Канн кинофестивалында Кыргызстандын беш тасмасы көрсөтүлөт

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүФранцияда абройлуу Эл аралык Канн кинофестивалы башталды
Францияда абройлуу Эл аралык Канн кинофестивалы башталды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык иш-чара кыргыз киносун эл аралык рынокко чыгарууда универсалдуу аянтча боло алат.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Канн кинофестивалында кыргыз режиссерлорунун беш тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунун сайтында жарыяланды. 

Жакында эле Францияда абройлуу Эл аралык Канн кинофестивалы башталды.

Фильм В поисках мамы - Sputnik Кыргызстан
"Апамды издеп" тасмасы Германия менен Францияда көрсөтүлөт
Сайтка жарыяланган маалыматка ылайык, кыргыз режиссерлорунун тасмасы казакстандык Kazakhstan Cinema компаниясы тарабынан көрсөтүлөт. Буга чейин аталган компания бир гана казакстандык кинолорду көрсөтүп келген. Быйылтан баштап Кыргызстан менен Тажикстандын студияларында тартылган долбоорлорду дагы өз тизмесине киргизген.

Анда Руслан Акундун "Апамды издеп", Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай", Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия", Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулуунун "Ата керээзи" жана Нурлан Абдыкадыровдун "Кыргыз-казак бир тууган" тасмалары көрсөтүлмөкчү.

Борбор азиялык кинематографисттердин бул фестивалга катышуусу алардын потенциалын дүйнө коомчулугуна таанытууга өбөлгө түзүп, кыргыз киносун эл аралык рынокко чыгарууга универсалдуу аянтча боло алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0