Актриса Назбийке: баарынан баш тартып жолдошум менен айылда жашоого даярмын

© Sputnik / Табылды КадырбековТанцовщица и актриса Назбийке Айдарова
Танцовщица и актриса Назбийке Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү каарман Назбийке Айдарова бала чагынан бери бий менен алектенип жашоосун ошол тармакка арнап келген. Соңку учурларда актердук өнөргө ооп турган чагы. Ошондой эле ал аз жерден гидроэнергетик болуп кала жаздаган.

Молодая певица Толгонай Арзыкеева - Sputnik Кыргызстан
Despacito ырын аткарган Толгонай: россиялык продюсерден баш тарттым
Ал "ЖинМэн", "Симулянттар", "Жамгырдан кийин" тасмаларында башкы каармандын жана "Конок", "План Б" кинолорунда эпиздоддук роль жараткан. Мындан сырткары, бир нече клиптердин жана беделдүү дүкөндөрдүн жарнамаларынын жүзү болуп жүрөт. Ошондой эле II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын проморолигине дагы тартылган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков 19 жаштагы бийчи кыздын кино ааламына таштаган кадамы, бала чагы жана гүл жиберген сырдуу жигиттери туурасында маек курду.

— Жакында эле бий боюнча Түркияда өткөн эл аралык сынакка катышып келдиңиз. Маегибизди бий жаатындагы жаңылыктарыңыздан баштасак.

— Бий менин жан дүйнөм болуп калган. Үч жашымдан бери бий менен алектенем. Учурда "Таажы" тобунун мүчөсүмүн. 7-22-июль күндөрү Түркияга барып "Altyn Mobilye" маданият жана искусство эл аралык фестивалында 3-орунга ээ болуп кайттык. Ага 21 өлкө катышып улуттук бийлерин тартуулашты. Биз дагы кыргыз бийинин төрт түрүн көрсөттүк. Мындан сырткары, дагы бир сынакка катышып, тилекке каршы байгелүү орундарга жетпей калдык.

— Ар кандай кино, клип жана жарнамалык роликтерге тартылып жүрөсүз. Бийчи кыз тасма жаатына кантип аралашып калды?

— 2015-жылы бий тобубуз менен бир студияда фотосессия жасаганбыз. Ошол убакта "ЖинМэн" киносуна башкы каарман издеп жатышкан экен. Тасманын жаратуучулары ал жерден мени көрүп чакырышкан. Бул жаатта билимим жок болгондуктан эки жума окутуп даярдашты. Андан кийин башка жактарга да сунуш түшө баштады. Учурда "Жамгырдан кийин" деген драма жанрындагы киного тартылып жатам. Тасмада ала качууга дуушар болгон кыздын тагдыры баяндалат. Сценарийин Кыргызстанда 5 жылдан бери жашап жүргөн кореялык кыз чыныгы жашоодон алып жазган. Негизи тасмага тартылуу уялчаактык мүнөзүмдөн арылууга жардам берди.

— Интервьюга даярданып жатып таржымалыңызды карасам жогорку окуу жайда гидроэнергетика тармагында окуйт экенсиз. Ошондо чыгармачылыкты хобби катары алып жүрөсүзбү?

— Жүрөгүң менен каалап жасаган нерсе хобби, эгер көңүлүңө жакпаган жумуштарды кылсаң "халтура" деп коет экен. Мен гидроэнергетика тармагын "халтура" дээр элем. Анткени ал нерсе мага жакын эмес, ал боюнча шыгым да жок.

— Андай болсо университетке кайсы шамал айдап барды?

— Бул ата-энемдин сунушу болгон. Мектепти бүткөндөн кийин эч жакка тапшыргым келбей жүргөм. Апам "кыз балага минтип жүргөн болбойт. Быйыл тапшырбасаң кийинки жылы такыр окугуң келбей калат" деп Политехникалык университеттин гидроэнергетика факультетине тапшыртып койгон. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНазбийке Айдарова: апам биринчи эмгек акыңды алганда майлуу, таттуу нерсе алып ырымдап кой деп үйрөткөн. Алгачкы жолу Съездбек Искеналиевдин "Аруу кызым" аттуу клибине тартылып, алган гонорарым сүт, нан сатып алууга жеткен
Танцовщица и актриса Назбийке Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Назбийке Айдарова: апам биринчи эмгек акыңды алганда майлуу, таттуу нерсе алып ырымдап кой деп үйрөткөн. Алгачкы жолу Съездбек Искеналиевдин "Аруу кызым" аттуу клибине тартылып, алган гонорарым сүт, нан сатып алууга жеткен

— Үй-бүлөңүз чыгармачылык жаатында иштөөңүзгө каршыбы?

