Астана шаарында өткөн Жайкы кубогу

"Азия MIX" Астанадан өткөн жайкы кубокто ... үчүнчү орунда калды

295
(жаңыланган 13:00 02.07.2017)
Биринчи орунду ээлеген казак командасы Байтерек имаратынын формасындагы кубокко жана 400 миң рублга ээ болду.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бишкектик "Азия MIX" командасы Астана шаарында өткөн Жайкы кубокто үчүнчү орунду ээлегени тууралуу КВН Эл аралык союзунун расмий сайтында жарыяланды.

Ишемби күнү өткөн оюнга "Азия MIX", "Казахи", "ГородЪ ПятигорскЪ" жана "Сборная Камызякского края по КВНу" командалары катышты.

КВНчилер адаттагыдай эле "Саламдашуу", "Биатлон" жана "Музыкалык үй тапшырма" сынактарында таймашты.

Бардык сынактардын жыйынтыгы боюнча  "Казахи" биринчи (12 упай), "Сборная Камызякского края по КВНу" командасы экинчи (11,8 упай), "Азия MIX" үчүнчү  (11,1 упай) орунду ээледи.

"ГородЪ ПятигорскЪ" командасы 10,2 упай гана упай топтой алды.

Привет всем из Астаны! Летний кубок сыгран! Кто за кого болел?

Публикация от Команда КВН "Азия-MIX" (@asiamix_official) Июл 1 2017 в 10:15 PDT

Биринчи орунду ээлеген казак командасы Байтерек имаратынын формасындагы кубокко жана  400 миң рублга ээ болду.

"Азия MIX" КВН Жогорку Лигасынын учурдагы чемпиону.

КВН Жайкы лигасы — акыркы жылдары Жогорку лиганын чемпиондору болгон командалар арасындагы оюн.

295
Белгилер:
КВН, Азия MIX, Казакстан
Тема боюнча
"Азия Mix" жеке концертин берет
"Азия MIX" Астанада КВНдин жайкы кубогу үчүн ат салышат
"Азия MIX" командасынын жигиттери футбол тууралуу роликке тартылышты
Өкмөт "Азия MIX" командасына 300 миң сом берди