Бишкектин Свердлов районунда жайгашкан Токтогул Сатылгановдун эстелигинин жанында асман алдындагы музыкалык кеченин жыйынтыктоочу бөлүгү болуп өттү

Асман алдындагы музыкалык эстафета Октябрь районуна берилди

81
(жаңыланган 11:25 01.07.2017)
Асман алдындагы музыкалык кече Свердлов районунда 26-30-июнь аралыгында өткөрүлдү

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районунда жайгашкан Токтогул Сатылгановдун эстелигинин жанында асман алдындагы музыкалык кеченин жыйынтыктоочу бөлүгү болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

  • Бишкектин Свердлов районунда жайгашкан Токтогул Сатылгановдун эстелигинин жанында асман алдындагы музыкалык кеченин жыйынтыктоочу бөлүгү болуп өттү
    Бишкектин Свердлов районунда жайгашкан Токтогул Сатылгановдун эстелигинин жанында асман алдындагы музыкалык кеченин жыйынтыктоочу бөлүгү болуп өттү
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Билдирмеге караганда, кыргыз эстрада ырчылары коштогон музыкалык иш-чарага Бишкек шаарынын тургундары менен коноктору күбө болгон
    Билдирмеге караганда, кыргыз эстрада ырчылары коштогон музыкалык иш-чарага Бишкек шаарынын тургундары менен коноктору күбө болгон
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Эми музыкалык кече Октябрь районунун аймагында өткөрүлөт
    Эми музыкалык кече Октябрь районунун аймагында өткөрүлөт
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Эске салсак, асман алдындагы музыкалык кече Свердлов районунда 26-30-июнь аралыгында өткөрүлгөн.
    Эске салсак, асман алдындагы музыкалык кече Свердлов районунда 26-30-июнь аралыгында өткөрүлгөн.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 4
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкектин Свердлов районунда жайгашкан Токтогул Сатылгановдун эстелигинин жанында асман алдындагы музыкалык кеченин жыйынтыктоочу бөлүгү болуп өттү

Билдирмеге караганда, кыргыз эстрада ырчылары коштогон музыкалык иш-чарага Бишкек шаарынын тургундары менен коноктору күбө болгон.

"Эми музыкалык кече Октябрь районунун аймагында өткөрүлөт. Концерт учурунда кечелердин символу болгон кыл кыяктын ачкычы Октябрь районунун жетекчиси Нурбек Курманбековго тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, асман алдындагы музыкалык кече Свердлов районунда 26-30-июнь аралыгында өткөрүлгөн.

81
Белгилер:
Бишкек мэриясы, музыка, фестиваль, эстафета
Тема боюнча
"Саякбай" тасмасы элге эгемендүүлүк күнү тартууланат
Ат-Башы кызыл-тазыл шырдактын өрөөнүнө айланды. Фестивалдан алынган ирмемдер
"Жаш толкун" интеллектуалдык сынагынын мыктылары сыйланат
Кыргызстандык режиссёр Айкөл Нурланбек улуу Стамбулдагы эл аралык кинофестивалында

Айкөл Нурланбек уулунун тасмасы 65 өлкө катышкан фестивалда баш байге утту

163
(жаңыланган 18:54 30.11.2021)
Нурланбек уулунун эмгеги абройлуу эл аралык кинофестивалда "Эң мыкты даректүү тасма" деп аталып калды.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Айкөл Нурланбек улуунун "Мээрман" кыска метраждуу даректүү тасмасы Стамбулда өткөн "Ааламдарга ырайым" эл аралык кинофестивалында баш байге утту. Маалыматты Sputnik Кыргызстанга режиссёр тастыктады.

  • Режиссер короткометражного фильма Мээрман Айколь Нурланбек уулу во время награждения на международном кинофестивале в Стамбуле. 30 ноября 2021 года
    Кыргызстандык режиссёр Айкөл Нурланбек улуунун "Мээрман" кыска метраждуу даректүү тасмасы Стамбулда өткөн "Ааламдарга ырайым" эл аралык кинофестивалында баш байге утту
    © Фото / Alemlere Rahmet Kısa Film Festivali
  • Режиссер короткометражного фильма Мээрман Айколь Нурланбек уулу во время награждения на международном кинофестивале в Стамбуле. 30 ноября 2021 года
    Аталган сынакка 65 өлкөдөн 568 кыска метраждуу тасма катышкан
    © Фото / Alemlere Rahmet Kısa Film Festivali
  • Режиссер короткометражного фильма Мээрман Айколь Нурланбек уулу во время награждения на международном кинофестивале в Стамбуле. 30 ноября 2021 года
    Анын ичинен Нурланбек уулунун эмгеги "Эң мыкты даректүү тасма" сыйлыгына татыган
    © Фото / Alemlere Rahmet Kısa Film Festivali
1 / 3
© Фото / Alemlere Rahmet Kısa Film Festivali
Кыргызстандык режиссёр Айкөл Нурланбек улуунун "Мээрман" кыска метраждуу даректүү тасмасы Стамбулда өткөн "Ааламдарга ырайым" эл аралык кинофестивалында баш байге утту

