Назира Мамбетова: эмне үчүн театрдан алыстаганымды айта турчу күн келди

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз Республикасынын Эл артисти, кино жана театр актрисасы Назира Мамбетова маек учурунда
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кино жана театр актрисасы Назира Мамбетова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрүнүн бүтүндөй 50 жылын сахнага байлаган Кыргыз Республикасынын Эл артисти, салмактуу кино тасмаларда жана спектаклдерде роль жаратып маданиятыбызга салым кошкон актриса Назира Мамбетова менен журналист Гүлдана Талантбекова маек курду.

Назира Мамбетова чыгармачылыгы, аялдык тагдыры тууралуу маектин жүрүшүндө эмне себептен акыркы жылы өзү иштеген Жаштар театрынан алыстаганын ачык айтып берүүнү чечти. Актриса көрө албастыкты ачуу дарт деп эсептейт.

— Назира эже, кечээ сизди издеп Жаштар театрына барганда номериңизден башка эч нерсе таба алган жокмун. Байланышканымда "азырынча бош элемин, интервьюга каалаган убакта бара алам" дедиңиз. Азырынча чыгармачылыкка байланыштуу иштериңиз азыраак десем жаңылышпаймбы?

— Киного тартылуу иштери буюрса 1-июлда башталат. Режиссер Геннадий Садырович Ысык-Көл өрөөнүндө жазуучу Мырза Гапаровдун "Туздуу чөл" аттуу чыгармасына тасма тартат.

Мамбетова: көрө албастык ачуу дарт экен!

— Ага чейин театрдын гана иштери менен алек болот турбайсызбы?

— Мен 1,5 жылдан бери театрга көп барбай калдым. Эл акыны Меңди Мамазаирова мага арнап "Актриса" деген пьеса жазган. Жакында ошонун премьерасын өткөрүп, түштүк жергесине барып келдик. Эл бизди ушунчалык эргүү менен кабыл алды. Билесизби, актерлордун чыгармачылык жолунда көрүүчүлөрдүн бийик деңгээлдеги кабыл алуусу чанда болот.

© Фото / из личного архива Назиры МамбетовойКыргыз эл артисти Назира Мамбетова Европада
Народная актриса Кыргызстана, артистка театра и кино Назира Мамбетова - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эл артисти Назира Мамбетова Европада

— Бийик деңгээлдеги кабыл алуу эмнеге чанда кездешет деп ойлойсуз? Театрга болгон мамиле салкындагандан уламбы?

— Салкындады. Бир четинен чыгармачылык жамаатка доомат койгум келет. Азыр элдин табити өзгөрдү. Биз ал табитке жооп берип, элдин аң-сезимин өзгөркөн күчкө ээ болушубуз керек деп ойлойм.

Актер и режиссер Аскат Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Аймактык милиция 39 жашта! Аскат Сулайманов тууралуу 7 факты
Экинчи жагдай интернет, телевидение, техниканын өнүгүшү театрга таасирин тийгизүүдө. Үчүнчү себеби, эмнегедир биздин мамлекет маданиятка кош көңүл мамиле кылат. Эгерде көңүл бурулуп, актерлорго талаптар жогору коюлса, балким эл көз кумарын кандыруу үчүн театрга келгиси келмек. Маданиятыбыз анчейин өнүгө албай жатат. Маселен, "Курманжан датка" фильми менен Казакстанга эки жолу бардык. Ошондо биздин эң сыйлуу адамдарыбыз "ырчылар, актрисалар, кино жаратуучулар" деп сыймыктануу менен айтышты. Бирок биздин алган айлыгыбыз 100 доллардын тегерегинде болсо, башка өлкөлөрдө 1000 доллардын айланасында. Бул суммалар маданиятка канчалык деңгээлде маани берилип жаткандыгынан кабар берет.

— Төмөндө театрга 1,5 жылдан бери көп каттабай калдым деп калдыңыз. Себеби эмнеде болушу мүмкүн?

— Себептер көп. Бирок ачык эле айтайын. Көрө албастык деген ачуу дарт экен. Акыркы жылдары "Курманжан датка" тасмасына тартылып, Султан Раевдин мага арнап жазган "Суфлер" аттуу спектаклинде, Меңди Мамазаированын мага жазган "Актриса" пьесасында роль жараттым. Театрда да бир топ иштерди жасачу элем. Анан анча-мынча чабал адамдар көрө албастык менен мага каршы үгүт иштерди жүргүзө баштады. Болуптур, силер иштегиле деп театрга кээде гана келем. Тилекке каршы театрда иш деле көңүл жылытаарлык эмес.

— Бир жарым жылдан бери көп каттабай калсаңыз деле анда-санда жумуштар менен барып турат экенсиз. Акыркы жолу өзүңүз иштеген театрдын босогосун качан аттадыңыз?

— Бакен Кыдыкеевага арналган "Талант жана тагдыр" деген чыгармада ролум бар эле, аны да тартып алышты. "Актриса" аттуу спектаклдин репетициясына жана койгон учурда баргам. Акыркы жолу 6-майда жумуштар менен кире кеткем.

