Акын, ойчул Арстанбек Буйлаш уулунун айкели тургузулду

Арстанбек Буйлаш уулунун айкели тургузулду

123
(жаңыланган 19:38 25.06.2017)
Ачылыш салтанатка Чыныбай Турсунбеков катышып, төраганын фондусунан 200 миң сом бөлүндү.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Акын, ойчул Арстанбек Буйлаш уулунун айкели тургузулду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, улуу акындан 190 жылдыгы эскерилип, ишемби күнү болгон салтанатка төрага Чыныбай Турсунбеков катышты.

"Атабыздын руханий мурасы ооздон-оозго айтылып, бүгүнкү доорго жетип отурат. Арстанбек бабабыздын кагаз бетине түшүрүлгөн чыгармаларын окуп олтуруп, өзү жашап өткөн доордун терең ойчулу, акылман көрөгөчү экенин баамдоого болот. Анткени, ал жалпы кыргыз элинин турмушунда жаралган оор жагдайларды ыр-күүгө салып, келечегине да өз баасын берип кеткен", — деди Турсунбеков.

Белгилей кетсек, Арстанбек Буйлаш уулунун айкели Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо гүлбакчасында орнотулуп, төраганын фондусунан 200 миң сом тапшырылды.

123
Белгилер:
айкел, Арстанбек Буйлаш уулу, Чыныбай Турсунбеков
Тема боюнча
Арстанбек Буйлаш уулу — өмүр баяны
Кеп казына. Арстанбектен албан сөз, нечен дабан ашкан сөз…
Акын, драматург Жусуп Турусбеков. Архив

Жойпу түлкү бал тилге салат. Акын Жусуп Турусбековдун кеп казынасы

104
(жаңыланган 14:34 13.08.2020)
Жусуп Турусбеков кыргыз драматургиясынын түптөөчүсү катары саналат. Анын "Ажал ордуна" музыкалык драмасы Кыргызстанда алгач 1934-жылы коюлуп, 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасында коюлган.

Акын, драматург Жусуп Турусбеков 1910-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында дүйнөгө келген.

Балалыгы 1916-жылдагы Үркүнгө туш келип, ата-энеси менен кошо Үч-Турпанга чейин барып, жаш кези жокчулукта, кийинчерээк ага кошул-ташыл жетимчиликте өтүп, туугандарынын колунда өскөн.

Кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын биринин чыгармаларын барактап, нускалуу кептерин чогулттук.

11 жаштагы Жусупту таякеси Чортонбай 1921-жылы Каракол шаарындагы балдар интернатына тапшырып, кийин ал интернат Айыл чарба техникумуна айланганда да болочок акын ошол жерде билим алган.

18 жашында Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына келип, "Эркин-Тоо" гезитинин редакциясында иштеп, жаш акындын адабиятка кызыгуусу, чыгармачыл аракети башталып, гезит беттерине айрым ырлары жарыяланган. 1929-1930-жылдары Тверь шаарына комсомолдун мүчөсү катары жолдомо менен барып окуган.

Бульварда эс алган Турусбеков, Сыдыкбеков жана Элебаев. 80 жыл мурунку таберик сүрөт

Кийинки жылдары "Кызыл Кыргызстан", "Ленинчил жаш" газиттеринде, Кыргызстан мамлекеттик басмасында редактор, Жазуучулар союзунун кеңешчиси, Кыргыз мамлекеттик драма театрында директор болуп эмгектенип, чыгармачылыгын да уланткан.

Биринчи ырлар жыйнагы 1932-жылы "Жусуптун ырлары" деген аталышта жарык көрүп, 24 жашында СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгонго жетишкен. Андан соң "Шайыр жаштар" жыйнагы (1933), "Ажал ордуна" драмасы (1935), "Тандалган ырлар" жыйнагы (1935) "Беш-Мойноктогу окуя" драмасы (1937), "Мекен" (1938) ырлар жыйнактары, "Каракчынын трагедиясы" (1941) аттуу поэмасы окурмандарга сунушталган.

Жусуп Турусбеков кыргыз драматургиясынын  түптөөчүсү катары саналат. Анын "Ажал ордуна" музыкалык драмасы Кыргызстанда алгач 1934-жылы коюлуп, 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасында коюлган.