Аталган сынакка 65 өлкөдөн 568 кыска метраждуу тасма катышкан. Анын ичинен Нурланбек уулунун эмгеги "Эң мыкты даректүү тасма" сыйлыгына татыган.

"Канн кинофестивалында сыйланган франциялык режиссёр, сценарист жана актёр Оливер Лакс менен сүйлөшкөндө "Мээрман" фильмине "мен көргөн мыкты даректүү тасма" деген баасын берди. Ал бул фестивалда калыстар тобунун төрагасы болгон. Тасманы жаратууга салым кошкон чыгармачылык топко ыраазычылыгымды билдирем", — деди Нурланбек уулу.

"Ааламдарга ырайым" — абройлуу эл аралык кинофестивалдардын бири. Быйыл 22-27-ноябрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында жетинчи ирет өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Айкөл Нурланбек уулунун "Мээрман" киносу буга чейин "Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалары" фестивалында үчүнчү орунга татыган.

Андан мурда Бишкекте өткөн “Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалында "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” сыйлыгына ээ болгон. "Үмүт" КМШ өлкөлөрүнүн жаш киночулары форумунун улуттук сынагында "Мыкты тасма" аталган.

163
Белгилер:
Айкөл Нурланбек уулу, режиссер, фестиваль, баш байге
Тема боюнча
АКШда сыйлык алган "Шамбала" фильминдеги кичинекей Артур: апамды сагынып ыйладым
"Акыркы көч" тасмасы Россиядагы кинофестивалда "Мыкты музыка" сыйлыгына татыды
Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы АКШда дагы бир сыйлык алды

Чеберчиликтин туу чокусу! Табияттын таң калтырган 12 керемети

1464
  • Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Шиванг Мехтанын Сейилдөөгө чыккан кабылан деген эмгеги финалга чыкты
  • Анага Мохананын Көңүл борборунда сүрөтү Жаш фотосүрөтчү номинациясында жеңүүчү деп табылды
  • Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында Бөлүнгөн жер сүрөтү финалист болду
  • Жаныбарлардын портрети категориясында Мохаммад Мураддын Шаардын жарыгы сүрөтү жеңишке жетти
  • Пратхамеш Гадекар Түндүк жарыгы сүрөтү менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү категориясында алдыңкы орунга чыкты
  • Панос Ласкаракис Падышанын майрамы эмгеги менен Жаныбарлардын портрети категориясында финалист болду
  • Шувам Садхухан Мурундан куйрукка чейинки диета кадры менен Жаныбарлардын кылык-жоругу категориясында финалга чыкты
  • Магнус Лундгрен Иллюзионист аталышындагы эмгеги менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү номинациясында финалист болду
  • Приянка Рахут Митра Жаныбарлардын кылык-жоругу номинациясында Тег, бул сенби! аталыштагы сүрөтү менен жеңүүчү болду
  • Лакшита Карунаратна Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Монарх эс алууда чыгармасы менен алдыңкы орунга чыкты
  • Анируд Камакери Уктаган жөргөмүш эмгеги менен Жаш фотосүрөтчү категориясынын финалисти болду
  • Махисин Хандын Куугунтукталган аталышындагы сүрөтү Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында жеңишке жетти
Бүгүнкү сүрөт түрмөктө жыл сайын өтүүчү Nature in Focus Photography сынагынын жеңүүчүлөрү менен финалисттеринин эмгектери камтылган. Алардын керемет сүрөттөрүн көрүп, ырахат алыңыз.

Бул масштабдуу сүрөт сынагы дүйнөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүнө арналган. Быйыл конкурска 40 өлкөнүн эки миң сүрөтчүсүнөн 18 миңдей эмгек сунушталды. Жеңүүчүлөр "Жаныбарлардын портрети", "Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө", "Чыгармачыл табияттын сүрөтү", "Жаш фотосүрөтчү", "Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр" жана "Жаныбарлардын кылык-жоругу" сыяктуу бир нече категория боюнча тандалды.

