Кыргызстанга белгилүү РУДН КВН командасы келет

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүПрезидент В.Путин на открытии штаб-квартиры "Планеты КВН"
Президент В.Путин на открытии штаб-квартиры Планеты КВН - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чараны "Азия MIX" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров алып барат.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. Жакында Кыргызстанга легендарлуу КВН командаcы, 2006-жылы Жогорку Лигасынын чемпиону болгон РУДН курама командасы келет. Бул тууралуу "Ала-Тоо" аймактык КВН лигасынын президенти Александр Ященко билдирди.

Өлкөгө команданын капитаны Сангажи Тарбаев баш болуп, бардык оюнчулардын келиши күтүлүүдө. Алар "Ала-Тоо" аймактык КВН лигасынын Жайкы кубогуна конок катары чакырылган.

Оюн 22-июль күнү кечки саат 19:00дө башталып, Чолпон-Ата шаарынын Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда уюштурулат.

 

Скоро! Скоро! Событие дрейф масштаба!

Публикация от KVNKG (@kvnalatoo) Июл 7 2017 в 7:09 PDT

 

Летний кубок КВН в Астане - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" Астанадан өткөн жайкы кубокто ... үчүнчү орунда калды
Ал ортодо РУДН КВН командасы Кыргызстанга келе турганын  социалдык түйүндөргө жарнамалай баштады.

Лигага катыша турган командалардын тизмеси азырынча толук тактала элек. Анткени оюнчу катары  жергиликтүү КВН командалардан тышкары Казакстан жана Башкыртстандан да арыздар келип түшүүдө.

Оюнду "Азия MIX" командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров алып барат.

Белгилей кетсек, "Ала-Тоо" аймактык лигасы КВНдин эл аралык биримдигинин  түзүмүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0