Кыргызстандын кинотармагында эмгектенген атактуу режиссер Динара Асанованын архивдик сүрөтү

Кыргыз кино өнөрүндөгү кыз-келиндер жөнүндө китеп чыкты

92
Китептин бет ачары 23-июнда Бишкек шаарындагы Кино үйүндө өтөт.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Жакында кыргыз кино өнөрүндөгү режиссер кыздар туурасында кино альбом коомчулукка тартууланат. Бул туурасында Кинематографты өнүктүрүү фондусунан кабарлашты.

Анда Кыргызстандын кинотармагында эмгектенген атактуу Динара Асановадан тарта азыр кинорежиссерлукту аркалап келе жаткан кыз-келиндерге чейин баяндалат.

"Алардын иштери атактуу делген Канн, Берлин, Венеция, Берлин жана Монреалдагы эл аралык кинофестивалдарга катышып, байгелүү орундарды алып келе жатат", — деп айтылат маалыматта.

Китепти чыгаруу идеясы "Роза Отунбаванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусуна таандык.

"Максат — кыргыз киносундагы таланттуу кыз-келиндерди өсүп келе жаткан муундарга тааныштыруу жана бул өнөргө кызыккандарга кол сунуу", — деп жазылган маалыматта.

Китептин бет ачары 23-июнда Бишкек шаарында Кино үйүндө өтөт.

92
Белгилер:
кино, тасма, китеп, бет ачар, режиссер
Тема боюнча
Режиссер Дальмира Тилепбергенова эл аралык кинофестивалдын калыстар тобуна кирди
Жаш киночулардын эл аралык сынагында кыргызстандык режиссер мыкты болду
Эл аралык фестивалда режиссер Аманбек Ажыматтын тасмасы мыкты деп табылды
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков

Талантбеков: "жигин тартып көрүү" душмандын чамасын билүү дегенди түшүндүрөт

55
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп, анын маанисин түшүндүрдү.

"Жигин тартып көрүү" деген адамдын чама-чаркын билүү дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Талантбеков: "жигин тартып көрүү" душмандын чамасын билүү дегенди түшүндүрөт

Анын айтымында, эпосто макал-лакаптар, осуяттар, накыл сөздөр көп кездешет.

"Манаста "жигин тартып көрүү" деген көөнө сөз байма-бай кездешет. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында "Жигин билбей киргендей, жинди болду дейсиңби. Куру жолго жүргөндөй, кутуруп кетти дейсиңби" деген ыр саптары бар. Мындан улам аталган түшүнүк абалын, күчүн, кудуретин, чамасын билүү дегенди түшүндүрө турганын аңдасак болот. Эпосто душмандын чама-чаркын, ал-абалын, кудуретин аңдап-билүү — "жигин тартуу" деп берилген. Муну күнүмдүк турмушта тилдин көркөмдүгүн арттырууга көмөк катары колдонсо болот", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал учурда тиричиликте көптөгөн көөнө сөздөр колдонулбай калганын кошумчалады.

55
Белгилер:
Нурбек Талантбеков, Манас эпосу, эне тил, Кыргызстан
Тема боюнча
Талантбеков: "дара" деген сөздү бир нече мааниде колдонсо болот
Манастын уулу Семетей тасмасы тартуу учурунда

Мамлекеттик катчы "Манастын уулу Семетей" тасмасы тууралуу үн катты

52
(жаңыланган 14:39 02.08.2021)
Мамлекеттик катчы тасманын сценарийинде саясий ката кетип калганын айтып, бул боюнча кинокартинанын жаратуучулары менен талаш-тартыш болгонун белгилеген.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев учурда тартылып жаткан "Манастын уулу Семетей" тасмасы жөнүндө Facebook баракчасы аркылуу үн катты.

Анын айтымында, тасма жаратуучуларынын фильмди тартып баштаар алдында президент Садыр Жапаровго барганы чын.

