Касым жана Арууке. Кыргызча сүйлөп, кара жорго "бийлеген" куурчактар

© Фото / Канат ЖаныбековДетские игрушки Касым и Арууке
Детские игрушки Касым и Арууке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук стилде жасалган оюнчуктар жакында борбор калаадагы дүкөндөрдө сатыла баштайт.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Баланын сөз байлыгын өстүрүү үчүн кыргызча сүйлөп, кара жорго "бийлеген" Касым жана Арууке аттуу оюнчук куурчактар чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине идеянын автору Канат Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, оюнчук жаратуу идеясы беш жыл мурда келип, куурчактарды кыргызча сүйлөтүп чыгарууга анын балдары түрткү болгонун кошумчалады. 

"Керемет көч" тасмасын жакшы көргөн балам Касым менен кызым Арууке аниматордук тасмадагы Актан, Акылайдын куурчактарын сурашкан. Базар, дүкөндөрдүн баарын карап таппай, келинчегим экөөбүз кыргызча сүйлөгөн оюнчук куурчак жасап көрүүнү туура көрдүк. Экөөбүз тең кол өнөрчүлүк менен алектенгендиктен биз үчүн бул кыйынчылык туудурган жок", — деди Жаныбеков.

© Фото / Канат ЖаныбековКасым жана Арууке аттуу оюнчук куурчактар
Детские игрушки Касым и Арууке - Sputnik Кыргызстан
Касым жана Арууке аттуу оюнчук куурчактар
Авторлор жөн гана куурчак тигип, жасап койбостон сүрөтчү, үн студиясы, дикторлор менен иштешип куурчактарга "жан киргизип", сүйлөтүп, балдардын аң-сезимин өстүрүүгө далалат кылышкан.

Кийизден жасалган оюнчук боз үй - Sputnik Кыргызстан
Оюнчук боз үй: төргө өтүп, боорсоктон алыңыз
"Кыргызстанда кыргызча сүйлөгөн куурчактар жок болгондуктан биз балдардын сөз байлыгын өстүрүп, аларга жакшы тарбия болсун деген ниетте куурчактарга да өзгөчөлүк киргиздик. Аларга балдарыбыздын атын коюп, кебетесин да окшоштурдук. Арууке куурчагы балдар менен бирге кара жорго "бийлесе", Касым жомок укканды жакшы көрөт. Оюнчуктар сапаттуу тигилип, тиешелүү талаптарга жооп берет", — деди идеянын автору.

Улуттук стилде жасалган оюнчуктар жакын арада борбор калаадагы дүкөндөргө сатыкка чыга баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0