Улуттук фестиваль. Архивдик сүрөт

Ултаң, кырмызы, чукак... Эски сөздүн эбин таба аласызбы?

1507
(жаңыланган 16:21 29.11.2017)
Шаакан Токтогул
Убакыттын өтүшү менен көөнө сөздөрдүн көбү колдонулбай, көмүскө калып барат. Аларды кайра жандандыруу максатында чечмеленишин сунуштайбыз.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында улуу манасчы Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы "Манас" эпосундагы эски сөздөрдүн түшүндүрмөсүнө көңүл бурабыз.

Өкчө – така

Сарап – көздү күн нурунан калкалай турган атайын калканч

Түшкүн – өрмө камчынын учундагы түйүн

Ултаң – өтүктүн таманына иштетилчү тери, өтүктүн таманы, өтүк ултаруу сөзү да ушул ултаңдан келип чыккан

Чукак – тартыш, аз деген мааниде колдонулат.

Эндекей – бейкапар, камаарабай деген мааниде колдонулат.

Эңчегер – киши боюнун сыпаты, орто бойлуу

Кетечик – келиндердин күзгү тарак, атыр, упа салынган кооз кичинекей баштыгы, азыркы тил менен айтканда клатч

Мүлдө – деги эле, жалпы, такыр деген мааниде колдонулат, орус тилиндеги "вообще" сөзүнүн ордуна кеңири колдонууга болот.

Түкшүмөл – так эмес пикир, жоромол, бүдөмүк ой

Көөнө – эски, байыркы, мурдагы

Кырмызы – кызыл менен сыянын ортосундагы түс, күлгүн кызыл

1507
Белгилер:
түшүндүрмө, маани, тибиртке, сөз
Тема:
Тибиртке — кыргызча туура сүйлөйбүз (73)
Тема боюнча
Карсак, кээ, мискин... Көөнө сөздү көөнүңө түйүп ал!
Байда кедейдин көз акысы бар – эмне тууралуу кеп болуп жатат?
Аспиет, булгун, жерик… Көөнө сөздүн маанисин билесизби?