"Президент Садыр Нургожоевич Жапаров тасманы колдоп каржылап жатат" деген сөздүн канчалык чындыгы бар? Мен мамлекет башчы менен бул маселе боюнча тактап, сүйлөштүм. Тасманы тартам дегендер президентке кирип "Манастын уулу Семетей" деген тарыхый мыкты кино жаратканы жатышканын айтып, "тартуу иштерине Казакстан, Россия көмөктөшөт. Баары сүйлөшүлгөн" десе, мамлекет башчы "андай мыкты фильм тарта турган болсоңор мен каршы эмесмин. Тартсаңар тарткыла. Бирок начар тартылып, кийин жакпай калса чыгартпай коебуз" деген. Алар менен кошо кирген адам "мен тасманы жаратууга каржы жагынан жардам берейин" десе президент "мейлиңиз, мүмкүнчүлүгүңүз болсо колдосоңуз колдоңуз" деп жооп берген. Болгону ушул гана сөз. Тасма тарткандар бардык жерде жарнамалап жүргөндөй, өлкө башчы катуу колдоп, каржылап жаткан жок. Президентке ким болбосун "жакшы иш жасаганы жатам" десе, "мейли, жасаңыз, жок дебейбиз" дегендей эле кеп", — деп жазган Абыкеев.

Мамлекеттик катчы тасманын сценарийинде саясий ката кетип калганын айтып, бул боюнча кинокартинанын жаратуучулары менен талаш-тартыш болгонун да белгилеген.

"Сценарийдин башында эле калмак, кангайлар кыргыздарга бийлик жүргүзүп, Көбөштү хан шайлап кыргыздардан салык алып турушкан. Этегине чейин ушундай. Негизи сценарий чийки. Семетейдин эли-жерин табышына өтө чоң роль ойногон Каныкейдин Тайторуну чапканы жок", — деген ал.

Мындан сырткары, Абыкеев аталган фильмди тартууга мамлекет каржы бөлбөгөнүн айтып, жеке менчик тарап тартып жаткандыктан ишти токтотууга мыйзам жол бербей турганын кошумчалаган. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланып келгенде "Улуттук баалуулуктарды коргоо жөнүндө" мыйзам кабыл алуу керектигин сунуштаган.

Эске салсак, Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады. Фильмдин продюсеринин айтымында, кино Кыргыз эл жазуучусу Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" пьесасы жана "Семетей" эпосунун негизинде тартылууда.

52
Белгилер:
Чолпонбек Абыкеев, пикир, мамлекеттик катчы, 'Манастын уулу Семетей' тасмасы
Тема боюнча
Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады. Сүрөт
Президент Садыр Жапаров в телефонном разговоре поздравил борца Айсулуу Тыныбекову с серебряной медалью на Олимпийских играх в Токио. 04 августа 2021 года

Жапаров Айсулуунун беттешин бүлөсү менен көрүп, балбанды телефондон куттуктады

0
Белгилүү болгондой, өлкө башчы финалдык таймашты үй-бүлөсү менен көргөн. Президент Тыныбекованы келечекте дагы көп ийгиликтер күтөрүн өзгөчө белгилеген.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров телефон аркылуу улуттук курама команданын мүчөсү, балбан Айсулуу Тыныбекованы Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болушу менен куттуктады. Бул тууралу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

  • Президент Садыр Жапаров с супругой Айгуль Жапаровой во время просмотра выступления борца Айсулуу Тыныбековой на Олимпийских играх в Токио. 04 августа 2021 года
    Поздравление президента Садыра Жапарова с серебром Олимпиады Айсулуу Тыныбекову
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Садыр Жапаров с супругой Айгуль Жапаровой во время просмотра выступления борца Айсулуу Тыныбековой на Олимпийских играх в Токио. 04 августа 2021 года
    Поздравление президента Садыра Жапарова с серебром Олимпиады Айсулуу Тыныбекову
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Поздравление президента Садыра Жапарова с серебром Олимпиады Айсулуу Тыныбекову

Белгилүү болгондой, өлкө башчы финалдык таймашты үй-бүлөсү менен көргөн. Президент Тыныбекованы даңктуу жеңиштери менен Кыргызстанды бир нече жолу дүйнөлүк аренада даңазалаганын, аны келечекте дагы көп ийгиликтер күтүп жатканын өзгөчө белгилеген.

"Бүгүн бүтүндөй Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү унутулгус күн. Сиздин бул жогорку сыйлыгыңыз көп жылдар бою күн сайын, талбай машыккан эмгегиңиздин, жеңишти көздөгөн темирдей эркиңиздин, улуу максаттарга умтулгандыгыңыздын акыбети болуп калды. Сиз татыктуу күрөш, мыкты даярдык жана майтарылгыс моралдык дух көрсөттүңүз", — деди Жапаров.

Президент олимпиадалык команданын спортчулары менен машыктыруучулар курамына ден соолук каалап, мекенге аман-эсен кайтып келип алышын тилеген.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Айсулуу Тыныбекова, Садыр Жапаров, куттуктоо
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары