Самара Токтакунова: жоолукту үчүнчү ирет башыман алып салаарда кемпир колдон алды

© Sputnik / Жоомарт УраимовНародный артист СССР Самара Токтакунова
Народный артист СССР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жансыз аспапка тил бүтүрүп, комузда кол ойнотуу менен дүйнө элин таң калтырган өнөр ээси Самара Токтакунованын өмүр таржымалы, чыгармачылык жолу, аялдык тагдыры тууралуу кеп кылабыз.

73 жаштагы СССРдин эл артисти, залкар комузчу, "Камбаркан" фольклордук тобунун түптөөчүсү Чалагыз Исабаевдин жубайы Самара Токтакунова менен журналист Гүлдана Талантбекова маек курду.

— Өнөр жаатында ири сыйлыктардын ээсисиз. Ийгилик жылмайган күндөрү эмне жөнүндө ойлоносуз?

— Ийгиликке жеткенимдин сыры — ата-энемдин аруу тилеги. Бала кезимде жакшы ырдачумун, комузду шаарга келгенде эле черттим. Ата-энем бала кезимен эле "чоң артист болушуң керек" деп кулагыма куйган. Өзгөчө атам "Карамолдо Орозовдун "Сынган бугу" күүсүн үйрөнсөң, арманым жок өтөм" деп айтчу эле. Ийгилик бул — эмгек. Мен өмүр бою комузда кол ойнотуп келе жатам. Ийгиликке жеттим деп так, кесе айтпайм. Кудай канча күч берсе, кол ошончолук кыбырап турушу керек. Филармонияда эмгектенгенден сырткары Улуттук консерватория ачылгандан бери окутуучулукту аркалап келем. Чыгармачылыгыңды балдар менен бөлүшүү, алардын ийгилигине себепкер болуу — чоң бакыт. 

© Фото / из личного архива Самары ТоктакуновойСССРдин Эл артисти Самара Токтакунова
Народный артист СССР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан
СССРдин Эл артисти Самара Токтакунова

— Окуучуларыңыздын оозунан "Самара эженин үйүнө чейин барып окуп, тамак иччүбүз" деп айтып калышат…

— Гастролго чыкканда Москвадагы чоң академиктер окуучуларын үйүнө чакырып алып сабак өтөт деп айтып калышар эле. Бирок мен аларды туурадым дебейм. Адамды көрүп эле түшүнсө болот. Студенттердин стипендиясы эч нерсеге жетпейт. Бирде ач, бирде ток болушат. Окуучуларымды дайыма тамагымды жасап, күтүп отурчумун. Алар дагы "эженин үйүнө барабыз, курсагыбыз тоет" деп шашып келишчү. Жөн эле сабак өтпөй сүйлөшүп, чыгармачылык тууралуу пикир алышчубуз. Окуучуларымды өзүмдүн балдарым менен тең көрдүм.

— Кийин окуучуларыңыздын баары эле сиз ойлогондой ийгиликке жетиштиби?

— Кудайга шүгүр, баары эле өнөрдөн ордун табышты. Такыр эле болбой калды дегендер фольклордук ансамблдин ичинде башкы солист болуп отурушат. Комузчулукту таштап, иштебей калгандар болгон жок.

© Фото / из личного архива Самары ТоктакуновойСамара Токтакунова өмүрлүк жары Чалагыз Исабаев менен
Самара Токтакунова өмүрлүк жары Чалагыз Исабаев менен - Sputnik Кыргызстан
1/5
Самара Токтакунова өмүрлүк жары Чалагыз Исабаев менен
© Фото / из личного архива Самары ТоктакуновойКосмонавт Юрий Гагарин менен жолугушууда
Космонавт Юрий Гагарин менен жолугушууда - Sputnik Кыргызстан
2/5
Космонавт Юрий Гагарин менен жолугушууда
© Фото / из личного архива Самары ТоктакуновойСССРдин Эл артисттери Самара Токтакунова менен Эдита Пьеха
СССРдин Эл артисттери Самара Токтакунова менен Эдита Пьеха - Sputnik Кыргызстан
3/5
СССРдин Эл артисттери Самара Токтакунова менен Эдита Пьеха
© Фото / из личного архива Самары ТоктакуновойАйтылуу "Ялла" тобунун жетекчиси Фаррух Закиров менен
Айтылуу Ялла тобунун жетекчиси Фаррух Закиров менен - Sputnik Кыргызстан
4/5
Айтылуу "Ялла" тобунун жетекчиси Фаррух Закиров менен
© Фото / из личного архива Самары ТоктакуновойЗалкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен бир ирмем
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен бир ирмем - Sputnik Кыргызстан
5/5
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен бир ирмем
1/5
Самара Токтакунова өмүрлүк жары Чалагыз Исабаев менен
2/5
Космонавт Юрий Гагарин менен жолугушууда
3/5
СССРдин Эл артисттери Самара Токтакунова менен Эдита Пьеха
4/5
Айтылуу "Ялла" тобунун жетекчиси Фаррух Закиров менен
5/5
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен бир ирмем

— Убагында таланттарды туура тандасаңыз керек? Негизи эле көрөңгөсү барлар дароо эле көзгө урунабы?

Народная артистка Кыргызстана, оперная певица Дарика Жалгасынова - Sputnik Кыргызстан
Дарика Жалгасынова: атам апамдын кайниси болгон, экөө унутулгус сүйүүнү баштан кечириптир
— Балада угуу сезими, эс-тутум, ыргактуулук болушу керек. Ушул үч нерсенин экөө гана болсо ийгиликке жете албайт, бирөөсү кем болсо орто музыкант, үчөө тең беш болсо мыкты музыкант болот.

Илгери апам мени музыкалык окуу жайга 31-августта алып келген. Айылдык кишилер окуу системасын деле билишпейт да. Экзамен алгандар "эртең окуу, кабыл алуу токтотулган" дегенине карабай, "айланыйындар, бир угуп көргүлөчү" деп көгөрүп туруп алган. Мен аябай уялчаак кыз болчумун, өйдө карай алган жокмун. Угуп көрүп дароо кабыл алабыз дешти. Көрсө, жогоруда айтып кеткен музыкалык үч өзгөчөлүк тең менде бар экен.

1964-жылы музыкалык училищени бүтүп, эки жылдан кийин комузчу Чалагыз Исабаевге турмушка чыктым. Атамдын кыялын орундатайын деп жети мүнөттүк "Сынган бугуну" үч күндө үйрөнүп, бир ай машыктым. Айылга ойноп берели деп барганда үйдөгүлөр кошунанын баарын чакырып, алма бактын ичине төшөк салдыртып, дасторкон жайышыптыр. Бир дем менен сонун кылып ойноп берип, ошондо биринчи жолу өзүмө ыраазы болдум. Атамды карасам бетинен ылдый жаш ага "садага болоюн, сен нан таап жегенге жарап, чоң артист болгон турбайсыңбы, эми өлсөм ыраазымын" деп ыйлаган. "Кызымдын багын ачтың" деп Чалагызга бир жалбарган. Мага кудай жолдош жагынан да, турмушта дагы, чыгармачыкта, жумушта дагы баарын берди. Бир гана жолдошумдун жол кырсыгынан каза болгону жүрөгүмдү оорутат. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовСССРдин Эл артисти Самара Токтакунова: балада угуу сезими, эс-тутум, ыргактуулук болушу керек. Ушул үч нерсенин экөө гана болсо ийгиликке жете албайт, бирөөсү кем болсо орто музыкант, үчөө тең беш болсо мыкты музыкант болот
Народный артист СССР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан
СССРдин Эл артисти Самара Токтакунова: балада угуу сезими, эс-тутум, ыргактуулук болушу керек. Ушул үч нерсенин экөө гана болсо ийгиликке жете албайт, бирөөсү кем болсо орто музыкант, үчөө тең беш болсо мыкты музыкант болот

— Чыгармачылыгыңызга салым кошкон жарыңыз Чалагыз агай экенин көп айтасыз?

— Мага жашоону үйрөткөн ошол киши эле. "Кир жуусаң тырмагың жарабай калат, бычакты колуңа алба, колуңду кесип алсаң бир ай сыркоолоп чыгармачылыгың үзгүлтүккө учурайт" деп эч нерсе кылдырчу эмес. Кээде жумушка кеткенде бөлмөнүн ичин бекитип, мен келгенче мобу ырды жаттап коесуң деп кетчү. Жолдошум экөөбүз эки уулдуу болдук. Чалагыз уулдары Аслан менен Актанды катуу талап менен тарбиялап, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептен окуткан. Кудайга шүгүр, турмуштан, чыгармачылыктан ордун табышкан. Беш неберем, бир чөбөрөм бар. Небере өз балаңан да таттуу деген чын экен. Алардын ар бир кылыгына кубанып отурам. 

— Чалагыз агай менен кантип таанышып калгансыздар?

Ырчы Токтобек Асаналиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Булбул үндүү Токтобек Асаналиев 42 жашта! Ырчы тууралуу 6 факты
— Биз элдей болуп киного, кафеге барып таанышкан жокпуз. Мен окуу жайды жаңы бүтүп, ишке орношкондо Чалагыз Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштегенине беш жыл болуптур. Коллектив менен үч жыл СССРдин булуң-бурчунда гастролдоп жүрдүк. Ошол кезде Чалагыздын жөнөкөй, ичинде кири жок, таза, тыкан, тамашакөй бала экендигин билдим. Кыздардын башы бириксе эле "Чакен агай жакшы адам, деги кандай бактылуу кыз туш болот болду экен" деп сөз кыла беришчү. Укканым менен маани деле берчү эмесмин. Чалагыз болсо сыртыман көз салып жүрүптүр. Мен төрт кыз менен жатаканада жашачумун. Бир күнү Чакен агай бизге "кесиптешибиз жаңы жатаканага чыкканыбызды майлап күрүч басып чакырып жатат" деп калды. Барсак бир казан күрүч эмес эле, эт кайнап, дасторкон толо тамак экен. Саат он бирден кийин үй ээсинин апасы чоң ак жоолук алып келип башыма салды. Тамаша катары кабыл алып күлүп жолукту башыман алып койдум. Тигил апа "кой кара кыз, жоолукту башыңдан алба, Чалагыз экөөңдү үйлөнтүп жатпайбызбы" деди. Экинчи жолу салды эле, аны да алып салдым. Үчүнчүсүн дагы алып салаарда кемпир билектен кармап "жоолукту алсаң, жолуң катуу болуп калат, биз сени багыңды ача турчу балага турмушка берип жатабыз" деди. Чалагыз жанымда отурган, аны карап "Чакен агай, качан экөөбүз үйлөнөбүз деп сүйлөштүк эле, качан сиз мени киного алып бардыңыз эле" десем, башын жерге салып унчукпайт. Ошондо баягы кыздардын кандай бактылуу жубай туш болот экен деген сөзү мээме тык этип ыйлап-ыйлап отуруп калдым. Турмушубузда казан-аяк кагышкан учурлар дээрлик болгон жок. Бетиме бырыш түшпөсүн деп маскадан бери жасап, лагманды сонун чоюп, камырды тегерек кылып жайганга эптүү болчу. Жеген тамагыман бери карап "семирип кетсең ажырашып кетем" деп айтчу. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовСССРдин Эл артисти Самара Токтакунова: Мага жашоону үйрөткөн Чалагыз эле. "Кир жуусаң тырмагың жарабай калат, бычакты колуңа алба, колуңду кесип алсаң бир ай сыркоолоп чыгармачылыгың үзгүлтүккө учурайт" деп эч нерсе кылдырчу эмес
Народный артист СССР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан
СССРдин Эл артисти Самара Токтакунова: Мага жашоону үйрөткөн Чалагыз эле. "Кир жуусаң тырмагың жарабай калат, бычакты колуңа алба, колуңду кесип алсаң бир ай сыркоолоп чыгармачылыгың үзгүлтүккө учурайт" деп эч нерсе кылдырчу эмес

— Өмүрлүк жарыңыздын каза болгону катуу тийсе керек?

— Каза болгонуна такыр ишенген жокмун. Кырсыктаганда бейтапканадан айылга алып кетишип, мага бардыгы сонун деп айтышкан. Барсам боз үй тигилип, көшөгүнүн ичинде кайненем "кара көзүм кашайды" деп ыйлап отуруптур. Эч нерседен шегим жок эле көшөгөнү тартып жиберсем, жолдошум күлгүн болуп жатат. Мага мемиреп уктап жаткандай сезилди, "эмне болду ай, тур" десем унчукпайт. Жуурканын ачсам ичин зымдар менен бекитип коюшуптур. Ошо менен эмне болгонун билбейм, көзүмдү ачсам бетиме суу сээп жатышыптыр. Мен үчүн асман жерге түшүп кеткендей болду. Дагы бир таң калганым — сүйлөп жаткан комузум беш ай күүгө келбей аза күттү. Бир жыл үйдөн чыккан жокмун. Филармониянын жамаатына да ыраазымын, бирөө да унчуккан жок.

— Алдыда кандай ой-максаттарыңыз бар?

Легендарлуу ырчы Болот Миңжылкыев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Легендарлуу ырчы Болот Миңжылкыев жөнүндө 10 факты. Айтматов билетке жетпей калганда
— Чалагыз тирүү кезде көп иштерди жасадык. Биз залкар гана күүлөрдү үйрөнгөнгө аракет жасачубуз. Күүлөрдүн дисктерин, эки жарым сааттык телефильм, жолдошум менен үч жыл отуруп китеп чыгардык. Өзүмдүн атымдагы комуз мектебин ачсамбы деп ойлоп жүрдүм эле. Каражаттын айынан ишке ашпай жатат. Көзүмдүн тирүүсүндө ачып койсом, башкалар уланта бермек. Ушул кыялымды ишке ашырып алсам арманым жок эле. Филармонияда эмгектениме 57 жылдын жүзү болуртур. Эми ишимди жыйынтыктап эс алайын деп жатам. Сахна жаштыкты сүйөт. Улуу муун анда-санда сагынтып чыгып турсак жетиштүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0