Акаевдин алтын кол саатын "чечип алган" Жаныбек Алыкулов. Куудул тууралуу 8 факты

© Фото / CinemArt"Шорпо" деген лакап аты менен калың журтка кеңири таанылган куудул Жаныбек Алыкуловдун архивдик сүрөтү
Шорпо деген лакап аты менен калың журтка кеңири таанылган куудул Жаныбек Алыкуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Шорпо" деген лакап аты менен калың журтка кеңири таанылган куудул Жаныбек Алыкулов мындан үч жыл мурун ушул күнү, 20-июлда 54 жаш курагында дүйнө салган. Ал алгачкылардан болуп пародия жанрын жандандырган. Аны кыргыздын Петросяны деп атап коюшчу.

Sputnik Кыргызстан агенттиги белгилүү куудул тууралуу 8 факты сунуштайт.

1. Жаныбек Алыкулов — 1960-жылы 3-мартта ата-энесинин кызматына байланыштуу Аксынын Жаңы-Жол айылында туулган. Кичи мекени Токтогулдун Кетмен-Төбө айылы. Беларуссияда эки жыл аскер кызматын өтөгөн. Андан келип Ош педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин аяктаган. Анын атасы куудул, апасы кошокчу болгон. Чоң сахнага 1980-жылы кадам таштаган.

2. Пародия жанрын жандандырган. Ал тууралуу атактуу куудул Келдибек Ниязов мындайча эскерет. "Филармонияда Асанкул Шаршенов экөөбүз бөлмөбүздө отурсак балдар чуркап келип "сахнада силерди бир кара тоголок бала туурап жатат" дешти. Залга чыксак бизди көрөрү менен токтоп, көзү тостоюп, сахна артына кирип кетти. Акмалап барып астынан чыгып, Асанкул "каяктан чыккан машаяксын! Сени бирөө бизди туура деп жибердиби?!" десе "жок бул пародия…" деп ыйлаганы калды. Анан экөөбүз тең күлүп бетинен өөп узатканбыз. Мурда Куйручук олуя жана Шаршен куудулдан кийин породия жанры өчүп жок болуп кеткен. Ошол өнөрдү кайрадан жандандырып, бир жолго салган Жаныбек болду".

© Фото / из личного архива Азизы АлыкуловойЖаныбек Алыкулов 1998-жылы Филармонияда 9 күн концерт берип, түшкөн каражатка шаардан батир сатып алган
Кыргызский юморист Жаныбек Алыкулов - Sputnik Кыргызстан
Жаныбек Алыкулов 1998-жылы Филармонияда 9 күн концерт берип, түшкөн каражатка шаардан батир сатып алган

3. Жаныбектин таарынычы. 1992-жылы Спорт ордосунда өткөн куудулдардын сынагына катышып президент Аскар Акаевди туураган. Соңунда калыстар баш байгени Күмөндөр Абыловго ыйгарат. Буга залдагылар нааразы болуп, жеңишти Алыкуловго берүүнү талап кылып жарым саат кол чаап кетпей койгон. Толкуган эл сахнага чыга баштаганда маданият министринин орун басары ортого түшүп араң токтоткон. Анын байгеге жетпей калганына Акаевди туураганы себеп болгон дешет. Ошондон кийин ал көңүлү сууп үй-бүлөсү менен Жалал-Абадка көчүп кеткен. Ал жакта ишкердик менен алектенип төрт жылча жүрүп кайра Бишкекке келген.

Предприниматель, первый председатель политической партии Замандаш Мухтарбек Омуракунов - Sputnik Кыргызстан
Жалп өчкөн жаш өмүр, жасалбай калган иштер. Мухтарбек Өмүракунов тууралуу 5 факты
4. Акаевдин эки алтын саатын алган. Алыкуловдун талантына ошол кездеги президент Аскар Акаев да өзгөчө баа берип, атургай атайын чакырып өзүн туураткан. Акаев ал тууралуу мурдатан укккандыктан Алайда Курманжан датканын 180 жылдыгы өтүп жатканда атайын боз үйгө чакыртат. Ал жерде өзүн туурап бергенде каткырып күлүп алтындан жасалган кол саатын чечип белек кылган. Арадан 10 жылдай өткөндөн кийин дагы бир концертте Акаевди туураган. Тунгуч президент сахнага чыгып "бул менин досум" деп экинчи кол саатын чечип берген. Кийинчерээк Казакстандагы куудулдар сынагына катышып эки жолу баш байгени багындырган. Анын 50 жылдык маарекесинде "Маданияттын мыкты кызматкери" наамы ыйгарылган.

5. Тогуз күн концерт коюп батир алган. 1998-жылы Филармонияда 7 күнгө белгиленген концертине эл агылып келип суроолор боюнча 9 күн уланган. Андан түшкөн каражатка шаардан батир сатып алган экен.

6. Ачкачылыктан жаралган "Шорпо" ыры. 1989-жылы Нарындагы гастролдон кайтып келе жатышканда унаа бузулуп ара жолдо көпкө кармалып калышат. Ошондо курсагы ачып Оштун шорпосун эстеп эки куплет ыр жазган экен. Аны "Мыскыл жана тамаша" долбооруна алып келип аткарганда элдин алкоосуна татыган. Ошондон кийин ага эл "Шорпо" деген атты ээнчилеп берген. "Мурда айтса терикчүмүн азыр мени "Шорпо" дешпесе капа болом" деген жайы бар.

© CinemArtАлыкуловдун атасы куудул, апасы кошокчу болгон. Чоң сахнага 1980-жылы кадам таштаган
Кыргызский юморист Жаныбек Алыкулов - Sputnik Кыргызстан
Алыкуловдун атасы куудул, апасы кошокчу болгон. Чоң сахнага 1980-жылы кадам таштаган

7. Жеке жашоосу, үй-бүлөсү. Төрт уул, эки кыздын атасы. Биринчи жубайы менен эки уул, бир кыздуу болгондон кийин ажырашып кеткен. Кийин 1989-жылы Ош филармониясында иштеп жүрүп, өзүнөн тогуз жаш кичүү Азиза атуу ырчы кыз менен баш кошуп эки уул бир кыздуу болушкан. Ал чыгармачылыктан сырткары футбол, баскетбол жана шахмат оюндарынын чебери болгон. Уулу Манас атасын жолун жолдогон.

8. Ажал алып келген оору. Үч жылдай кант диабети менен ооруп, ага удаа кан басымы да жогорулап тынбай дары ичип калган. Ооруканага жеткирилгенден кийин алты күн өзүнө келбей комада жатып көз жумган. Уулу Манас "Атам тойго тамада болуп барганда мен чарчаганда сен улап кетесиң" деп ээрчитип алчу. Каза бологондон 15 күн мурун бир тойдо тээ мурункудай болуп секирип бийлеп, элди күлдүрүп өзгөчө алып барган. Абалы жакшырып калыптыр деп сүйүнүп калгам. Көрсө ошондо акыркы талантын тартуулаган экен" деп эскерет.

Жаңылыктар түрмөгү
0