Сагын Ниязалиева: Гүлбүбү "Сармерденге" келээрде Шахра Талипованын алдынан өткөн

© Sputnik / Жоомарт УраимовРежиссер ОТРК Сагын Ниязалиева
Режиссер ОТРК Сагын Ниязалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРК телеканалындагы улуттук каада-салт, үрп-адат, маданият камтылган "Кыз-жигит. Сармерден" долбоору бир гана улуу муундун өкүлдөрүнүн эмес, жүрөгү ырга, күүгө суусап турган жаштардын да сүйүктүү берүүсүнө айланды.

Певица отечественной эстрады Назми Байзакова - Sputnik Кыргызстан
Назми: эне тилде жакшы сүйлөй албайм, эми кызымды кыргыз мектепке бердим
Дал ушул берүүгө жан киргизип, сахна, камера артында чоң иш жасап жүргөн продюсер Сагын Ниязалиева "Сармерденден" тышкары "Бейне", "XXI кылымдын жылдыздары", Сакиш, Бопуш катышкан "Алтынчы күнү кечинде" аттуу долбоорлордун автору.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Сагын Ниязалиеваны конокко чакырып, бул кесиптин түйшүгү, мээнети  жана өзү тууралуу  айтып берүүсүн өтүнүп, сөзгө тартты.

— Качан көрсөк дагы жаныңыз тынбай бир нерсе жаратып жүргөн болосуз. Сыр болбосо мынча дем-күчтү кайдан аласыз?

— Ушу тапта 53 жаштын суусун ичип жатам. Жакшы көргөн жумушуң болсо чарчаганыңды билбейсиң. Оюн-зоок программаларды, видеоклип, концерттерди көп тарткандыктан, кээде күн-түн дебей иштеп калабыз. Азыр тойлор көп, буга байланыштуу той тарткан продюсерлик борбор ачып алганбыз. Ошону иштетем, анан жаңы ачылган "Кыргыз ТВ" деген каналда режиссерлук боюнча сабак өтүп турам.

— Мунун баарына кантип жетишесиз?

— Адамдын жашы өткөн сайын эс-тутум да начарлайт экен. Пландарымды 2-3 айлык кылып түзүп алып, ошого жараша иш кылам. Ал эми КТРКда иштеп келе жатканыма 32 жыл болду. Көп долбоорлорду, берүүлөрдү жараттык. Учурда "Кыз-жигит. Сармерден" долбоорунун автору, режиссеру, уюштуруучусумун. Эң эле мактана турган ишим азыр залкар адамдар бейнесин тартып жатам.

— "Бейне" долбоорун айтып жатасыз го?

Кыргызстанская актриса и модель Мээрим Атантаева - Sputnik Кыргызстан
Мээрим Атантаева: жүдөө кыздар модель боло албайт
— Ооба. "Бейне" —  тарыхта калып, алтын фондуда сактала турган берүү. Чыныгы элдик таланттарды, Эл артисттерин, наам ала элек, бирок көпчүлүктүн көңүлүндөгү залкар адамдардын баарын чекесинен видеого түшүрүп жатабыз. Анткени баары түбөлүктүү эмес экен да. Жаш муун кандай ырчылар болгонун кийин билиши керек. Убагында бул долбоорду атактуу инсан, экс-депутат, режиссер Дооронбек Садырбаев тартып баштап, бирок аягына чыкпай калган. Мен аны улантып жатам. Биз аларды студиядан эле тартып тим болбой жаратылышка, көл жээгине алып барып тартабыз.

— Сиздин эмгектериңизди, анын ичинде клиптер да бар, байкасак көбү жаратылыш койнунда тартылган. Азыр заманбап студиялар чыкты, жаныңызды кыйнабай ошол жердер эле эмнеге тартпайсыз?

— Ооба, мени кээ бирлери "Сагын эже тоолорго же токойго же көлгө алып барып эле тарта берет" деп айтышат. Бирок мен "Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышынан өткөн мыкты фон барбы?" деп айтаар элем. Азыр эс алууда болсом да "Бейне" берүүсүнө эки-үч ырчыны алып барып Ысык-Көлдөн тартып келдик. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовСагын Ниязалиева: жакшы көргөн жумушуң болсо чарчаганыңды билбейсиң. Оюн-зоок программаларды, видеоклип, концерттерди көп тарткандыктан, кээде күн-түн дебей иштеп калабыз
Режиссер ОТРК Сагын Ниязалиева - Sputnik Кыргызстан
Сагын Ниязалиева: жакшы көргөн жумушуң болсо чарчаганыңды билбейсиң. Оюн-зоок программаларды, видеоклип, концерттерди көп тарткандыктан, кээде күн-түн дебей иштеп калабыз

— Режиссерлук кесип оор, өзгөчө аялдар үчүн кыйын. Бул кесипти кандайча аркалап калдыңыз?

