Чет жерде өткөн балалык. Асанкан Жумакматов 1923-жылы 16-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата айылында төрөлгөн. Үч жашында атасы бай-манап деп камалып, Сибирге сүргүнгө айдалган. Андан кийин алты жашында бир тууган агасы жана энеси менен Украинага жөнөтүлүп, сегиз жыл бөтөн жерде атасыз күн кечирген. Ал жакта болочоктогу музыкант тил үйрөнүп, музыка дүйнөсүнө сүңгүп кире баштаган.
Биринчи кыргыз дирижёру. Мекенине кайтып келген 16 жаштагы өспүрүм борбор калаадагы педагогикалык техникумга тапшырып, жакшы окугандыктан шак эле экинчи курска кирген. Бирок, анын музыкага болгон кызыгуусу күчтүү болуп, ал жакта бир жылдай эле билим алган. Ошондон баштап Асанкан борбор калаадагы музыкалык-драма театрында иштей баштаган. Ал эми 17 жашында фронтко аттанып, Сталинграддагы беттеште катуу жаракат алып кайра мекенине келген. Кийин чыгармачылык менен алектенүүсүн улантып 1948-жылы дирижёрлук студияны артыкчылык менен аяктап Мамлекеттик опера жана балет театрына башкы дирижёрлук кызматка алынган. Маэстро 1957-жылы дагы Москвадагы консерваторияны кызыл диплом менен бүтүргөн.
Чыгармачылыктагы бут тосуу. Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисти ондогон жыл Кыргыз академиялык опера жана балет театрында, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде жана улуттук филармонияда башкы дирижёр болуп эмгектенген. Ал жылдары Жумакматов маданият министри менен тил табыша албай, кысымга кабылып кызматтан алынган. Анда кыргыздын чыгаан уулу Азербайжандагы досторунун чакыруусу менен Бакуга кетип чыгармачылыгын уланткан. Сыртта бааланып жүргөн дирижёрду ошол кезде жаңы бийликке келген Турдакун Усубалиев угуп калып, Кыргызстанга кайра чакыртып Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин башкы дирижёру кылып дайындаган.Жаны тынбаган профессор. Кыргыз эл баатыры чыгармачылык менен өмүрүнүн аягына чейин алектенген. Шакирттери Жумакматовдун эмгекчил, мыкты уюштуруучу болгондугун эскеришет. Анын жетектөөсүнүн алдында КМШ өлкөлөрүндө гана эмес, бир катар батыш мамлекеттеринде концерт коюлган. Андан сырткары, ал "Токтогул", "Жамийла", "Дон Карлос", "Ромео жана Жульетта" өңдүү 50дөн ашык опера жана балеттерди оркестрлештирген. Дирижёр ошондой эле базарга, жумушка жөө барып келип, кызматтык автоунаасын колдонгон эмес.
Чыгаан шакирттердин устаты. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты өзүнүн чыгармачылык жолунда бир топ белгилүү инсандарды тарбиялап өстүргөн. Алардын арасында Болот Миңжылкиев, Кайыргүл Сартбаева, Токтоналы Сейталиев, Дарика Жалгасынова жана Керим Турапов өңдүү бир топ классик аткаруучулар бар. Жетимиш жыл өмүрүн музыкага арнаган профессор 2008-жылдын 21-июлунда 85 жаш курагында дүйнө салган.
Кыргыздар көчмөн болуп, ат чаап, жер которуп жүргөндүктөн жомокторунда баатырдык, айкөлдүк, ак ниеттик, ак жүрөктүк көбүрөөк айтылат. Мындай пикирин Бегайым Жайчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфириндеги маекте билдирди.
Анын айтымында, кыргыз жомокторундагы окуялар адамды ойго салса, башка элдерде жеңилирээк баяндалат.
"Жомоктун тилеги дүйнө элдеринин баарында бирдей. Акыйкаттык жеңип, жыйынтыгы жакшы бүтөт. Кыргыздар көчмөн болуп, ат чаап, жер которуп жүргөндүктөн жомокторунда баатырдык, айкөлдүк, ак ниеттик, ак жүрөктүк көбүрөөк айтылат. Мисалы, "Миң күндүк жомок" деген китеп бар. Анда дүйнөдөгү бардык элдердин жомоктору камтылган. Мен бардыгын толук окуп чыктым. Кыргыз эл жомоктору кооздугу, жеткиликтүүгү менен айырмаланат. Ойго салып, балдарга тарбия берип, чоңдорду да кызыктырып, курч окуяларга бай келет. Кыргыздар жомокту түшүндүрүп айта билген, каармандарын ача билген жомокчу эл ", — деди Жайчиева.
Ошондой эле жомокчу бала тарбиялоону жомоктон баштоо керек экенин, ата-энелер жомокко маани бериши зарылдыгын кошумчалады.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкекте КР эл артисти Жумакадыр Каныметовдун "Ак-Мөөр" опера-дастанынын премьерасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, иш-чара 17-апрель күнү саат 17:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот.
"Эл артисти Жумакадыр Каныметов опера-дастандын дирижёр-коюучусу, ал эми режиссёру Искендер Сартбаев. Опера-дастанды коё турган сүрөтчү КР эл артисти Маратбек Шарафидинов, балетмейстер-коюучусу Тилек Кийизбаев, хормейстери КР эмгек сиңирген артисти Карагул Тиленчиев. Либреттону КР эл акыны Акбар Рыскулов жазган", — деп жазылат маалыматта.
Опера-дастандын башкы ролдорун театрдын солисттери аткара турганы, учурда кызуу даярдык көрүлүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Юстиция министрлиги автоунааларды кайра каттоодо жыйымдарды алып салуу боюнча июнь айынан декабрга чейин улуттук кампания жүргүзүүнү сунуштады.
Транспортту биринчи жолу каттоодо алынуучу жыйым бекитилген торчо менен 5 пайыз, ал эми кайра каттоодо 0,3 пайыздык көрсөткүчтү түзөт.
Юстиция министрлиги тарабынан иштелип чыккан токтом долбоорунда жазылгандай, президенттин "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, өкмөткө транспорт каражаттарын кайра каттоо жыйымдары алып салуу сунушталган.
Мындан улам министрлик пандемиядан жаралган каатчылыктан улам азырынча укуктук актыларды кабыл албай кое турууну белгилеген. Ошол себептен автоунааны кайра каттаткандардан 1-июндан 31-декабрга чейин гана акча албай туруу сунушталууда.
Маселен, 2009-жылы чыккан же андан да эски автоунааны кайра каттоо үчүн кыймылдаткычынын көлөмү 2000 куб метр болсо, унаа ээси 300 сом төлөйт. Ал эми 2010-2011-жылдары чыккан, кыймылдаткычынын көлөмү 3000 куб метр болгон автоунаага ээси 750 сомду төгөт.