Түштүк Корея бийи. Архивдик сүрөт

Бүгүн куурчак театрында корей дискотекасы болот

95
Сахнадагы артисттер алгач заманбап, андан соң улуттук бийлерди аткарышат.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бүгүн Муса Жангалиев атындагы куурчак театрында көчмөн корей элинин 80 жылдыгына карата бий шоусу болорун Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган театрдын жетекчиси Сатылган Сазаев билдирди.

"Саат экиде куурчак театрынын алдында Түштүк Кореядан келген бийчилер көчмөн корей элинин 80 жылдыгына карата өткөрүп жаткан иш-чарасынын алкагында өспүрүмдөр үчүн бий шоусун арнайт. Алгач ачык асман алдында балдар үчүн дискотека уюштурулуп, кийин сахнада бир нече муундун бийлери тартууланат", — деди Сазаев.

Сахнадагы артисттер алгач заманбап, андан соң улуттук бийлерди аткараары белгилүү болду.

Шоу-программа акысыз болгондуктан, театр жетекчилиги бардык каалоочуларды көңүл ачып кетүүгө чакырат.

95
Белгилер:
Корея, Сатылган Сазаев, бий, Куурчак театры
Тема боюнча
Бишкекте куурчак театрлары үчүн "Так теке" эл аралык фестивалы өтөт
Сазаев: "Так теке" фестивалына онго жакын театр катышат
Ош шаарында корей маданиятынын айы өткөрүлөт

Кыргызстандан барган тасма Алматыда "Мыкты фильм" аталды. Видео

41
Алматыдагы эл аралык фестивалда бишкектик чыгармачыл топ тарткан тасма "Мыкты фильм" номинациясында жеңишке жетти. Бир минуталык чакан тасмада экология темасы көрсөтүлгөн.

Кыргызстандыктар тарткан чакан фильм мыкты деп табылганын фетивалдын PR-менеджери Олеся Колесниченко кабарлады.

Сынактын шарты боюнча, смартфондун камерасына тартылган тасмаларын Кыргызстан, Казакстан, Испания, Түштүк Корея, Япония, АКШ, Россия сыяктуу 16 өлкөнүн өкүлдөрү тартуулаган.

Кыска метраждуу (12 мүнөткө чейин) "Мыкты фильм" номинациясын бишкектик чыгармачыл топ тарткан Present for Future тасмасы утту.

Анда кичинкей кыздын жашыл токойду аралап, чымчыктын үнүнөн рахат алып жүргөнүн көрүүгө болот. Бирок чындыгында ал виртуалдык реалдуулукта жүргөнү, өзү көз айнек тагынып караңгы бөлмөдө турганы көрсөтүлөт.

"Жаратылышка аяр мамиле кылбасак, дал ушундай келечекке туш болобуз", — дейт тасманын режиссеру.

Киноиндустриянын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу фильмге мыкты деген баа берген.

41
Белгилер:
тасма, фестиваль, Бишкек, Алматы, жеңиш, экология
Тема боюнча
"Акыркы көч" тасмасы Сан-Паулодогу беделдүү сынакта ат салышат

Геннадий Базаров сүйүүсүн тапкан. "Көздүн кареги" тасмасындагы ирмемдер

42
(жаңыланган 17:19 16.10.2021)
  • СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев
  • Болот Бейшеналиев Москвада жашап-иштеген Эркиндин образында
  • Болот Бейшеналиев башкы каарман Эркиндин, россиялык актриса Светлана Данильченко аялынын ролунда
  • Киночулар Москванын метросунда түнү менен иштеген. Себеби күндүз тартуу иштерине уруксат берилген эмес
  • Башкы каармандын көзү өтүп кеткен атасынын ролун Сүймөнкул Чокморов ойногон
  • Москвада Кызыл аянтта кызуу иштеген киночулар. Камеранын ары жагында көз айнекчен турган Базаров
  • Тартуу маалында актрисага көз салган режиссер
  • Балмуздак жеген СССРдин эл артисти жана кичинекей актриса
  • Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиев, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары, 1976-жыл
  • СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, режиссер Геннадий Базаров, актриса Светлана Данильченко
  • Өз мекенине келип жакындарына жолуккан Эркин
Быйыл ата мекендик кинематография 80 жылдыгын белгилөөдө. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз киночулары жараткан тасмалардагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Мындан 45 жыл мурун белгилүү режиссер Геннадий Базаров "Көздүн кареги" тасмасын тарткан. Анын сценарийин Ашым Жакыпбеков менен Леонид Дядюченко жазган эле. Кинокартина Москвада сүйүүсүн таап, ошол жактан орун-очок алган жигит менен анын апасынын ортосундагы мамиле, туулуп-өскөн жеринен алыс жүргөн Экриндин ички сезимдери баяндалат. Фильмде башкы ролду Бакен Кыдыкеева (Асылкан), Болот Бейшеналиев (Эркин) аткарган.

