Бишкек шаарында "Мото айым" тандалат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүМосковский международный автомобильный салон 2014
Московский международный автомобильный салон 2014 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка 100гө чукул кыз-келиндердин катышуусу пландалууда

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында "Мото айым — 2017" сынагы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Международный фестиваль плова Дружба народов Азии в Оше - Sputnik Кыргызстан
Ошто эң даамдуу палоо баскан эки ашпозчу тандалды
Маалыматка ылайык, иш-чара 2-сентябрь күнү "Перцы" мото барында өткөнү жатат.

Сынак үч этаптан турат. Алгач катышуучулардын жол эрежеси боюнча билими текшерилсе, экинчи этапта айымдар мотоциклди канчалык мыкты башкарарын көрсөтүп беришет. Ал эми үчүнчү этапта сулуулардын мотоцикл менен түшкөн сүрөтү добуш берүүгө коюлат.

Азырынча сынакка 100гө чукул кыз-келиндердин катышуусу пландалууда. Алдыңкы орундарды алгандарга баалуу белектер ыйгарылып, биринчи орунду камсыздаган катышуучуга мотоцикл тапшырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0