Сулуу келиндер сынагы: Кыргызстандын намысын Аида Чоткараева коргомой болду

© Фото / Виктория БарСнимок с социальной сети Facebook пользователя Aida Chotkaraeva
Снимок с социальной сети Facebook пользователя Aida Chotkaraeva - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келиндер арасындагы дүйнөлүк сулуулар сынагы быйыл Түштүк Африка республикасында өтөт. Өткөн жылы мамлекеттин намысын эки баланын энеси Наргиза Осмонова коргогон.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстандык актриса жана модель Аида Чоткараева келиндер арасындагы "Аалам сулуусу — 2017" сынагына катышат.

Sputnik Кыргызстан агенттигине улуттук сынактын уюштуруучусу Рысгүл Намазбекова билдиргендей, Аида Чоткараева 2016-жылы биринчи вице-мисс аталып, сынакка катышууга жолдомо алган.

Сулууларды кароо сынагы Түштүк Африка республикасындага Дурбан шаарында 28-августтан 7-сентябрга чейин өткөрүлөт. Дүйнөлүк сынакка жалпысынан 40 келин катышат.

28 жаштагы кыргызстандык Аида Чоткараева актриса жана модель болуп эмгектенет. Ал "Красотка и миллион", "Браво" жана "У любви свои небеса" тасмаларында роль жараткан.

Өткөн жылы аталган сынакта Кыргызстандын намысын 41 жаштагы Наргиза Осмонова коргогон. Сынактын жыйынтыгында "Миссис Бизнесвумен" наамын жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0