Disney тарткан Кощей жана жезкемпир тууралуу орусча комедиянын трейлери чыкты

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүП/к, посвященная завершению съемок фильма "Последний богатырь"
П/к, посвященная завершению съемок фильма Последний богатырь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасманын бет ачаары 2017-жылдын күз айында көрсөтүлөт

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Disney студиясы Россиянын Yellow, Black and White компаниясы менен биргеликте орус жомокторунун негизинде "Акыркы баатыр" аттуу тасма тартты.

Тасманын сюжетинде баш каарман Иван фантастикалык Белогорье өлкөсүнө түшүп калып, ал жактан Кощей менен жезкемпирди жолуктурат. Каармандар чогулуп алып баатырлардын кылычын издеп жөнөшөт.

"Акыркы баатыр" тасмасынын режиссеру Дмитрий Дьяченко. Башкы ролдорду орус актерлору Виктор Хориняк, Мила Сивацкая, Екатерина Вилкова жана Елена Яковлева аткарышкан.

Фильмдин бет ачаары 2017-жылдын күз айында көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0