Үч өлкөнүн балдары жасаган куурчактардын көргөзмөсү ачылды

© Фото / Адиль ТологоновБишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде кыргызстандык, казакстандык жана өзбекстандык балдар жасаган куурчактардын эл аралык көргөзмөсү өтүүдө
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде кыргызстандык, казакстандык жана өзбекстандык балдар жасаган куурчактардын эл аралык көргөзмөсү өтүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка үч өлкөнүн 7 жаштан 17 жашка чейинки балдары жасаган эмгектери кабыл алынган.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде кыргызстандык, казакстандык жана өзбекстандык балдар жасаган куурчактардын эл аралык көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу "Балажан" республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун директору Дария Мусина билдирди.

© Фото / Адиль ТологоновЭми 60 түрдүү куурчак тууралуу маалымат камтылган китеп Кыргызстандын мектептерине, китепканаларына таратылат.
Эми 60 түрдүү куурчак тууралуу маалымат камтылган китеп Кыргызстандын мектептерине, китепканаларына таратылат. - Sputnik Кыргызстан
1/1
Эми 60 түрдүү куурчак тууралуу маалымат камтылган китеп Кыргызстандын мектептерине, китепканаларына таратылат.
1/1
Эми 60 түрдүү куурчак тууралуу маалымат камтылган китеп Кыргызстандын мектептерине, китепканаларына таратылат.

Анын айтымында, эми 60 түрдүү куурчак тууралуу маалымат камтылган китеп Кыргызстандын мектептерине, китепканаларына таратылат. Бул китептер Өзбекстан менен Казакстанга дагы жиберилмекчи.

"Балдар чоң апасы, таенеси деги эле улуулар айтып берген жомоктогу каармандарды кандай укса, ошондой кылып өз колдору менен жасашты. Башка бирөөгө тиктирип алган куурчактар сынактан четтетилди", — деди Мусина.

Сынакка үч өлкөнүн 7 жаштан 17 жашка чейинки балдары жасаган эмгектер кабыл алынган.

Белгилей кетсек, жарманке 7-июнга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0