Ошол учурду аталган тасманы жаратуу ишине катышкан кинофотограф Александр Федоров мындайча эскерди:

"Тасмада жакындары, апасы менен көп байланышпай Москвада иштеген Эркиндин жашоосу, уулунун жашоо-турмушун, үй-бүлөсүн өз көзү менен көргүсү келген апанын окуясы көрсөтүлөт. Биз тартуу иштерине Москвага барганда аябай кубанганбыз. Актердук курам да күчтүү болчу. Кыдыкеева, Бейшеналиев өңдүү эки корифей кинофильмдин көркүн ачкан. Тасманын администратору болуп жаңы эле жогорку окуу жайды бүткөн Райва Тойгонбаева келген. Ошол убакта Геннадий экөөнүн мамилеси жакшы болуп кийин киночулардын үй-бүлөсү пайда болгон", — деди Федоров.

Көркөм фильм 1977-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Бакен Кыдыкеева Ригада өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда сыйлыкка татыган.

Адамдардын ички ой толгоосун, кусалыгын чагылдырган эмгекке Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Медель Маниязов, Орозбек Кутманалиев, Жээнбек Мукамбетов, Медер Сыдыков, Бакы Өмүралиев, Мамлакат Кылычева, Алиман Жангорозова, Клара Юсупжанова да катышкан.

42
  • СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев
    © Sputnik / Александр Федоров

    СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев

  • Болот Бейшеналиев Москвада жашап-иштеген Эркиндин образында
    © Sputnik / Александр Федоров

    Болот Бейшеналиев Москвада жашап-иштеген Эркиндин образында

  • Болот Бейшеналиев башкы каарман Эркиндин, россиялык актриса Светлана Данильченко аялынын ролунда
    © Sputnik / Александр Федоров

    Болот Бейшеналиев башкы каарман Эркиндин, россиялык актриса Светлана Данильченко аялынын ролунда

  • Киночулар Москванын метросунда түнү менен иштеген. Себеби күндүз тартуу иштерине уруксат берилген эмес
    © Sputnik / Александр Федоров

    Киночулар Москванын метросунда түнү менен иштеген. Себеби күндүз тартуу иштерине уруксат берилген эмес

  • Башкы каармандын көзү өтүп кеткен атасынын ролун Сүймөнкул Чокморов ойногон
    © Sputnik / Александр Федоров

    Башкы каармандын көзү өтүп кеткен атасынын ролун Сүймөнкул Чокморов ойногон

  • Москвада Кызыл аянтта кызуу иштеген киночулар. Камеранын ары жагында көз айнекчен турган Базаров
    © Sputnik / Александр Федоров

    Москвада Кызыл аянтта кызуу иштеген киночулар. Камеранын ары жагында көз айнекчен турган Базаров

  • Көздүн кареги кинокартинасындагы кадр артындагы учур: Кыдыкеева ролун кайрадан кайталап жаттап жатат
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Көздүн кареги" кинокартинасындагы кадр артындагы учур: Кыдыкеева ролун кайрадан кайталап жаттап жатат

  • Тартуу маалында актрисага көз салган режиссер
    © Sputnik / Александр Федоров

    Тартуу маалында актрисага көз салган режиссер

  • Балмуздак жеген СССРдин эл артисти жана кичинекей актриса
    © Sputnik / Александр Федоров

    Балмуздак жеген СССРдин эл артисти жана кичинекей актриса

  • Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиев, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары, 1976-жыл
    © Sputnik / Александр Федоров

    Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиев, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары, 1976-жыл

  • СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, режиссер Геннадий Базаров, актриса Светлана Данильченко
    © Sputnik / Александр Федоров

    СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, режиссер Геннадий Базаров, актриса Светлана Данильченко

  • Өз мекенине келип жакындарына жолуккан Эркин
    © Sputnik / Александр Федоров

    Өз мекенине келип жакындарына жолуккан Эркин

Белгилер:
режиссер, Геннадий Базаров, тасма, сүрөт
Тема боюнча
Композ, Жаздык 66 жашта. Актер, режиссер Мурат Мамбетов жараткан образдар
Академиянын алгачкы президенти болгон. Иса Ахунбаевдин сүрөттө калган ирмемдери
Талибан кыймылынын мүчөсү. Архив

Батыш карызын төлөөдөн баш тартууда. Талибдерди таануу керекпи же жокпу?

