Айпери менен Нурпери катышкан Галкиндин шоусу 11-июнда көрсөтүлөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети Instagram пользователя aiko_nurko. Сестры-близнецы Айпери и Нурпери Тургуналиевы
Снимок с социальной сети Instagram пользователя aiko_nurko. Сестры-близнецы Айпери и Нурпери Тургуналиевы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өздөрүнүн бийи менен социалдык тармактарды багындырган бир тууган Тургуналиевалар менен Брюс Линин ыкмаларын мыкты өздөштүргөн Нурмухаммед Ташмаматов Россиянын Биринчи каналынын "Лучше всех" шоусуна катышышкан.

БИШКЕК, 14-май. — Sputnik. "Лучше всех" таланттар шоусуна катышкан эгиз кыздар Айпери менен Нурпери Тургуналиевалардын номери теледен бир айдан кийин көрсөтүлөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине кыздардын апасы Наргиза Сулайманова билдирди.

Өздөрүнүн бийи менен социалдык тармактарды багындырган бир тууган Тургуналиевалар менен Брюс Линин ыкмаларын мыкты өздөштүргөн Нурмухаммед Ташмаматов Россиянын Биринчи каналынын "Лучше всех" шоусуна катышышкан

"Жакында эле мага Биринчи каналдан телефон чалып, кыздарым катышкан чыгарылышты 11-июнь күнү көрсөтүшөрүн айтышты", — деди Сулайманова.

Ал эми Нурмухаммед Ташмаматов катышкан берүү качан көрсөтүлөрү азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0