Мисс Кыргызстан-2016, модель Милан Жанибекова - Sputnik Кыргызстан
Модель Милан: бардык сүрөттөр жигитим тарткан кадрга жетпейт
— Жок, андай эмес! Алар жакшы эле колдоо көрсөтүшөт. Болгону ал убакта минтип актрисалык өнөрдү аркалап калам деп ойлогон эмесмин. Окууга тапшыргандан кийин кино, клиптерге чакыруу түшө баштады. Анан тартуу иштери учурунда сабактарды көп калтыра бергендиктен 1-курсту бүткөндөн кийин окууну токтотуп койгом. Ушул жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетине тапшырып актердук чеберчилигимди өркүндөтсөм дейм.

— Биринчи жолу алган гонорарыңызды эмнеге жумшагансыз?

— Апам биринчи эмгек акыңды алганда майлуу, таттуу нерсе алып ырымдап кой деп үйрөткөн. Алгачкы жолу Съездбек Искеналиевдин "Аруу кызым" аттуу клибине тартылып, алган гонорарым сүт, нан сатып алууга жеткен.

— Актердук менен гана алектенип үй-бүлө багып кетүүгө мүмкүнбү?

— Голливуд же Болливудда болсо бир жөн. Кыргызстанда кошумча жумушуң болбосо, кино тармагында гана иштеп үй-бүлө багуу кыйынга турат. Анткени биздин чоң актерлор дагы жакшы каражат таба албайт деп угуп жүрөм. Бирок мен акча таба албасам дагы актрисалык өнөрдү алып кетүүгө бел байладым.

— Экрандын жүзү болуп келгенден кийин сырткы келбетке кам көрүү биринчи орунда турат. Дене түзүлүшүңүздү бир калыпта алып жүрүү үчүн кандай ыкмаларды колдоносуз?

— Мунун өзгөчө ыкмалары деле жок, башка кыздар сыяктуу эле косметикаларды колдоном. 13-14 жашка чейин таенемдин ыкмасы менен бетиме айран койчумун. Жада калса "чачың жылтырап турат" деп башымды да айран менен жууп беришчү. Атайын график менен диета кармабайм, каалаган убакта тамак жеп жүрө берем.

© Фото / Жылдыз АсановаАктер Назбийке Айдарова
Актриса Назбийке Айдарова - Sputnik Кыргызстан
1/5
Актер Назбийке Айдарова
© Фото / VictoriBarТанцовщица и актриса Назбийке Айдарова во время фотосессии
Актриса Назбийке Айдарова - Sputnik Кыргызстан
2/5
Танцовщица и актриса Назбийке Айдарова во время фотосессии
© Sputnik / Табылды КадырбековТанцовщица и актриса Назбийке Айдарова во время интервью Sputnik Кыргызстан
Актриса Назбийке Айдарова - Sputnik Кыргызстан
3/5
Танцовщица и актриса Назбийке Айдарова во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды КадырбековУчастницы танцевальной группы "Таажы" на международном фестивале "Altyn Mobilye" в Турции
Назбийке Айдарова Таажы бий группасы менен - Sputnik Кыргызстан
4/5
Участницы танцевальной группы "Таажы" на международном фестивале "Altyn Mobilye" в Турции
© Фото / Айжан СейсембаеваУчастницы танцевальной группы "Таажы" на международном фестивале "Altyn Mobilye" в Турции
Назбийке Айдарова Таажы бий группасы менен - Sputnik Кыргызстан
5/5
Участницы танцевальной группы "Таажы" на международном фестивале "Altyn Mobilye" в Турции
1/5
Актер Назбийке Айдарова
2/5
Танцовщица и актриса Назбийке Айдарова во время фотосессии
3/5
Танцовщица и актриса Назбийке Айдарова во время интервью Sputnik Кыргызстан
4/5
Участницы танцевальной группы "Таажы" на международном фестивале "Altyn Mobilye" в Турции
5/5
Участницы танцевальной группы "Таажы" на международном фестивале "Altyn Mobilye" в Турции

— Демек, түнкү саат он экиде ойготуп эт берсе да баш тартпайсыз?

— Ооба жей берем (күлүп). Ал эми тасмага тартылып жатканда же башка жумуштарга алаксыганда бир күн бою тамак жебей жүрө берем. Бирок анын планын кечинде толтурам.

— Мен билгенден айранды айылдык кыздар гана маска катары колдонушчу. Мындан улам айылда чоңойдуңузбу деген суроо туулат.