Кыргызстандын эл артисти, аткаруучу Зейнеп Шакеева - Sputnik Кыргызстан
Зейнеп Шакеева: менин бактыма Түгөлбай акжолтой болду окшойт
— Мектеп жашымдан эле чыгармачылыкка аралашкам. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалуу театрда — профессионал сахнада үч чоң спектаклге катышкам. Ошондо өзүмдү "жылдыз" сезип, сөзсүз актриса болом дечүмүн. Окууну бүтүп шаарга келсем, Бишкекте артисттин окуусу жок экен. Чет жакка барып окуганга шарт жок, анан режиссерлук жагына тапшырып алдым. Ал кезде окууга өтүш да абдан кыйын эле, бирок багыма ушул кесип буйруптур. Мыкты мугалимдерден сабак алдык. Ал жакты жыйынтыктаган соң мамлекеттик практикага теле жаатына барууну сунуштап, төрт кыз ушул КТРКда иштеп калдык. Андан бери 32 жыл өттү. "Дарак бир жерден көгөрөт деген" принцип менен ушул жерде иштеп келе жатам. Анын үстүнө телевидение саздай эле, бир кирсең андан кайра чыга албай каласың. Бул жак менин экинчи эмес, биринчи үйүм болуп калды.

— Актриса болгум келчү деп айтып калдыңыз. Кыялыңызды орундатып көрүүнү ойлогон жок белеңиз?

— Мындан төрт-беш жыл мурда тартылган "Асел" деген фильмге эпизоддук каарман болгом. Карасам, жакшы эле ойноптурмун. Бирок ал жагына аябай деле берилип кеткен жокмун. Чоң сахнага чыгып, спектаклде ойногум келип жүрөт. Анан да "Учур" телетеатры менен спектакль койсом деген план бар. Бирок ал үчүн демөөрчү керек.

— Кечке жумушта жүрөм деп калдыңыз. Үй-бүлөңүз деле буга көнүп калса керек?

— Ооба, үй-бүлөм абдан түшүнүктүү. Аларга убакыт бөлгөнгө аракет кылам, бирок көбүнчө жумушта болуп калам. Кызымды кичинекей кезинде телевидениеге күндө алып келе берип тажатыптырмын, азыр бул жакты көргүсү жок. Жумушумдун кандай экенин түшүнүшөт. Убактым болгондо неберелерим менен жыргап эс алып алам.

— Унутулуп бара жаткандарды жандантып, "Кыз-жигит. Сармерден" долбоорун баштадыңыз. Идея кайдан келди, элге мынчалык алынып кетет деп ойлодуңуз беле?

— Бир кездерде депутаттар фонаграмманы жоюу керек деп ызылдап жатып калды. "Эмне кылыш керек" десек "ырчылар жандуу ырдаган долбоор жасагыла" деп калышты. Анан мен "филармониянын ырчыларынын баары эле жандуу ырдайт" деп жетечиликке "анда кыз-жигит, сармерден оюнун уштуралы" деп сунуштадым. Алар да, филармониянын артисттери да кош колдоп биринчи берүүнү даярдадык. Биз ойлогондон да сонун болуп, берүү бир дубль менен тартылды. Экинчи берүүнү тартсак, аны 2-3 миллион адам, ал тургай шаардык "киргиздер" да көрө баштады. Ошентип долбоор популярдуу болуп, азыр бала бакчадан тарта окуу жай, министрликтерге чейин бул оюнду өздөрүнүн деңгээлинде ойноп калышты. Мен жөн гана унутта калган уюткуну ойготуп койдум. Бул долбоордун популярдуу болушунун дагы бир себеби — элибиз дал ушул ыр, бий, макал-лакап, жаңылмач, айтыш деген нерселерге суусап калган. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовСагын Ниязалиева: "Дарак бир жерден көгөрөт деген" принцип менен КТРКда иштеп келе жатам. Анын үстүнө телевидение саздай эле, бир кирсең андан кайра чыга албай каласың. Бул жак менин экинчи эмес, биринчи үйүм болуп калды
Режиссер ОТРК Сагын Ниязалиева - Sputnik Кыргызстан
Сагын Ниязалиева: "Дарак бир жерден көгөрөт деген" принцип менен КТРКда иштеп келе жатам. Анын үстүнө телевидение саздай эле, бир кирсең андан кайра чыга албай каласың. Бул жак менин экинчи эмес, биринчи үйүм болуп калды

— Кандай берүү болбосун алып баруучу да көп нерсени чечет. Сармердендин көркүн шайыр жеңе менен эрке бала да ачып кетти окшойт. Аларды кайдан, кантип тандап алдыңыз?