Сынактын тарыхында алгачкы жолу жалпы жеңүүчүнү тандоо мүмкүн болгон жок. Калыстар тобунун айтымында, эң мыкты сүрөттү тандоо кыйынга турган.

Сынактагы сүрөттөрдү толугу менен көрүүгө болот.

1464
  • Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Шиванг Мехтанын Сейилдөөгө чыккан кабылан деген эмгеги финалга чыкты

    "Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө" категориясында Шиванг Мехтанын "Сейилдөөгө чыккан кабылан" деген эмгеги финалга чыкты

  • Анага Мохананын Көңүл борборунда сүрөтү Жаш фотосүрөтчү номинациясында жеңүүчү деп табылды

    Анага Мохананын "Көңүл борборунда" сүрөтү "Жаш фотосүрөтчү" номинациясында жеңүүчү деп табылды

  • Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында Бөлүнгөн жер сүрөтү финалист болду

    "Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр" номинациясында "Бөлүнгөн жер" сүрөтү финалист болду

  • Жаныбарлардын портрети категориясында Мохаммад Мураддын Шаардын жарыгы сүрөтү жеңишке жетти

    "Жаныбарлардын портрети" категориясында Мохаммад Мураддын "Шаардын жарыгы" сүрөтү жеңишке жетти

  • Пратхамеш Гадекар Түндүк жарыгы сүрөтү менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү категориясында алдыңкы орунга чыкты

    Пратхамеш Гадекар "Түндүк жарыгы" сүрөтү менен "Чыгармачыл табияттын сүрөтү" категориясында алдыңкы орунга чыкты

  • Панос Ласкаракис Падышанын майрамы эмгеги менен Жаныбарлардын портрети категориясында финалист болду
    © Photo / Panos Laskarakis / Nature inFocus 2021

    Панос Ласкаракис "Падышанын майрамы" эмгеги менен "Жаныбарлардын портрети" категориясында финалист болду

  • Шувам Садхухан Мурундан куйрукка чейинки диета кадры менен Жаныбарлардын кылык-жоругу категориясында финалга чыкты
    © Photo / Shuvam Sadhukhan / Nature inFocus 2021

    Шувам Садхухан "Мурундан куйрукка чейинки диета" кадры менен "Жаныбарлардын кылык-жоругу" категориясында финалга чыкты

  • Магнус Лундгрен Иллюзионист аталышындагы эмгеги менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү номинациясында финалист болду
    © Photo / Magnus Lundgren / Nature inFocus 2021

    Магнус Лундгрен "Иллюзионист" аталышындагы эмгеги менен "Чыгармачыл табияттын сүрөтү" номинациясында финалист болду

  • Приянка Рахут Митра Жаныбарлардын кылык-жоругу номинациясында Тег, бул сенби! аталыштагы сүрөтү менен жеңүүчү болду
    © Photo / Priyanka Rahut Mitra / Nature inFocus 2021

    Приянка Рахут Митра "Жаныбарлардын кылык-жоругу" номинациясында "Тег, бул сенби!" аталыштагы сүрөтү менен жеңүүчү болду

  • Лакшита Карунаратна Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Монарх эс алууда чыгармасы менен алдыңкы орунга чыкты

    Лакшита Карунаратна "Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө" категориясында "Монарх эс алууда" чыгармасы менен алдыңкы орунга чыкты

  • Анируд Камакери Уктаган жөргөмүш эмгеги менен Жаш фотосүрөтчү категориясынын финалисти болду

    Анируд Камакери "Уктаган жөргөмүш" эмгеги менен "Жаш фотосүрөтчү" категориясынын финалисти болду

  • Махисин Хандын Куугунтукталган аталышындагы сүрөтү Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында жеңишке жетти

    Махисин Хандын "Куугунтукталган" аталышындагы сүрөтү "Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр" номинациясында жеңишке жетти

Белгилер:
конкурс, табият, фото, сүрөт, дүйнө
Тема боюнча
Күн чачыраган тоолор... Түндүк — Түштүк жолундагы керемет табияттын видеосу
Кыргызстандын керемет табияты италиялык фотографтын көзү менен. Сүрөт, видео
Мамлекеттик кызматкер. Архив

Кадр кызматынын директорунун орун басарлары иштен кетти

0
Абдулазим Курманов менен Олег Тарбинскийди иштен бошотуу боюнча буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Абдулазим Курманов менен Олег Тарбинский Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басарлык кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгон. Эки орун басар тең "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык (өз каалоосу менен) иштен кетти.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Мамлекеттик кадр кызматы, орун басар, буйрук
Тема боюнча
Нарын шаарына мэр болуп 38 жаштагы Курбанов дайындалды