— Мен Аксы районунун Кош-Дөбө айылында туулгам. Апам мени курсагында он бир жарым ай көтөрүптүр. Анан айылга эс алууга барганда төрөлгөн экенмин. Бирок өзүм Бишкекте эле чоңойдум. Биринчи классымда тентектик кылып, окуудан качып барып мультфильм көрүп отуруп алчумун. Анан мына сага деп айылга жиберип салышты. Ал жакта бир жыл окуп кайра келгем. Бир туугандардын улуусумун менден кичүү эки иним бар. 

© Фото / Жаныбек СултанбековНазбийке Айдарова: мен жумушту шашпай, жай жасайм. Бир жакка чыксам да кечигип барам
Танцовщица и актриса Назбийке Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Назбийке Айдарова: мен жумушту шашпай, жай жасайм. Бир жакка чыксам да кечигип барам

— Төөнүн этин жеп алганда же баатыр төрөлө турган болсо эне баланы курсагында 12 ай көтөрөт деген кеп бар. Сизди кайсы жагына кошсок болот?

— Мен жумушту шашпай, жай жасайм. Бир жакка чыксам да кечигип барам. Бул адатымды билгендер атайын мени бир-эки саат эрте чыкырышат. Бул боюнча апам "ал убакта Россияда иштеп жүрчүмүн. Билким билбей төөнүн этин жеп алгандырмын же ошондо да адатың кармап бул дүйнөгө шашпай келгендирсиң" деп калат.

— Даяр ашка сынчы көп дегендей социалдык тармактарда отуруп сын айткандар көп болот эмеспи. Көңүл ооруткан пикирлерден кантип коргоносуз?

— Башкалардын баракчасына аябай жаман сөздөрдү жазып жаткандарды көргөн сайын мага да качан ушундай пикирлерди таштап кетет экен деп коркуп турам. Кудайга шүгүр анчалык көңүл ооруткан пикирлерди жазгандар боло элек. Болбой эле койсун дейли. Негизи бетке айткан адамдарды баалайм. Артымдан сүйлөбөй, бетиме келип айтса жеңил көтөрүп кете алам.

— Көздүү мончок көз жаздымында калбайт эмеспи. Сүйүү каттарын жазып же гүл жиберип турган мырзалардын аягы суюлбаса керек.

Таң шоола берүүсүнүн алып баруучусу Канышай Рысбаева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Канышай Рысбекова: ата-энем алып баруучу болушумду каалаган эмес
— Мурда ар жуманын ишемби күнү белгисиз мырзадан гүл келип турчу. Мен да эч нерсе дебей койдум же ал өздүгүн айтпады, үч-төрт жолу жөнөтүп тажап кетти окшойт өзүнөн-өзү жок болуп кеткен. 18 жаштагы иним да "группалаш балдарым сени жактырат экен" деп берген гүлдөрүн алып келет. Мындан сыртакары, кат жазгандар да көп эле болот. Баарынын көңүлүн оорутпай акырын жолго салганга аракет кылам.

— Болочок жолдошуңуз кандай болсо деп элестетесиз?

— Эң негизгиси ичпеген, чекпеген. Мүнөзү боюнча жогоруда айткандай ачык-айрым, токтоо, сөзүнө турган, билимдүү адам болушу керек.

— Ошондой мырзаны кезиктире алдыңызбы?

— Ал нерсе сыр боюнча кала берсинчи. 

© Фото / Самат БараталиевНазбийке Айдарова: башкалардын баракчасына аябай жаман сөздөрдү жазып жаткандарды көргөн сайын мага да качан ушундай пикирлерди таштап кетет экен деп коркуп турам
Танцовщица и актриса Назбийке Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Назбийке Айдарова: башкалардын баракчасына аябай жаман сөздөрдү жазып жаткандарды көргөн сайын мага да качан ушундай пикирлерди таштап кетет экен деп коркуп турам

— Макул. Эгер ошол сырдуу жигит айылга барып жашайбыз десе макул болосузбу?

— Өзүм айылда эле өскөн кызмын. Мындай сунуштан баш тартпайм.

— Бул үй-бүлө үчүн чыгармачылыкты таштоого даярмын дегенди түшүндүрөбү?

— Эми ар кандай шарт болуп калат да. Балким кийин жолдошум же кайын журтум чыгармачылыгымды колдобой коюшу мүмкүн. Эгер алар каршы чыгып жатса чыгармачылыкты таштап, айылга кетүүгө даярмын.

— Ар бир адам өзүнө максат коёт эмеспи. Сиз канча жашыңызда турмуш жолуна аттанууга даярсыз?

— Негизи өзүм 25 жашымда турмуш жолуна аттанууга даяр болом деп ойлойм. Бирок… Билбейм дагы кандай болуп кетет.

— Демек ал жагы жигиттердин аракетине жараша экен да?

— Балким…

Жаңылыктар түрмөгү
0