0
Афганистанга арналган саммитке Россия менен Кытайдын катышпаганы жөн жерден эмес. Эки өлкөнүн афган көйгөйүнө мамилеси да, көз карашы да таптакыр бөлөк.

"Ири жыйырмалыктын" Афганистанга арналган саммитинде батыш лидерлери өлкө кыйроо, ачарчылык, башаламандыктын босогосунда турганын айтып жатышты. Бечара афгандыктарга гуманитардык жардам көрсөтүп, "мамлекеттик коллапска" жол бербөө керектигин, болбосо чектеш мамлекеттерге миграциялык агым күчөп, мунун кесепети оор болору тууралуу сөздөр айтылды. Кырдаал кандай нукка багыт алганын Петр Акопов талдап, макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Жардам берсин, бериши керек, анын үстүнө Афганистанды 20 жыл мурун дал ушул Батыш басып алган, аскерин чыгарып кеткенден кийинки кырдаал ушулардын жоопкерчилигинде.

Мына ушул жерден театр башталды: Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо "талибдерге акча карматпай туруп өлкөнү каржылоонун механизмин табууга" чакырды. Келгиле, бийлигин көзгө илбей элине жардам берели таризде. Муну акыл-эсти жана афгандыктарды шылдыңдоо катары гана кабыл алуудан башка айла жок.

Батыш жардамды БУУ структуралары аркылуу берүүнө сунуштап, Афганистандагы иштин баарын БУУ координацияласа деп турат. Бирок өлкө бийлигин тааныбаса бир дагы эл аралык уюм аймакта иштей албайт, башкача айтканда, кандай болгон күндө да реалдуулукту кабыл алып, талибдердин өкмөтүн тааныш керек.

Афганистан чет элдик көмөксүз жашап кете алабы? АКШ түзгөн өкмөт америкалыктардын айдагы менен болуп тим калбастан, ошолордун акчасы менен жан багып келди (баңгизат тарифигинен негизги кирешени ким алып келгенин айтпай эле коелу), мамлекеттик чыгымдын төрттөн үч бөлүгү чет элдик жардамдын эсебинен каржыланып келген. Ганинин өкмөтү кулатылып, америкалыктар менен иштешкен жүз миң афгандык өлкөдөн качып кеткенден кийин ансыз да араң жан турган банк системасы кыйрап түштү. Өз алдынчалуу мамлекеттик институттар менен бирге эле азыр экономиканы да кайра куруу зарыл, буга сөзсүз жардам керек. Биримдиктүү, күчтүү, көз карандысыз Афганистанга кызыкдар тараптардын жардамы зарыл.

Ал эми Батыш эмне кылып жатат? Кошмо Штаттар Афганистанга тиешелүү 9,5 миллиард долларды тоңдуруп салып, эми Евробиримдиктин миллиард, АКШнын 300 миллион доллар өлчөмүндөгү гуманитардык жардамын берүү үчүн Кабулга шарт коюуда. Өз эркин афгандыктарга таңуулап көнгөн Батыш 20 жылдык оккупацияда жеңилген соң да жаңы улуттук бийликке талап коюудан баш тарта албай келет. Башкача айтканда, афгандыктардын кыжырын кайнаткан, талибдерди бийликке кайтарган нерсени кайталап жатат.

"Эл аралык коомчулук афган элине далысын салып, кайдыгер боло албайт", — деди Түркия президенти Эрдоган. Эгер качкындардын агымынан кооптонбосо, Батыш кайдыгер болуп эле коймок. Андыктан Афганистанды унутта калтырып же таптакыр изоляциялап салууга болбойт, кандайдыр бир реакция жасоого мажбур.

Эң ынанымдуусу — жаңы өкмөттү таанып, санкцияларды жоюп, акчаны "бошотуп", көмөк көрсөтүп, чет элдик (биринчи кезекте исламдык) инвестицияларга тоскоол болбой ар кыл эл аралык долбоорлорго кошулууга жардам көрсөтүү. Жок, тилекке каршы, мындай болгон жок. Анын ордуна талибдерден ИМ* сыяктуу уюмдарга каршы күрөшүүдөн (ансыз деле күрөшүп жатышат) тышкары, адамдын ар кыл укугун сактоо (аялдардын укугу, өлкөдөн чыгуу укугу ж.б.) жана тышкы күчтөрдү канааттандырган өкмөт түзүүнү (курамына улуттук азчылыкты камтыган) талап кылып, опузалап жатат.