Жусуп Турусбеков. Өмүр баяны

Андан сырткары, ал кыргыздын алгачкы операларынын бири "Айчүрөк" либреттосунун да автору, Пушкиндин "Таш коногун", Гейненин жана башкалардын ырларын кыргызчага которгон.

Улуу Ата Мекендик согуш башталганда акын өз ыктыяры менен согушка кетип, 1943-жылы Калинин облусунда кармашта курман болгон.

***

Ит үйүр болсо жолборско үрөт.

***

Ырларым — ок, керек болсо атамын,
Газга каршы газ даярдап жатамын.

***

Турмуштун миң тетигин бирден бурап,
Жүзүңдө күрөш оту балкып турат.
Көргөндө бул өңдөнгөн белгилерди,
Күрдөөлдүү кошулбасын кайдан кубат.

***

Кыргызды жан алгычтар далай эзген,
Заарлуу тил, ажал огу көкөй кескен.
Элдиктен чыга жаздап калган кезек,
Бат эле чыга коет кантип эстен!

***

Каргыштан корккон оңобу,
Коркунчак баатыр болобу?

***

Жойпу түлкү, бал тилге салат.

***

Эне!.. Эне чиркин баланы куса кылып, ырайымдуу жоруктары менен өзүнө тартат го. Эне менен баланын ортосундагы жакынчылыктай жакынчылык болот болду бекен?.. Болсо болор, бирок артык эместир.

***

Кулуке. Биттейинде бириксем, тирүү болсок бир дөбөдө, өлсөк бир чуңкурда бололук деп бардык кыйынчылыкты башыбыздан бир өткөрүп келсек, эми балтыры көтөрүлгөндөн кийин мени ушинтип ит кылабы... Ушинтип көргөн күнүң кара жерге кирсин. ("Беш-Мойноктогу окуя" чыгармасынан)

***

Энекебай, кайратымдан жазбадым,
Мен - мурунку мен эмесмин, башкамын.
Тентек жана таарынчаактык мүнөздөр,
Жаман экен, ишен, эне, таштадым.

104
Белгилер:
Жусуп Турусбеков, кеп казына, драматург, акын
Тема боюнча
Кыргыз алданса алып түшөт же көктүгүнөн өлүп берет. Мар Байжиевдин нускасы
Душманын баалай билген киши гана жоону жеңет. Султан Раевдин кеп казынасы
Азаматтар кулаганда бийиктен, аял керек мээр чөбүн ийиткен. Эрнис Турсуновдун нускасы
Эстеликтеги гүлдөр. Архив

Эл акыны Гүлсайра Момунова дүйнө салды

189
(жаңыланган 16:57 12.08.2020)
Гүлсайра Момунова 1937-жылы 30-декабрда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында төрөлгөн. 1971-жылы Жазуучулар союзунун, 1965-жылдан тарта СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эл акыны Гүлсайра Момунова оорудан улам каза болгонун жакындары тастыктады. Алардын айтымында, 83 жаштагы акын пневмонияга кабылып, үч күн мурун ооруканадан чыккан.

Алдын ала маалымат боюнча, Момунованын сөөгү 13-август күнү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Гүлсайра Момунова 1937-жылы 30-декабрда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында төрөлгөн.

1971-жылы Жазуучулар союзунун, 1965-жылдан бери СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.

1987-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамын алган. 2001-жылы "Эр Манас урпагы" медалы менен сыйланып, 2003-жылы "Түгөлбай Ата" адабий сыйлыгынын лауреаты болгон. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны наамын алган.

189
Белгилер:
өлүм, оору, акын
Тема боюнча
Экс-министр Жамал Ташыбекова көз жумду
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив

Батукаевдин иши: шаардык сот Атамбаев боюнча чечимди күчүнө калтырды

0
Биринчи май райондук соту ушул жылдын 23-июнунда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыраткан.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча чыккан сотттун чечими күчүндө калды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

"Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөрткөн жок. Жогорку сотко апелляциялык арыз жазуу боюнча маселе каралууда", — деди Слесарев.

Биринчи май райондук соту ушул жылдын 23-июнунда аталган иш боюнча Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыраткан.

 

0
Белгилер:
чечим, сот, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы
Тема боюнча
Атамбаевди кармоо ушул күнү башталган. Былтыркы Кой-Таш окуясын эске салабыз
Кой-Таш, атышуу, Атамбаевдин кармалышы. Былтыркы окуянын архивдик видеосу