Акын Жоомарт Бөкөнбаев тууралуу кино көрсөтүлүп, эмгектери эскерилет

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекАкын, драматург жана котормочу Жоомарт Бөкөнбаевдин айкели. Архив
Акын, драматург жана котормочу Жоомарт Бөкөнбаевдин айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмө учурунда "Жоомарт – мекенчил акын" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталат.
БИШКЕК, 16-май. — Sputnik. Борбор калаада акын, драматург жана котормочу Жоомарт Бөкөнбаевдин "…Алтынды сансыз кылып тапкан эмгек, Адамды адам кылып баккан эмгек!.." аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Улуттук китепканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара үстүбүздөгү жылдын 16-майында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада болот.

"Иш-чарада "Жоомарт – мекенчил акын" сынагы жыйынтыкталып, ал жөнүндө тартылган телефильмден үзүндү жана "Чептен эрдин күчү бек" мультфильми көрсөтүлөт",— деп жазылат маалыматта.

Иш-чараны Жоомарт Бөкөнбаев атындагы коомдук фонд, "Кут билим" гезитинин редакциясы жана Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасы уюштурууда. Ага президент жана өкмөт аппаратынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, студенттер менен ЖМК өкүлдөрү катышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0