Өлкөдө биринчи жолу кымыз жана туризм фестивалы өтөт

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүВсемирный фестиваль эпосов народов мира в Бишкеке
Всемирный фестиваль эпосов народов мира в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар кыргызстандыктарды иш-чарага катышууга чакырат.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу кымыз жана туризм фестивалы өтө турганын Кыргызстандагы туроператорлор ассоциациясы билдирди.

Иш-чара ички туризмди өнүктүрүү, бизнес өкүлдөрүнүн кызматташуусу үчүн ыңгайлуу аянтча түзүү максатын көздөйт. Борбор калаадагы соода борборлорунун биринде өтө турган фестиваль 27-28-май күндөрүнө белгиленген.

Уюштуруучулар кыргызстандыктарды аталган иш-чарага катышып, өз продукциясын көрсөтүп кетүүгө чакырат.

Кымыздын даярдалышы, курамы, пайдалуулугу тууралуу жана кымыз менен дарылануучу жайлардын картасын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0