Гапар Айтиев атындагы музейде балдарга арналган масстер-класстар өтүүдө

© Фото / Адиль ТологоновМастер классы для детей в Национальном музее изобразительных искусств имени Гапара Айтиева
Мастер классы для детей в Национальном музее изобразительных искусств имени Гапара Айтиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинин алдында балдардын майрамына карата оюн-зоок уюштурулуп, мастер-класстар өтүүдө. Бул тууралуу музейдин көркөм сүрөт бөлүмүнүн башчысы Алмакан Найзабекова билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында, музейдин кызматкерлери жана Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен келген студенттер мастер-класс өтүп, балдарды токуганга, сүрөт тартканга үйрөтүүдө.

"80-90-жылдары балдар тарткан сүрөттөрдү фонддон алып чыгып көрсөтүп жатабыз. Андан тышкары, балдар өздөрү тарткан сүрөттөрдү да алып кетүүдө. Анын өнөрүн үй-бүлөсү да байкасын деп ушундай шарт түзүп берүүдөбүз", — деди Найзабекова.

Келген балдар асфальтка ар кандай сүрөттөрдү тартып, аны менен бирге пластилин менен түркүн жан-жаныбарларды жасоодо. Уюштуруучулар активдүү катышкан балдарга белектер берилерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0