Эл аралык фестивалда режиссер Аманбек Ажыматтын тасмасы мыкты деп табылды

© Фото / пресс-служба Департамента кинематографии при МКИТКыргызский режиссер стал победителем гран-при в фестивале "Бастау"
Кыргызский режиссер стал победителем гран-при в фестивале Бастау - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизги калыстар тобунун курамында Кыргызстандын кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев дагы болгон.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Аманбек Ажыматтын "Физрук, алтын, дарыя" аттуу даректүү тасмасы "Хронограф" эл аралык фестивалында мыкты болгонун Кинематографты колдоо фондусу билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара 25-31-май күндөрү Молдованын борбору Кишиневдо өткөн. Даректүү тасмалардын фестивалы быйыл 14-ирет өттү.

Негизги калыстар тобунун курамында Кыргызстандын кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев дагы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0