Июлдун соңунда "Оймо-2017" эл аралык фестивалы өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековX международный фестиваль ремесленников "Оймо"
X международный фестиваль ремесленников Оймо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөлүк 150дөн ашык кол өнөрчүнүн кийиз жана кездемеден жасаган буюмдарынын жарманкеси болот

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстанда июль айынынын соңунда "Оймо" эл аралык фестивалы башталат.

Чуңкурчак капчыгайында Чуңкурчак көчү — 2017 фестивалы болуп өттү - Sputnik Кыргызстан
Кылым карыткан кыргыз көчү. Чуңкурчактагы этнофестивалдан алынган кадрлар
Бул иш-чара 27-июлдан 30-июлга чейин Бишкек шаарында өтүп, Ысык-Көлдүн жээгинде жыйынтыкталат. Анда чет мамлекеттерден келген 150дөн ашык кол өнөрчүлөрдүн кийиз жана кездемеден жасалган буюмдарынын жарманкеси болот.

Ошондой эле дизайнерлер өздөрүнүн эмгектерин сунуштап, сүрөтчү жана акындар арасында сынактар уюштурулат. Андан сырткары катышуучулар атайын мастер-класстарды, ал эми жаштар түрдүү акцияларды өткөрөт.

Эске сала кетсек, аталган фестиваль Кыргызстанда 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0