Азербайжан Кыргызстандагы жаш үй-бүлөлөрдү фестивалга катышууга чакырды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүҮй-бүлө. Архив
Үй-бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган фестиваль КМШга кирген өлкөлөрдүн катышуусунда Баку жана Балакан шаарларында 27-августтан 1-сентябрга чейин өткөрүлөт.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Азербайжан республикасы Кыргызстандагы жаш үй-бүлөлөрдү "Менинүй-бүлөм" аттуу элаларык фестивалга катышууга чакырат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене-тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.

Аталган фестиваль КМШга кирген өлкөлөрдүн катышуусунда Баку жана Балакан шаарларында 27-августтан 1-сентябрга чейин өткөрүлөт.

Сахнадагы ырчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо таңшыйт" фестивалы: ырдап-чоордоп тим болбой, Ысык-Көлдү тазалай кетели
Максаты жаштар арасында үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүү жана чыңдоо, жаш үй-бүлөлөрдү эс алууга жана сергек жашоого үндөө, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн маданий байланыштарын өрчүтүү болуп саналат.

Сынакка КМШга кирген өлкөлөрдөн экиден жаш үй-бүлө катыша алат. Алардын жашы 35тен ашпоосу жана баласы 6-10 жаштын тегерегинде болууга тийиш. Анда интеллектуалдык, спорттук, чыгармачылык жана кулинардык мелдештер каралган.

Катышууну каалагандар үчүн толук маалымат Жаштар иши, дене-тарбия жана спорт агенттигинин сайтында жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0