Президент аксакал өнөрпоздорго "Эл артисти" наамын ыйгарды

© Фото / из семейного архива Келдибека НиязоваНародный артист Кыргызстана, юморист Келдибек Ниязов
Народный артист Кыргызстана, юморист Келдибек Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү Жарлыкка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койду.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген артисттер Келдибек Ниязов, Алтынбек Сапаралиев, Зейнеп Шакеева жана Давлетбек Нургазиевге "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы берилди.

Оператор телеканала ТНТ из Кыргызстана Эмил Раев - Sputnik Кыргызстан
Өзгө жердин өнөр дүйнөсүн багынткан кыргызстандыктар
Тийиштүү Жарлыкка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койду.

Белгилей кетсек, Келдибек Ниязов өзүнүн куудулдук өнөрү менен эл оозуна алынса, Зейнеп Шакееваны калың журт "18 жаш", "Чагылган" ырлары аркылуу тааныйт. Ал эми Алтынбек Сапаралиев "Кантың бар" ыры менен эл оозуна алынган.

Давлетбек Нургазиев учурда Ысык-Көл облустук Касымалы Жантөшев атындагы музыкалуу-драма театрынын көркөм жетекчиси, артист болуп эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0