Атактуу "Элес" тобу кайрадан жаңы курам менен сахнага кадам таштайт

© Фото / Жазгул Мажитова"Элес" группасы
Элес группасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элес" тобунун жаңы курамы мурунку жана жаңы жүздөр менен толукталат

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Бир мезгилде кыргыз эстрадасына бүлүк салып, кийин узак убакыт тыным алган "Элес" тобу жаңы курам менен кайрадан сахнага чыгат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине топтун продюссери Актан Исабаев билдирди.

Анын айтымында, топтун курамы мурунку жана жаңы жүздөр менен толукталат. Вокал жагынан Адил Чекилов жана Нурлан Мамбетов, композитор жана барабанчы Сергей Соколов, аранжировка боюнча Сергей Решетников, ал эми топ продюссери болуп Актан Исабаев дайындалган. Ошондой эле маркум Азамат Ашырбековдун уулу Ильяз атасынын жолун жолдоп бас-гитарист болуп кошулган.

"Музыкалык топ 17 жыл бою чыгармачылык чөйрөдө алгылыктуу иш алып барып 2002-жылдан кийин тыным алган. Бирок ага карабай азырга чейин калк арасында кадыр баркы сакталып калыптыр. Бул тууралуу жакында эле жаштар менен жолукканда байкадык", — деди Исабаев.

Жаңы түзүлгөн топ автордук чыгармаларды жаратып жакынкы күндөрү концертин өткөрүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0