© Фото / из личного архива Назиры МамбетовойЧыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" тасмасынын негизинде тартылган кинодо Алтынайдын ролун жараткан Наталья Аринбасарова менен
Народная актриса Кыргызстана, артистка театра и кино Назира Мамбетова - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" тасмасынын негизинде тартылган кинодо Алтынайдын ролун жараткан Наталья Аринбасарова менен

— Жумуштан кетсин деген расмий түрдө буйрук чыкты беле?

— Мага карата театрдын режиссерунун, директорунун жана бир-эки актрисанын терс сөздөрүнөн кийин өзүм эле четтөөнү туура көрдүм. Эч ким кет деген жок, буйрук да чыккан жок. Айлык жүрүп жатат.

— Мындай атаандашууларга биринчи эле жолу кабылбасаңыз керек?

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Нурдин Түгөлов атындагы Ак Марал мамлекеттик бий ансамблинин көркөм жетекчиси Анаркүл Нургалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
"Ак Маралдын" жетекчиси: көйнөктөрүбүздүн жупунулугуна карабай суктангандар көп
— Туура, бирок мынчалык эмес эле да. Чыгармачылыкка аттаганыма 50 жыл болду. Ошондон бери төмөндөгүдөй окуяга биринчи жолу кабылдым. Мен Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева, Бүбүсара Бейшеналиева тоскоолдуктарга кабылганын уккам. Бирок өз жонуң менен тартуу таптакыр башкача экен. Мага бут тоскон адамдарга бир четинен боорум ооруйт. Көрө албастык дарты менен жүрүп өтүп кетүү деле жаман болсо керек. Андан көрө мен дагы ийгиликке жетейин деп иш кылышса болмок. Мен бул нерсени биринчи жолу силерге айтып жатам. Мындай көрүнүштү ачык айтпаса болбойт экен.

— Убагында пендечиликке салып, өзүңүз атаандаштык кылган учурлар болдубу?

— Кубанганды кубандырам, күйүнгөндү күйүндүрөм дейт экен. Мен башкалардын ийгилигине кубанып, алардын деңгээлине жеткенге аракет жасайм.

— Театр 50 жылдан бери экинчи үйүңүз болуп келген. Бир топ убакыттан бери алыстаганга кандай сезимде болуп жатасыз?

— Султан Акимович менен Меңди Мамазаированын колдоосуна миң мертебе ыраазымын. Мен чөгүп турганда бул адамдар кол сунду. Чыгарманы жазып келип, мага роль берүү менен элге тартуулап жатышат. Бирок ошого да тоскоолдук кылгандар болууда.

— Сиз айтып жаткан бут тосуулар "Курманжан датка" тасмасынан кийин болуп жатабы?

— Ооба, анын үстүнө мамлекет мага "Манас" орденин берди. Лондонго "Суфлер" спектакли боюнча барып баш байге жана "Аялдар арасында эң мыкты роль" деген наамын алдым. Кесиптештерим "бул театрда жеке эле Мамбетова иштейби" деп ачык эле айтышты.

© Фото / предоставлено ТЮЗ им. Б.КыдыкеевойСултан Раевдин "Суфлер" спектаклинен бир көрүнүш
Спектакль Султана Раева Суфлер - Sputnik Кыргызстан
Султан Раевдин "Суфлер" спектаклинен бир көрүнүш

— "Курманжан датка" тасмасы тууралуу кеп кылып калдык. Улуу датканын орто курагын аткаруу кандайча буйруп калды?

Курманжан датка тасмасынан бир кадр - Sputnik Кыргызстан
Туулган күнүң менен, Элина! Актриса тууралуу кызыктуу 7 факты
— 1990-жылдары Ош кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеп жатканда Курманжан датканын образын ойногон болчумун. Анан Курманжан даткага тасма тартылат дегенди укканда оюмда мен дагы тартылып калсам деп калдым. Анан Садык Шер-Нияз радиодон интервью берип жатып "улгайган кезин Жамал Сейдакматова ойнойт" деп айтып калды. Ошону менен үмүтүмдү өчүрүп койгом. Бир күнү сынакка келип көрүңүз деп айтып калышты. Эки айга чукул жооп күттүм, келген жок. Кайра видео сынакка чакырышты. Жыйынтыгын күттүм, эч ким чалган жок. Күткөн жаман экен. Бир күнү "тез аранын ичинде Ошко учуп келиңиз, жүздөгөн актрисалардын ичинен сизди тандап алдык" деп кубантышты. Сүйүнгөнүм менен эми образды кантип берем деп ойлонуп калдым. Садык мырзага "мен ушул кинодон кийин бар болом же жок болом десем", "эже мен дагы бар болом же жок болом" деп атпайбы (күлүп). Бул кино даярдыгы менен үч жылда бүттү. Жыйынтыгын көргүчө сарсанаа болуп жүрдүк. Элина Абай кызы "толкунданып жатасызбы, элден эмне сөз угат экенбиз" деп телефон чалат, ага улам мен чалып толкунданып жүрдүк. Бирок бардыгын элдин жакшы кабыл алуусу жууп кетти. Сындагандар болгон жок деп айтуудан алысмын.

