Калемгерлер арасында сынак жарыяланды

© Sputnik / Михаил Маркив / Медиабанкка өтүүЖазуучу. Архив
Жазуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакта мыкты делген көркөм адабий чыгармалар, котормолор жана усулдук колдонмолор тандалып алынат.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия калемгерлер үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу маалымат аталган комиссиянын сайтына жарыяланды.

Билдирүүгө караганда, кароодо мыкты делген көркөм адабий чыгармалар, котормолор жана усулдук колдонмолор тандалып алынат.

акын кыздар Айсулуу Эсен кызы, Нуркыз Рыскул кызы, Рыскүл Изатова - Sputnik Кыргызстан
"Ырымдасыз..." Акын кыздар поэзия кечесине чакырат
"Мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү жана элдин биримдигин чыңдоо максатында жарыяланган сынактын негизинде акын-жазуучулардын китептери "Азыркы адабият", жаш калемгерлердин жыйнактары "Дүбүрт", чет элдик адабияттын кыргыз тилине котормосу "Дүйнѳлүк адабият", ал эми кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын башка тилдерге которгон котормочулардын эмгектери "Дүйнѳ" серияларынын алкагында жарык көрөт", — деп жазылат маалыматта.

Сынак 2017-жылдын 20-июнуна чейин созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0