Көлдүн Тосор айылында Жанек баатырдын 200 жылдыгы белгиленет

Жазылуу
Бугунун Желдең уруусунан чыккан Эр Жанек 1816-1892-жылдары жашап, Ысык-Көлдүн тескейин байырлаган

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 26-августунда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында Эр Жанек баатырдын 200 жылдыгы белгилене турганын уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, мааракенин алкагында Жанек баатырдын күмбөзүнүн салтанаттуу ачылышы, ат оюндары, акындардын айтышы өтөт. Мындан тышкары, иш-чараны утурлай 23-августтан баштап "Манас" айтуу өтөрүн, ага манасчылардын басымдуу бөлүгү катышарын "Саякбай манасчы" эл аралык фондусунан кабарлашты.

"Тойдун негизги максаты — коомчулукка, өзгөчө өсүп келе жаткан муунга кыргыз элинин нак тарыхын жеткирүү. Салтанат театрлаштырылган оюн-зоок менен коштолуп, тойго келгендер кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө күбө боло алышат", — деп айтылат уюштуруучулар тараткан билдирүүдө.

Бугунун Желдең уруусунан чыккан Эр Жанек 1816-1892-жылдары жашап, Ысык-Көлдүн тескейин байырлаган. Эл оозунда жана кыргыз санжырасында Желдең Жанек деген ат менен да белгилүү. Эли-жерин бөтөн кишиге бастырбаган баатыр болгону айтылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0