"Ата керээзи" тасмасы Россиядагы эл аралык кинфестивалда баш байгеге татыды

© Фото / Виолетта Савчиц"Ата керээзи" тасмасынын режиссеру Дастан Жапар уулу. Архив
Ата керээзи тасмасынын режиссеру Дастан Жапар уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалга 50дөн ашык тасма ат салышып, көркөм тасмалар арасында "Ата керээзи" баш байгеге татыган.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. "Ата керээзи" тасмасы Чуваш Республикасындагы эл аралык кинофестивалда баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, 22-майдан 27-майга чейин Чуваш Республикасында X эл аралык кино фестивалы өткөн. Киносынак төрт номинация боюнча болуп, анда көркөм тасмалар арасында "Ата керээзи" баш байгеге татыган.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки кыргыз тасмасы Севастополдо өткөн фестивалдан байгелүү кайтты
Аталган фестивалда 50дөн ашык тасма ат салышкан.

Эки саатка чукул созулган толук метраждуу "Ата керээзи" тасмасы "Кыргызфильм" жана "Элфильм" студияларында тартылып, башкы ролдордо Иман Мукул, Марат Алышпаев, Тынара Абдразаева, Бакыт Мукул жана башкалар ойногон.

Сценарийге ылайык, Америкада жашап жаткан Азат аттуу бала атасынын керээзи менен анын сөөгүн Кыргызстанга алып келет. Карыздарынан кутулуп, туугандары, достору менен жолугуп, жергиликтүү окуялардын күбөсү болот. Улам барган сайын Ата журттун топурагы кымбат экенин сезип, Америкага кетер-кетпесин билбей арсар ойго батат.

Жаңылыктар түрмөгү
0