Окумуштуулар: Үркүнгө Түркия менен Германиянын таасири тийген

© Фото / Элвира Акимова Үркүн. Архив
Үркүн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарыхчылар буга чейин ачыкка чыкпаган маалыматтарды иликтеп чыгышкан. Бул монографияда 1916-жылдагы трагедиялуу окуяга тең салмактуу, акыйкат баа берүүгө аракет жасалганын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде "Восстание 1916 года в Азиатской России: неизвестное об известном" (Азиялыктардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү: ачыкка чыккан нерсенин аркы жагы) аталышындагы тарыхый монографиянын ачылыш аземи өткөрүлгөнүн окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага Россия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын тарыхчылары катышкан.

"Тарыхчылар буга чейин ачыкка чыкпаган маалыматтарды иликтеп чыгышты. Бул монографияда 1916-жылдагы трагедиялуу окуяга тең салмактуу, акыйкат баа берүүгө аракет жасалган", — деп айтылат билдирүүдө.

Орус окумуштуулар — түрколог Виктор Бутанаев менен археолог Юлий Худяков маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: хакастар азыркы кыргыздарды Энесай кыргыздарынын тукуму деп эсептебейт
Негизгиси 1916-жылдагы көтөрүлүштүн келип чыгуу себептерин иликтеп, Россия империясын басып алууга Германия менен Түркиянын тийгизген таасирин талдоого көбүрөөк басым жасалган.

Орто Азиядагы көтөрүлүштөр 1916-жылы 4-июлда Кожент, Тажикстанда башталып отуруп Азиянын башка аймактары да көтөрүлүп чыккан. Тарыхчылардын айтымында, көтөрүлүштү уюштуруу иштерине жергиликтүү калк диний жана саясий жактан кызматташып турган Түркиянын атайын кызматы аралашкан.

Чыгарма Россиянын илимдер академиясынын жалпы тарых институтунун колдоосу менен чыгарылган. Анын бет ачары КМШ, Балтика жана Европа өлкөлөрү катышкан эл аралык жаш окуумуштулар конференциясынын алкагында өткөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0