КР Эл артисти, актер Болот Бейшеналиев. Биринчи мугалим тасмасынан кадр. Архив

Болот Бейшеналиев тууралуу 10 факты. Сүйүү, Таттыбүбү, капыстан кармаган инфаркт

6649
(жаңыланган 16:09 25.06.2017)
Июнь айынын акыркы жумасында КР Эл артисти Болот Бейшеналиевдин 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Залкар талант тууралуу кийинки муундун, жаштардын маалыматы чектелүү болгондуктан, анын өмүр жолу, ишмердүүлүгүнөн 10 фактыны журналист Кабыл Макешов сунуштайт.

Жалгыз уул. Атактуу агабыздын киндик каны тамган жери – Чүй боорундагы Кемин районунун Калмак-Ашуу айылы. 1937-жылы 25-июнда Болот ага жарык дүйнөгө келген. Атасы Бейшеналы менен апасы Батыштын жалгыз уулу болгон. Балалыгы каардуу согуш мезгилине туш келип, жашынан бекем болууга үйрөткөн. Атасы Бейшеналы да эл катары согушка аттанып, 1943-жылы бутунан жарадар болуп үйүнө кайтып келет.

Эпизод из фильма Первый учитель
© РИА Новости
"Биринчи мугалим" тасмасында башкы каарман Дүйшөндүн ролун жараткан

Чодроновдун таасири. Болот ага ошол кездеги Айыл чарба институтуна, кийинки жылы да Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, эки жыл окууга өтпөй калат.

Бир күнү достору менен "Айчүрөк" операсына кирип, Семетейдин ролун аткарган айылдашы Кыдырбек Чодроновду көрүп, тагдырында бурулуш башталат. Анын таасири менен Опера жана балет театрынын алдында студияга тапшырып, окуп бүтөт. Болоттун чыгармачылык чыйыры мына ушинтип башталган.

Кадр из фильма Зеница ока
© Sputnik / Александр Федоров.
Болот Бейшеналиев Опера жана балет театрынын алдындагы студияга тапшырып, окуп бүткөн

Каяша кылган мүнөз. Болоттун ташкындаган талантын байкаган ошол кездеги маданият министри Казакбаев Ташкенттеги театралдык институтка барып окууну сунуштайт. Институтту ийгиликтүү аяктап келгенден кийин артисттерди бөлүштүрүү башталып, министрдин чечими менен Болот Нарын театрына бөлүнсө да ал жакка баруудан баш тартат. Болоттун каяша кылганына жинденген министр институтка кат жиберип, "Болот ишке алынбасын" деп катуу эскертет. Ошентип, эч жер кабыл албай, бир жылдай бош жүрүп калат.

"Тайгак кечүүдөн" башталган чыйыр. Бир күнү тааныш кинооператор жолугуп, "Кыргызфильмге" чакырат. Режиссёр Мелис Убукеевдин киришүүсү менен Болот ага эң биринчи жолу "Тайгак кечүү" фильмине тартылат. Тасмадагы өмүр жолу ушинтип башталган эле. Ушул фильмден кийин эле "Биринчи мугалим" тасмасы экрандаштырылып, Болот агага мугалим Дүйшөндүн ролу берилет. Мына, актёрдун жарк эткен жылдызы ушул фильмден жанып, анын талант, даремети ушул фильмден бааланат. Ушундан соң андан кийинки жашоосу, өмүрү, сүйүүсү жалгыз гана киного байланып калат.

Ташы өйдө кулай баштаганда. "Биринчи мугалимден" кийин эле Союздун бардык тарабынан чакырык түшө баштады. Кыргыз фильмдериндеги "Ак мөөрдө" Болоттун, "Саманчынын жолунда" Касымдын, "Отко таазимде" Азизовдун, "Жамийлада" сүрөтчүнүн ролун чеберчилик менен аткарган. Көп өтпөй "Өзбекфильм" киностудиясында, "Мосфильмде", "Ленфильмде" Болот Бейшеналиев деген ысым жаңырып турду.

Народный артист Кыргызстана Болот Бейшеналиев в фильме Абай
© Фото / Департамент кинематографии КР
Борбор Азиядагы кино ишмерлеринин арасында Болот Бейшеналиев гана жүздөн ашык кино тасмага тартылган

100дөн ашык тасмага тартылган Болот Бейшеналиев. Борбор Азиядагы кино ишмерлеринин арасында Болот Бейшеналиев гана жүздөн ашык кино тасмага тартылган экен. Залкар артист Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы жана казактардын "Алтын көпүрө" сыйлыгы, көптөгөн Ардак грамоталары менен сыйланган.