Талибдер ИМ менен күрөшүүдөн да, аялдардын укугун таануудан (шариятка каршы келбегенин) да, болочок өкмөткө өзбектерди, тажиктерди, хазарийлерди кошуудан да баш тарткан жок, бирок муну алар бирөөнүн айдагы, таасири менен эмес, өздөрү жасагысы келип жатат. Талиб өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткарып жаткан Амир Хан Муттаки билдиргендей, "Афганистан Ислам Эмирлиги ушул кезге чейин ИМ көйгөйүн ийгиликтүү чечип келген", бирок талибдерге жасалган эл аралык кысым ИМ террорчуларын шыкактап жатат, демек, "дүйнө басым жасоонун ордуна биз менен кызматташуусу керек".

Чынында ушу тапта чет жактын өкүмзорлугу таптакыр тескери жыйынтыкка алып келиши мүмкүн.

Талибдер алардын мыйзамдуу бийлик катары кабыл алынбай жатканын, биринчи ирет бийликке келген 1996-2001-жылдардагыдай эле көз жаздымда калтырып, дүйнөлүк аренага чыгарбай жатканын көрөт. Анан өзү менен өзү болуп, дүйнөлүк коомчулукка чыга албай турганына көзү жетет да, "бул каапырлардан башка эмнени күтүп болмок эле" деп тышкы дүйнөгө артын салат.

Дагы жакшы, аалам Батыш менен бүтүп калбайт, Афганистан бүгүн таптакыр башка күчтөрдүн жоопкерчилигинде. "Ири жыйырмалыктын" ушул өлкөгө арналган саммитине Россия менен Кытай лидерлеринин катышпаганы да да жөн жерден эмес, алардын буга көз карашы да, мамилеси да таптакыр башка.

Мында кеп Москва менен Пекиндин Батышка улам-улам Афганистанга "карыз" экенин, өлкөнү калыбына келтирүүгө милдеттүү экенин эскертип жатканында деле эмес. Атлантисттерге Афганистандын мышык ыйлаарлык абалы үчүн жоопкер экенин эстетип туруу бул саясий-пропагандалык позиция экени түшүнүктүү. Чынында орустар да, кытайлар да Батыш аталган өлкөгө инвестиция салып жиберет деп ишенбейт. Афганистанды калыбына келтирүү үчүн Азиянын өзүндө деле акча жетиштүү, бул биринчи кезекте Аравия менен Кытайдын каражаты. Бирок бул акча келиши үчүн, Афганистанды дааналап дүйнөлүк экономикага кошуу үчүн (азырынча баңгизат бизнесинде гана бар) талибдердин өкмөтүн таанып, өлкөнү калыбына келтирүүгө кызыкдар мамлекеттерди ишке тартуу керек.

Мындан улам кийинки жумада Афганистан боюнча Москва форматындагы жолугушуу өтөт. Сергей Лавров бул сүйлөшүүнү өлкөнү калыбына келтирүү боюнча эл аралык конференцияга жасалган кадам деп баалоодо. Иш-чаранын зарылдыгын баары белгилеп жатышат, бирок саммитти афган өкмөтү жок өткөрүү эч пайдасыз. Андыктан талибдерден өкүлдөр чакырылып, эң негизгиси, жолугушууга туура тараптар келмей болду. "Москва форматы" өзүнө Россиядан тышкары Афганистандын бардык коңшуларын: Борбор Азия мамлекеттерин, Иран, Пакистан, Кытай жана Индияны камтыйт. АКШнын да келиши күтүлүүдө, бирок жогорудагы курамда чоочун койдой эле болуп калчудай.

Анткени Америкадан башкасынын баары ШКУга — Азия коопсуздугу боюнча азиялык уюмга мүчө. Кабул бийлиги жакын коңшулары, Афганистандын тынчып жай турмушка келүүсүн чындап каалаган өлкө өкүлдөрү менен баарлашат. Алар жаңы согуш чыгарып жиберели деп куйтуланбайт, теңине албай керсейбейт. Реалдуулук кандай болсо, ошондой кабыл алат. Ушунусу менен артык.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм

0
Белгилер:
Афганистан, бийлик, саясат, АКШ, Россия, Борбордук Азия, саммит, мамлекет, согуш
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
G20 уюму: Афганистанга гуманитардык жардам берүүгө мажбур болуп турабыз