкен. Бирок кызынын жалгыз экенин көрүп, катуу сабап, үйдө сакталып турган акча жана зер буюмдарды алып кетишкен. Баса, алар ур-тепкиден дээрлик эсин жоготуп койгон кызды эшиктин алдына алып чыгышкан. Бирок көчөдө ызы-чуу салып келе жаткан митингчилердин үнүн укканда кетип калышкан.

Атасынын өлүмү

Ошондон көп өтпөй, тагыраагы, 10-июнь күнү атасы Жыргалбек Сурабалдиев киши колдуу болгон. Саясатчыны Бишкектин борборундагы кеңселердин биринин алдынан белгисиз адамдар атып кеткен. Жогорку сот анын өлүмүнө күнөөлүү деп мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кайсы бир учурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевди тапкан, бирок ал кийин акталып кеткен. Эльвира Сурабалдиева өзү атасынын өлүмүнө Бакиевдерди күнөөлөп келет.

Исхак Раззаковдун атактуу жана азаптуу өмүрү. Залкар ишмер тууралуу 20 факты

Атадан калган бизнеси үчүн күрөш

Сурабалдиеванын буга чейинки маектеринде атасынан калган ири бизнеси, тагыраагы, "Кудайберген" автотетиктер базарын бир эмес, бир нече киши тартып алууга аракет кылганын айтып берген. Алардын эң күчтүүсү ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев болгон. Ал базарды 1 миллион сомго сатууну талап кылган. Бирок ой-тилеги ишке ашпай калган. Ишкерликке кол салгысы келгендер "унаа бизнесине сендей жаш кыздын тиши өтпөйт" деп жүйө келтиришкен. Анткен менен Сурабалдиева бизнесин колдон чыгарбай, базарды тогуз жыл, Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенге чейин башкарган.

Адилеттүүлүк издеп эки президентке кирген

Биринчи жолу атасынын өлүмүнөн кийин дароо базарында текшерүү иштери башталып, анда иштегендерге кысым көрсөтүлгөндө, Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болгон.

"Ойлоп көрсөм ошол кездеги кайгы-муңум бардык коркунучту айдап кетиптир. Бакиевге атамдын кыркы боло электе басып алып текшерүүлөр болуп жатканын айткам. Ал менин көзүмчө тиешелүү органдарга чалып, мыйзамсыз текшерүү жүргүзүп жаткан адамды тапкан. Ошол замат базарда бир дагы текшерүүчү калбай чыгып кетиптир", — деген Сурабалдиева маектеринин биринде.

Экинчи ирет "туугандарынын бизнесин жалган-жалаа менен текшерүүлөр токтобой койгондо" мурдагы президент Сооронбай Жээнбековго барган.

"Ага кайрылганымдын себеби текшерүүчүлөр президенттин атын атап келишкен. Аны Жээнбековдун өзүнө айтсам шок болуп калган", — деген вице-премьер дагы бир маегинде.

Парламенттик башкарууну колдойт

Сурабалдиева мамлекет толугу менен парламенттик башкарууга өтүүсүн колдойт. Ошол себептүү маектеринин биринде "Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга акыркы президент болсо" деген тилеги бар экенин айткан.

Оштун жаңы жетекчиси Жарасул Абдураимов тууралуу 6 факты

Жолдошу менен ажырашкан

Өзүнүн айтымында, жолдошу менен саясатка келгенге чейин ажырашкан. Ошондон кийин үй-бүлө куруу маселеси экинчи планга жылып кеткенин жашырбайт. Бирок "жаздагы карантин учурунда адамга аны түшүнүп, сырдаша турган жан шерик керек экенин" түшүнгөнүн айтат.

0
Белгилер:
депутат, бизнес, өлүм, ата, факты, Эльвира Сурабалдиева
Тема боюнча
Эльвира Сурабалдиева вице-премьерлик кызматка киришти
Абакта "авторитет" болгон. Бишкек мэрлигине кайра келген Түлеев жөнүндө 7 факты