— Эне катары Камчыбекти дарга аскан жерин кандай кабыл алдыңыз?

— Татаал ролдорго актерлорду акырындап даярдашат. Мен тартылган тасма иштеринин алгачкы күнү баланы дарга асуу жерине туура келип калды. Садык мырза актер менен иштөөдө азамат экен. Ат үстүндө көз менен гана тиктешүүгө шарт түзүп койду. Кийин Төлөгөн Касымбековдун чыгармасындагы "өлүмгө тике кара" деген сөзү эмне үчүн айтылган жок дешти. Садыктын бизге берген тапшырмасында Курманжан датка менен Алымбек датканын ортосунда жаралган бала ошол жагдайга багынып, көз жашын көлдөтүп ыйлап турса, эки датканын журт алдында аброюу эмне болот эле деген суроосу терең каралган. Баласы өлүмгө кетип жатса албетте эне жүрөгү канап турат. Эл алдында датка шолоктоп ыйлап турса датканын образы эмне болот эле? Көз менен гана коштоштук. Бул абдан бийик тапшырма. Камчыбек экөөбүз бул тапшырманы аткара алдыкпы же жокпу аны көрүүчүлөрдүн алдына коелу.

© Фото / Айтыш фильм"Курманжан датка" тасмасында Курманжан датканын ролунда
Кадр из фильма Курманжан Датка - Sputnik Кыргызстан
"Курманжан датка" тасмасында Курманжан датканын ролунда

— Ар бир эле адамдын жашоосунда карьерасынын туу чокусу болот эмеспи. Сиздики кайсы жылы, кайсы тасмада болду?

— Эгер мен чыгармачылыктын туу чокусуна жеттим десем туура эмес болуп калат. Изденүү токтобошу керек. Жаш кезимде балким практика жүзүндөгү изденүүм жетишсиз болгондур, азыр бышып турган чагым. Дагы да болсо образдарды жаратсам деген дилгирлик барган сайын күчөйт экен. Мен чыгармачылыктын туу чокусуна жете элекмин. Баары алдыда.

— Актер үчүн киного сунуш түшпөй, роль жаратпай калуу трагедия деп айтышат?

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун өнөркана музейи ачылат
— Борборго эгемендиктин каат жылдары келип, тогуз жыл ишсиз отуруп калдым. Ошол жылдары кантип чыдап олтурдум деп таң калам. Анан Геннадий Базаровдун "Кара кыз" деген фильмине, Бакен Кыдыкееванын тагдыры жөнүндөгү "Талант жана тагдыр" пьесасында роль жаратып калдым. Ошол күндөн баштап бүгүнкүгө чейин чыгармачылыгым Кудайга шүгүр ийгиликтүү уланып келе жатат.

— Аялдык тагдырыңыз тууралуу суроо бергим келип турат. Чыгармачылыгыңыз жеке жашооңузга таасирин тийгиздиби?

— Турмушка чыгып бир кыз, бир уулдуу болгом. Үй-бүлөдө кызганыч деген болот экен. Сегиз жылдан кийин сага да рахмат, мага да рахмат деп жолдошум менен сый эле ажырашкам. Ошону менен аялдык тагдырым акыркы планда калып калды. Биринчи орунда дайыма кино менен театр болуп келе жатат. Бирок мен тандаган жолума өкүнбөйм.

— Ушул кезге чейин турмуш куруп алалы дегендер болдубу?

— Болгон, бирок менин сахнага, киного болгон сезимим жеке жашоого кол сунгандарга багынып берген жок.

© Фото / из личного архива Назиры МамбетовойСпектакль учурунан
Народная актриса Кыргызстана, артистка театра и кино Назира Мамбетова - Sputnik Кыргызстан
Спектакль учурунан

— Уул, кызыңыз жолуңузду жолдодубу?

— Кудайга миң мертебе ыраазымын. Рахмат, жолдобой эле коюшсун. Көрүүчүлөр биздин эмгектин тыянагын гана көргөнү келишет. Болбосо сахна артындагы жашоо кандай экендигин эч ким билбейт. Эл "артисттердин жашоосу кандай жыргал" деп ойлошот. Жыргал деген премьера болуп жатканда, көрүүчүлөр шатырата алакан чапканда, гүлдөр тапышырылып жаткан гана ирмемдер. Башкасы азап.

— Ошондой кыска жыргалчылыктын адамга кереги барбы?

— Баш отубуз менен багынгандын себеби ошол болсо керек. Кыска мүнөттөгү жыргалчылыктын руханий байлыгы эбегейсиз. Билбейм, мындай сезимди сөз менен жеткирүү кыйын.

— Бактылуусузбу?

— Бир күнү бактылуумун, экинчи күнү менден өткөн бактысыз жок. Жашоо ушундай оомалуу-төкмөлүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0