Мээрим Атантаева: жүдөө кыздар модель боло албайт

© Фото / Улан СагынбековКыргызстанская актриса и модель Мээрим Атантаева
Кыргызстанская актриса и модель Мээрим Атантаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көп кырдуу талант Мээрим Атантаева жакында эле Түштүк Кореяда өткөн "Asian Model Festival" сынагында "Орто Азиянын мыкты модели" деп табылды.

Актриса "Көк салкын-2", "Иттей сулуу", "Шайлоо-жайлоо", "Мунабия", "Кентавр" сыяктуу бир канча тасмаларга тасмаларга тартылып, ата мекендик бир нече клиптин жүзү. "Мисс интернет-2011" сынагынын жеңүүчүсү.

Кыргыз чүрөгү Мээрим Атантаева менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Мээрим, "Орто Азиянын мыкты модели" деп табылдыңыз. Маалым болгондой, 27 өлкөдөн үчтөн модель катышты. Алар эки ай мурда кастингден тандалып алынса, сизге уюштуруучулар тарабынан түз эле чакыруу келген. Бул, албетте биз үчүн да сыймык. Сурайын дегеним, башка моделдерден кандай бөтөнчөлүгүм бар деп ойлойсуз?

— Маңдайыма буюрган нерсеге ыраазымын. Өзүмдү эч ким менен салыштырбайм, башка бирөөнүн да изин баскым келбейт. Мени конкурстун уюштуруучулары кантип тандап алышкандарын түшүнгөн жокмун. Бирок, "ВитЛайн" моделдик агенттигине ыраазычылыгымды айткым келет. Мен бул агенттикте иштебесем да, Корея моделдик ассоциациясына талапкерлигимди көрсөтүп, сынакка жиберишти. Бир чети модель гана эмес, актриса болуп таанылып калганым да себеп болду окшойт. 

© Фото / Адилет ТопчубековМодель Мээрим Атантаева: маңдайыма буюрган нерсеге ыраазымын. Өзүмдү эч ким менен салыштырбайм, башка бирөөнүн да изин баскым келбейт
Кыргызстанская актриса и модель Мээрим Атантаева - Sputnik Кыргызстан
Модель Мээрим Атантаева: маңдайыма буюрган нерсеге ыраазымын. Өзүмдү эч ким менен салыштырбайм, башка бирөөнүн да изин баскым келбейт

— Кыргызстанда модель болуу оорбу? Бизде моделдердин эмгеги кандай бааланат?

Кыргызстан сулуусу — 2017 сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова - Sputnik Кыргызстан
Бегимай Карыбекова: Чокморовдун кинолору менен эле чоңойгон кызмын!
— Модель болуу оор десем, иштемек эмесмин. Мен бул кесиптен ырахат алам. Бизде моделдик менен жаныңды бага албайсың, сөзсүз башка кесибиң, акча табуу планың болуш керек. Айрым моделдерибиз "бул хобби" деп коюшат. Мен алардын оюуна кошула албайм, ошондуктан бекер иштебейм.

Бизде башка өлкөлөргө салыштырмалуу моделдикте кемчиликтер көп. Элдердин мамилеси да башкача. Чет өлкөдөн келиптир десе, акчасын аябай, болгон шартты түзүп берүүгө умтулушат.

— Бул жаатта атаандаштык күчпү?

— Бизде атаандаштык агрессивдүү түрдө эмес. Алыстан сын айткандары менен чектен ашкан кадамдарга деле барышпайт. Кесипкөй моделдердин көбү менен жакшы мамиледемин. Бири-бирибизге жардам берип,  жумуш болсо чакырышып турабыз.

© Фото / Улан СагынбековМодель Мээрим Атантаева: бизде моделдик менен жаныңды бага албайсың, сөзсүз башка кесибиң, акча табуу планың болуш керек
Модель Мээрим Атантаева: бизде моделдик менен жаныңды бага албайсың, сөзсүз башка кесибиң, акча табуу планың болуш керек - Sputnik Кыргызстан
1/3
Модель Мээрим Атантаева: бизде моделдик менен жаныңды бага албайсың, сөзсүз башка кесибиң, акча табуу планың болуш керек
© Фото / Екатерина ГниденкоМодель Мээрим Атантаева: айрым моделдерибиз "бул хобби" деп коюшат. Мен алардын оюуна кошула албайм, ошондуктан бекер иштебейм.
Модель Мээрим Атантаева: айрым моделдерибиз бул хобби деп коюшат. Мен алардын оюуна кошула албайм, ошондуктан бекер иштебейм. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Модель Мээрим Атантаева: айрым моделдерибиз "бул хобби" деп коюшат. Мен алардын оюуна кошула албайм, ошондуктан бекер иштебейм.
© Sputnik / Табылды КадырбековМодель Мээрим Атантаева: кесипкөй моделдердин көбү менен жакшы мамиледемин. Бири-бирибизге жардам берип, жумуш болсо чакырышып турабыз
Модель Мээрим Атантаева: кесипкөй моделдердин көбү менен жакшы мамиледемин. Бири-бирибизге жардам берип,  жумуш болсо чакырышып турабыз - Sputnik Кыргызстан
3/3
Модель Мээрим Атантаева: кесипкөй моделдердин көбү менен жакшы мамиледемин. Бири-бирибизге жардам берип, жумуш болсо чакырышып турабыз
1/3
Модель Мээрим Атантаева: бизде моделдик менен жаныңды бага албайсың, сөзсүз башка кесибиң, акча табуу планың болуш керек
2/3
Модель Мээрим Атантаева: айрым моделдерибиз "бул хобби" деп коюшат. Мен алардын оюуна кошула албайм, ошондуктан бекер иштебейм.
3/3
Модель Мээрим Атантаева: кесипкөй моделдердин көбү менен жакшы мамиледемин. Бири-бирибизге жардам берип, жумуш болсо чакырышып турабыз

— Сизди модель, актриса, дизайнер, бийчи, айтор, көп кырдуу талант катары билебиз. Жүрөгүңүзгө кайсынысы жакын,  өзүңүздү кай жагынан адис көрөсүз?