Табышмактуу сулуу… Ташкенттеги театралдык институтунун 3-курсунда окуп жүргөндө биринчи курска келген табышмактуу сулууну кезиктирип калат. Махабат оту жагылган сулуу, далайды тамшандырган сахна ханышасы Таттыбүбү Турсунбаева эле. Бирок, тагдырдын тамашасын кара, көп өтпөй Таттыбүбү Болоттун досу Имаштын жубайы болуп калат. Таттыбүбүнү өмүр бою сүйгөн, аны элге жарыя кылбай ичинен сызып келген бир гана адам – Болот Бейшеналиев. Экөө "Акмөөр" фильминде чогуу аткарганы көптөргө маалым. Эки таланттын тагдыр жолу бирикпей, так эле фильмдеги Акмөөр менен Болот сыяктуу "мунарык, мунарык…" деп бири-бирин жоготуп таба албай, бул өмүрдөн өтүп кеткендей сезилет. Таттыбүбү да каза болоорунда өмүр бою Болотту сүйгөнүн, жаштыктан жаңылышып чогуу боло албаганын айтып, арман кылган дешет.

Өмүрлүк жубайлары. Болот ага кийинчерээк түркмөн кызы Гүлнара Исмаловага үйлөнөт. Бирок анын үй-бүлөлүк бактысы көпкө узаган жок. Азиз аттуу уулдуу, Гүлназ аттуу кыздуу болгондон кийин экөө оттору күйүшпөй ажырашып кетишкен. Андан соң көп жылдар бою Москвада жашап, ал жактан Стелла аттуу айымга үйлөнөт. Ал аялы менен көп жылдар чогуу жашаган. Бирок, аганын чыныгы бактысы өз жеринде, өз мекенинде күтүп турган экен. 1991-жылы апасынын өтүнүчү менен мекенине кайтып келген Болот ага Турсун аттуу айымга жолугуп, алар 12 жыл Болот аганын акыркы көз ирмемине чейин чогуу жашайт.

История любви девушки к учителю проходит через всю картину, но Алтынай предстоит пережить многое.
© Sputnik / Александр Федоров.
Белгилүү актер Турсун аттуу жубайы менен 12 жыл чогуу жашаган Болот Бейшеналиев убагында Таттыбүбү Турсунбаевага ашык болгон

Капыстан жүрөгү кармап… Кино үчүн төрөлүп, кино үчүн жашаган Болот Бейшеналиев 2001-жылы 17-ноябрь күнү 64 жаш курагында кайтыш болгон. Бул күнү киноискусствосунун 60 жылдыгын кызуу белгилеп жатышкан эле. Үстөлдө отурганда капысынан жүрөк оорусу кармап калган экен. Ошентип, кыргыз эли дагы бир асыл инсанынан ажыраган. Залкардын артында элге таштап кеткен эмгеги, даңазалуу аты, элиме деген эсепсиз тасмалары, уулу, кызы калганы болду.

Народный артист Кыргызстана Болот Бейшеналиев Улыбка на камне
© Фото / Департамент кинематографии КР
Залкар артист Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы жана казактардын "Алтын көпүрө" сыйлыгы, көптөгөн Ардак грамоталары менен сыйланган

Уулу анын жолун улантып… Болот аганын уулу Азиз Бейшеналиев ата чыйырын улантып, учурда жылдызы жанып турат. Азиз алгач 1997-жылы "Темирлан" фильминде атасы менен бирге тартылган. Атасы хандын ролун, ал эми уулу баласынын ролун аткарышкан эле. Андан соң Азиз "Мосфильмде" "Трио" аттуу фильмге, 2006-жылы казактардын "Көчмөндөр" фильминде роль аткарган. Азиз көп өтпөй эле казактардын чоң фильмине тартылууга чакырылып, "Мустафа Чокай" фильмине тартылып, башкы каармандын ролун жараткан. Ага чейин кыргыз-казак режиссёрлору биргелешип тарткан "Бейиш канаттуулары" аттуу фильмде башкы ролду ойногон. Атасы уулунун актер болушуна каршы болгон экен.

6649
Белгилер:
факты, кино, Таттыбүбү Турсунбаева, Болот Бейшеналиев
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (358)
Тема боюнча
"Алымбек датка" 39 жашта! Актер Азиз Мурадиллаев тууралуу 7 факты
Эгемберди Эрматов жөнүндө жети факты. Айылдан бакыт издеген акын
Шанхайдын тургундары. Архив

Кыргыз режиссёрунун "Көл" тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды

101
(жаңыланган 11:50 04.07.2020)
Режиссёр ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламышты кадрга түшүргөн.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Эмил Атагелдиевдин "Көл" аттуу тасмасы Шанхайда өтө турчу абройлуу эл аралык кинофестивалга катышат. Бул туурасында Кинематографисттер союзунун катчысы, фильмдин со-продюсери Талант Төлөбеков билдирди.

Аталган кино Shanghai International Film Festival 2020 (SIFF) деп аталган Кытайдагы ири кинофестивалга чакыруу алган. Ал 23 жылдан бери өткөрүлүп келет, А категориясындагы дүйнөдөгү 15 кинофестивалдын катарында турат.