— Бул эң биринчи маселе. Анткени сахнанын ээси ошолор болот да. Талант Карагулов, Гүлзат Батырканова, Гүлбүбү Ороскул кызы булар жүздөн бир адамдар. Адамдын тили так, тубаса таланты болбосо аны канча үйрөтсөң да окшошпойт. Талантты мен эки-үч жерден тамадалык кызмат кылып жүргөндө көрүп калып, тили так, дээринде бар экен деп сунуштабай эле "болосуң" деп алып келгем. Ал эми Гүлзат кичинекейинен эле чыгармачылыкка аралашкан, залкар адамдар менен иштешкен, талантуу адамдардын кызы болчу. Булардын баарын эске алып туруп экөөнө сахнанын тизгинин карматтым. Долбоорду мен гана гүлдөтүп жибердим дегенден алысмын. Анткени долбоордун ушунча популярдуу болушуна ушул эки алып баруучунун да эмгеги чоң.

— Гүлзат Батырканованы  жоготкондо "Сармерден" токтоп калчудай сезилди эле…

Музыкант, народный артист КР Курмангазы Азыкбаев - Sputnik Кыргызстан
Курмангазы Азыкбаев: үч жыл күттүргөн аспаптан үн чыкканда үч саат ыйладым
— Албетте, биз Гүлзат менен көп долбоорду өткөрүп жибердик. Алып баруучу тың болсо, кыйналбайсың. Гүлзат да айттырбай сүйлөгөн, ар тараптуу, кыргыз үчүн жаралган кыз эле. Тагдыр экен, арабыздан шум ажал алып кеткенде абдан жаман болдук. Бүтүндөй кыргыз эли жаман болуп, мага тынбай телефон чалып көңүл айтышты. Ал эми Шахра эженин абалын айтпай эле коеюн, көрсөң, сөөгүң какшайт. Бирок маңдайга жазылган жазмыштан эч кайда качып кете албайт экенсиң. Кыргыздын уучу кур эмес, Гүлзаттын орду дагы бир кыздын бактысына тургандыр дедик. Ал эми Гүлбүбүнү анын өзгөчө сулуулугу, үнү, баскан-турганы, таланты үчүн алып баруучулукка тандап алдык. Гүлзат башка жагынан таланттуу болсо, Гүлбүбү башка жагынан жөндөмдүү. Гүлбүбү башында сахнага чыкканда аябай толкунданып "сүйлөйүн десем Гүлзат эже көз алдыма келип жатат" деп жатты. Бирок кыргыздын салтын кылып, коюн союп, Шахра эжени чакырып алдынан өтүп, куран окутуп, "мага ишеним көрсөтүп жатат, уруксат бериңиз" деп ырымын жасап, анан Гүлзаттын ордуна отурду. Анан айрымдары "аттиң Гүлзат башкача алып барчу эле" баш чайкап чыгышты. Экөө эки башка талант. Бардык адам алып баруучу боло албайт. Мен Гүлбүбүнү баалаган үчүн бул орунга алып келдим. Менин суранычымды четке какпай, макул болуп келгенине ыраазымын.

— Оюнда кыздар-балдар айтышып жатып бири-бирин чукулашып да кетет го. Анын артынан урушуп кеткендер болбойбу?

— Оюнга берилип кеткендер бири-бирине сөз менен тамашалашып тийишип, катуу тирешет. Макал-лакап, табышмак менен жарышат. Ортого чыга калып бийлеп жиберишет. Бирок урушуп кеткендер болгон эмес.

— Сармерденде башында профессионал ырчы-чоорчулар жарышса, азыр аймактардан келип жатышат. Оюндан дагы кандай жаңылануу, өзгөчөлүк күтсөк болот?

— Азыр райондордун баары катышып бүтө элек, учурда Кыргызстандын жарымына эле жеттик. Дагы эки жылдай тартабыз. Албетте, жакын арада аны өнүктүрүп-өстүрөлү деп жатабыз. Буюрса, жакында Кытайга барып, ал жактагы этникалык кыргыздар арасында да сармерден уюштурсак деген тилегибиз бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0