— Көп учурда ички туюмума таянам. Моделдик кесипте көп ийгиликтер болгону менен эч качан бул тармакка келем деп ойлогон эмесмин. Актрисалыкта атайын билимим жок болсо да, Кудайга шүгүр кино жаатында эмгектенип келе жатам. Көңүлүмө жаккан сунуштар түшсө тартыла берем. Билим жагынан айтсам, үч дипломдун ээсимин. Кийин баш-отум менен дизайнерликти аркаласам дейм. Азыр бир нерсени алдын ала айтуу кыйын.

—Сиз аралашкан чөйрөдө сырткы келбет маанилүү. Сулуулугуңузга кантип кам көрөсүз?

— Үйдөгүлөр кыз киши таза, тыкан болушу керек деп тарбиялашкан. Биз модель мектебинде окуп жүргөндө жүдөө кыздарды катарга албай коюшчу. Мода дүйнөсүндөгү эң биринчи талаптардын бири — тазалык. Анткени дизайнерлердин кымбат кийимдерин кийип чыгабыз, бизден кийин аны кардарлар сатып алгыдай болушу керек. Фотосессия, көргөзмөлөрдө эле салонго баш бакпасам, көп учурда өзүм жасанам. Өзүмө көбүнчө үйдөн кам көрүп, сапаттуу косметика колдонгонго умтулам. Сулуулук салонго барганды көп жактырбайм, кээ биринен жийиркенем. 

© Фото / Мыктыев РусланМодель Мээрим Атантаева: модель болуу оор десем, иштемек эмесмин. Мен бул кесиптен ырахат алам
Кыргызстанская актриса и модель Мээрим Атантаева - Sputnik Кыргызстан
Модель Мээрим Атантаева: модель болуу оор десем, иштемек эмесмин. Мен бул кесиптен ырахат алам

— Спорт менен дос экениңизди билем. Бир формада болуу үчүн сергек жашоодо жүрөсүзбү?

Модель Айсулуу Молдалиева и актриса Мээрим Атантаева - Sputnik Кыргызстан
Нукура жүз: кыргызга таанымал кыз-келиндердин боёксуз жүзү сүрөттө
— Атам кичинекей кезимде үйдүн жанындагы сейил бактарга чуркатып, машыктырып, спортко көндүргөн. Кийин бийге барып жүрдүм. Азыр каратэ, айкидо менен машыгам. Көптөн бери кыялданган максатыма жеттим десем болот. Анткени кичинекей кезимде Брюс Ли, Жекки Чан, Жан-Клод Ван Даммдын кинолору менен чоңоюп, алардай күчтүү болгум келчү. Бирок, мунун баары арыктоонун амалы эмес, ден соолук үчүн жасалган камкордук. Спорт менен машыкканда өзүмдү абдан сергек сезем.

— Интервьюлардын биринде "жыртык шым кийбейм, сынык идиштен тамак ичпейм" деп айтыптырсыз. Консервативдүү адамсызбы?

— Ошондой го. Негизи эле бүтүн нерселер жагат. 

© Фото / Улан СагынбековМодель Мээрим Атантаева: бийге барып жүрдүм. Азыр каратэ, айкидо менен машыгам
Кыргызстанская актриса и модель Мээрим Атантаева - Sputnik Кыргызстан
Модель Мээрим Атантаева: бийге барып жүрдүм. Азыр каратэ, айкидо менен машыгам

— Анан да "мурда киндигимде пирсинг болгон, учурда тырмак да, кирпик да чаптабайм" дептирсиз. Адам кайсы бир куракка келгенде өзүнө сын көз менен карап калат дешет?

— Пирсинг тагынып жүргөндө жаш болчумун. Элди туурап, өзүмдү жакшы түшүнө алчу эмесмин. Кийин мага элди туурап кереги жок экенин түшүндүм. Кудай берген нерсеге ыраазы болуш керек. Бул оюма киного тартылып калганым да себеп болду. Бүгүн шаардыктын ролун аткарсаң, эртең эле айылдык кыздын образына чакырышат. Анан тырмак-башың узун болуп турса, кайрадан салонго баш багуу убаракерчилик эмеспи. Ошондуктан жасалма сулуулукка көз каранды болгум келбейт.

— Жалгыз болгондо дикция үчүн үндү катуу чыгарып ырдайт экенсиз. Ырчылык талантты да сынап көрөйүн деген оюңуз жокпу?

— Жок, ырчы болгум келбейт. Мурда вокалдан сабак алып, аз жерден ырчы кыздардын тобуна кошулуп кала жаздагам. Үнүмдү уккандар жакшы эле дешет. Бирок, бул чөйрө мени кызыктырбайт. 

© Фото / Лев БабенкоМодель Мээрим Атантаева: жасалма сулуулукка көз каранды болгум келбейт.
Кыргызстанская актриса и модель Мээрим Атантаева - Sputnik Кыргызстан
Модель Мээрим Атантаева: жасалма сулуулукка көз каранды болгум келбейт.

—Сулуу кыздын жеке турмушу тууралуу сурабай коюп, окурмандардын каарына калгым келбейт.

— Жүрөгүм ээсин тапкан,  жигитим бар.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Айтылган пландар аткарылбай калгандан корком. Бирок, жакында эки тасмага тартылам. Моделдик жаатында да жакшы пландар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0