"Бул абдан чоң ийгилик, кыргыз режиссёрлорунун тасмалары А категориясындагы кинофестивалдарга акыркы ирет 2018-жылы катышкан. Ошондой эле Кыргызстандын фильмдери Шанхай фестивалы түзүлгөндөн бери биринчи ирет катышып жатат", — деди Төлөбеков.

"Көл" драмалык жанрда Ысык-Көлдөн тартылган. Сюжетинде ыйык көлдө балык түрүндө жашаган байыркы ата-бабалардын жан дүйнөсү тууралуу уламыш баяндалат.

1,5 млн. долларга мыкты тасма тартышты. Токаев кыргыз киносуна суктанды

Кинонун сценарийин Эрке Жумакматова менен КРдин эмгек сиңирген артисти Эмил Атагелдиев жазган. Башкы ролдорду Артыкпай Сүйүндүков, Болот Тентимишов, Малика Айдабосунова, Айнура Качкынбек кызы, Санжар Өмүрбаев аткарган.

Продюсерлери Эрке Жумакматова, Садык Шер-Нияз. Со-продюсерлер Талант Төлөбеков менен Айжан Чыныбаева.

101
Белгилер:
катышуучу, фестиваль, кино, Кыргызстан
Тема боюнча
Валентина Шевченко тартылган тасма Торонто кинофестивалында көрсөтүлөт
Голливуд коронавирустун башталышы тууралуу тасма тартууга бел байлады
Ырчы Асел Кадырбекова

Комада жаткан ырчы Асел Кадырбекова көзүн ачып, эсине келе баштады

986
(жаңыланган 13:46 03.07.2020)
Эстрада ырчысы комадан толук түрдө чыга элек. Буга чейин дарыгерлер Аселдин мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ырчы Асел Кадырбекова көзүн ачып, тамак ичип калгандыгын Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Дарыгердин айтымында, Асел толук түрдө өзүнө келе элек.

“Комадан толук чыга элек. Аселди мурда түтүк менен тамактандырып жатканбыз. Азыр “тилиң, мурдуң кана?” деп сураганда көрсөтүп, кашык менен тамак берсек өзү жутуп калды. Буюрса жылыш бар”, — деди ал.

Асел Кадырбекова менен сүзүшкөн айдоочуга иш козголуп, камакка алынмай болду

Эске сала кетсек, 26-июнда 15:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен Camry автокөлүгүндө бараткан Асел Кадырбекова жана экинчи машинадагы эки киши жабыркаган.

Буга чейин дарыгерлер ырчынын мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан.

986
Белгилер:
жол кырсык, Сабырбек Жумабеков, ырчы, кома, Асел Кадырбекова
Тема:
Ырчы Асел Кадырбекованын кырсыкташы
Тема боюнча
Асел Кадырбекова дагы деле комада. Сабырбек Жумабеков кайрылуу жасады
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Песков Путиндин "унутуп калган" көйнөгүн саткан жарнама боюнча айтып берди

0
(жаңыланган 20:33 04.07.2020)
Жарнамада көйнөк отелдин номерин тазалап жатканда табылгандыгы, бирок андан кийин атайын жуулбагандыгы, эгерде керек болсо сатуучу аны экспертизага берүүгө даяр экендиги айтылган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Интернеттеги "Россия президенти Владимир Путиндин унутуп таштап кеткен көйнөгү сатылат" деген кабарга лидердин маалымат катчысы Дмитрий Песков комментарий берип, ага ишенбеш керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Элге белгилүү болгон сайттардын бирине "Нижний Новгород аймагындагы Sheraton мейманканасына президент Путиндин унутуп таштап кеткен көйнөгү сатылат" деген жарнама чыккан. Анда көйнөк отелдин номерин тазалап жатканда табылгандыгы, бирок андан кийин атайын жуулбагандыгы, эгерде керек болсо сатуучу аны экспертизага берүүгө даяр экендиги айтылган. Көйнөк 165 миң рублга бааланган. Путин аталган шаарда соңку ирет 2019-жылдын 10-ноябрында Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча президенттин алдындагы кеңештин отурумуна катышкан.

Путин жыйында калемин столго ыргытып жиберип, министрлерден отчёт сурады. Видео

Сатуучу көйнөк дагы деле сатыкта экендигин айткан. Анын сөзүнө караганда, "кийимдин президентке таандык экендиги боюнча жазылган эч кандай атрибуттар жок, бирок зарыл болсо ДНК-экспертизага берүүгө даяр".

Песков мындай кулактандырууларга ишене берүүгө болбой тургандыгын айткан.

"Жок. Андай болууга мүмкүн эмес", — деген ал көйнөк чын эле президентке таандык болушу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып.

Путин буга чейин журналисттерге кабинетиндеги жашыруун бөлмөсүн көрсөтүп, ал ЖМКлардын эле эмес, коомчулуктун дагы кызыгуусун жараткан.

0
Белгилер:
отель, көйнөк, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Путин кабинетиндеги жашыруун бөлмөсүн көрсөттү. Видео
Путин чүмбөттөлүп алып коронавируска кабылган жарандарын көрүп чыкты. Видео