Бишкекте Түгөлбай Сыдыкбековдун 105 жылдыгына карата эскерүү кечеси өтөт

© Sputnik / Чернов / Медиабанкка өтүүКыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков жана Чыңгыз Айтматов. Архив
Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков жана Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы адабият музейинде болмокчу.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бишкекте Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 105 жылдыгына карата эскерүү күнү өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, аталган иш-чара 31-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы адабият музейинде саат 10.00дө башталат.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка 11 номинация боюнча сынак жарыяланды
Эскерүү кечесине жазуучунун жакындары, коомдук ишмерлер, жазуучулар жана шаар тургундары катышат.

Түгөлбай Сыдыкбеков — ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон Кыргыз эл жазуучусу, академик, КР Баатыры. Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган.

Сыдыкбеков Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын кызмат кылган, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы 1997-жылы 19-июлда Бишкек шаарында каза болгон. Анын сөөгүн эл зор урмат, ызаат менен жерге берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0